Айбат » Келдибековдун жубайы байлыктарын чача баштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Келдибековдун жубайы байлыктарын чача баштады

Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат

(Кыргыз эл макалы)

Келдибеков АхматбекКыргызстандын аймагында кыргыз элинин байлыгын жеке өзүнүн байлыгындай менчигине басып, каалаган жагынан кулак чыгарып көнүп калгандарга коррупцияга каршы аёосуз күрөш таптакыр жакпай туру. Буга чейинки жылдардагы «ичкен-жегендерин» жакшылап сиңирип кетүү үчүн, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн жармач патриоттор мамлекетибизди жардан алыс түртүп жиберүүгө да даяр турушат.

 Кечээ күнү эле Ош шаарында коррупцияга шектелип кармалган Акматбек Келдибековдун тарапташтары митинг өткөрүп, облустук администрацияны басып алууга да аракет жасашты. Айрым мурдунун учунан алысты көрө албаган, согушту оюндай көргөн жарандарыбыз «согуш ачабыз», «радикалдуу кадамдарга барабыз» деген да билдирүүлөөрүн жасап үлгүрүштү. Кыязы муну айтып жаткандар чоң ата сакалы ээгине чыгып калса дагы, согуш деген кандай мүшкүл, азап-тозок, кайгы-муң, жоготуу экендигин билбейт өңдөнөт. Андыктан согуштун кандай экенин билген аксакалдар: «Ылайым ушуну айтып жаткан адамдын өзүнүн башына гана согуш түшсүн, өлкөбүзгө анын сөзүнүн кесепети тийбесин» деп турушат. Мына ушундай өлкөбүздү аңтар-теңтер кылууга үндөгөн билдирүүлөр жөндөн жөн эле чыгып жатпагандыгын жалпы коомчулук түшүнүп эле турган. Акыркы мезгилдерде адатка айлангандай митинг-пикеттердин артында кайсы бир саясый күчтөрдүн тураары, ири суммадагы акча каражаттары менен каржылагандар болору белгилүү эле.

Бул жолу Келдибековду коргоого чыккан жарандардын катуу айткан билдирүүлөрү да «бекерге» айтылбаган сөз экендиги ачыкталды.  «Вести.kg» сайтынын маалыматы боюнча, ага өз атын атагысы келбеген укук коргоочу Келдибековду коргоого чыккан митингчилерди анын жубайы Аида Токтоматова каржылап жатканын жана алдыдагы түзгөн пландарын ашкерелеп айтып берген. Токтоматова жыйырма жылдан ашуун элдин эсебинен жыйнаган байлыктарын күйөөсүн бошотуп алуу үчүн кызмат кылып бере турган элге чачууга билек түрүнө киришиптир. Ал мунусу менен «мен баарыңарды тизелетем» деген сөзүнүн аягына чыккысы келип жаткандай. Өз атын атагысы келбеген укук коргоочунун берген маалыматы боюнча өткөн жумада «Ата-Журт» фракциясынын депутаттары Жылдыз Жолдошова жана Улукбек Кочкоров менен болгон жолугушууда «Солто» деп аталган коомдук бирикменин лидери, эч кимге белгисиз Эркин Тентишев келип, ага Аида Токтоматова кайрылып Бишкекте каршылык акциясын өткөрүп берүүгө жардам берүүсүн сурангандыгын билдирген. Аида айым «Түштүк аймагында адамдар массалык митинге чыгууга жана жолду тосууга, административдик имараттарды басып алууга даяр турушат» деп билдирген экен. Ошондой эле анын жардамы үчүн сураган акчасын бере тургандыгын да айткан. Мына ушунун негизинде Ош шаарында кечээ күнү «радикалдуу кадамдарга барабыз» деген кыйкырыктар менен коштолгон митинг болуп өттү. Аны Бакиевдин убагында Башкы прокурордун орун басары болуп турган Абибулла Абдугапаров жетектегендиги малым болду. Ал эми алардын мындан аркы кадамдары кандай болору тууралуу дагы аталган сайт маалымат берген.

Мындан ары күч органдарынын күчүн жоготуп, аларды бөлүп-жаруу максатында эми  митингдерди жер-жерлерде өткөрүү планын иштеп чыгышкан. Маселен, Алай, Кара-Кулжа, Ноокат жана Өзгөн райондорунда. Өзгөн районундагы митингди уюштуруу милдети «АкЖол» парптиясынын экс-депутаты Улугбек Ормонов жана «атажуртчу» депутат Жыргалбек Саматовго жүктөлүптүр. Ноокен районундагы митингди райкеңештин мурдагы башчысы Абдываитов менен эл өкүлү Надира Нарматова уюштура турган болгон. Мындан сырткары өлкөнүн түндүк тарабынан дагы жардам алуу максатында Ысык-Көлдүн Саруу айылынын элин колдонууну пландап жатышат экен. Саруулуктар менен Келдибековдун жактоочуларын бириктирүү милдети «Чындык» партиясынын лидери Кубанычбек Кадыровго жүктөлүптүр. Кадыров Токтоматовадан алган акчаларды саруулук активисттерге берип жибергенге да үлгүргөн экен. Ал акчаны алган активисттер эмитеден эле «Митингге чыкпасаңар үйүңөрдү өрттөйбүз» деп Саруу айылынын элинин төбө чачын тик тургузуп, митингге чыгууга үндөп башташыптыр. Ошондой эле бүгүнкү күндө кызматтан куру калышып, ич күйдүлүктөн оппозиция болуп жүргөндөр – Мукар Чолпонбаев, Турсунбек Акун, Өмүрбек Суваналиев, Бөлөкбаев, Мырзаев өңдүү саясатчыларды да жардамга чакырышкан.

Айтор Келдибековдун аялы элдин сыздатып тапкан акчаларына кайрадан элди сыздата турган, өлкөбүзгө коопсуздук жарата турган жагдайды түзүүгө билек түрүнө киришиптир. Кыргызстанды Кудай өзү сактасын. Кыргыз эли ошон үчүн илгертеден «Аял жакшы эр жакшы» деп айтып келген. Аялың жаман болсо, күйөөсүн биротоло эл душманы кылып жок кылат окшойт.

Айбат гезити №56




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru