Айбат » Жаныш Кулманбетов, кинорежиссер: «Ош шаары жеке Мырзакматовдуку эмес»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жаныш Кулманбетов, кинорежиссер: «Ош шаары жеке Мырзакматовдуку эмес»

Кулманбетов Жаныш- Жаныш мырза, Акматбек Келдибековду бошотуу талабы менен Ош шаарында болуп өткөн митингде мэрдин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов: «Мен Ош шаарынын кожоюнумун, Ош меники, митингди каалагандай өткөрө бергиле» деп билдирди. Мырзакматовдун бул билдирүүсүнө кандай пикирде калдыңыз?

– Эгерде Мырзакматов ошондой билдирүү жасаган болсо, анда ал расмий бийликтин бир бутагында отурган адамдын этикасына сыйбайт. Мындай дебеш керек эле. «Митингди каалаганыңардай өткөрө бергиле» дегени да туура эмес. Албетте, митингди өткөрүүгө жолтоо болбосун, уруксат берсин. Бирок, чыгып алып өзү да кошо элди үндөбөш керек. Анткени ал өзү да жогоруда айткандай расмий бийликтин бир өкүлү. Азыркы күндө биз анархияны көздөй кетип бараткандайбыз. Балким мына ушунун да таасири болушу мүмкүн. Ал эми Ош шаары бул Кыргызстандын бир бөлүгү. Ал бир адамдын конкреттүү менчиги эмес. Ош – элдики.

- Ошол эле митингде Ош шаардык кеңешинин депутаты, «Улуттар биримдиги» партиясынын мүчөсү Атазов дегендин «Келдибековду эки саатта бошотушпаса, радикалдуу кадамдарга барабыз» дегенин кандай кабылдадыңыз? Муну менен Мырзакматов алдыдагы мэрлик кызматка шайлоодо элге жагынуу аракетин көрүп жатат деген пикирлер да арбын?

– Туура, ошондой да болушу мүмкүн. Анткени убада канчалык мол, эмоционалдуу жана кырдаалга жараша болсо, электораты ошончолук тартууга жардам берет. Ал эми эки саатта бошотшпаса, радикалдуу кадамдарга барабыз дегендери, демек төңкөрүш жасайбыз дегендей эле түшүнүк. Бирок бүгүнкү күндө андай кырдаал жок. Ишке аша турган нерсе эмес.

Мухамет кызы Шахриза

Айбат гезити №56




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru