Айбат » 500 миң доллар менен Кыргызстанды көңтөрөм деген Бекназаров, Келдибековго илешкен Сыдыков

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » 500 миң доллар менен Кыргызстанды көңтөрөм деген Бекназаров, Келдибековго илешкен Сыдыков

Бекназаров АзимбекСоциалдык фондду жетектеген кезинде кары-картаңдардын, ымыркайлардын акчасын «жегени» айгинеленип, түрмөдө отурган Акматбек Келдибеков кандай гана жол менен болбосун боштондукка чыгууну көздөгөндөй. Жакын туугандары, жердештерин көкүтүп унаа жолдорун буудуруп, Ош облустук имаратын басып алууга аракет жасады. Ал турсун, жердештерин маалымат жыйынында: «Эгер Келдибековду бошотпосоңор согуш жарыялайбыз» деп сүйлөттүрдү. Керт башынын кызыкчылыгын ойлогон Келдибеков мындай аракетин токтотпой улантууда.

Мисалы, «ата журтчунун» жубайы Аида Токтоматова 25-ноябрда А.Келдибековду коргоо комитенин өкүлдөрү менен жашыруун жолугушту. Жолугушууда Ош, Жалал-Абад облустары, Бишкек шаарында үлкөн митинг өткөрүү жана аны каржылоо маселеси талкууланыптыр. Анын натыйжасында Келдибековду үй камагына чыгарышат экен. Бул максатта Арзыгүл Чолпонбаева борбор калаадагы чакан кредиттик компаниялардан карыз алгандарды митингге чыгууга үндөп, алардын ар бирине 500-1000 сомдун тегерегинде «ыраазычылык» берүүгө убада кылыптыр. Ошон үчүн, жакынкы аралыкта кредиторлор дагы: «Акматбек Келдибеков бошотулсун!» деп Ак үйдүн дал тушунда айкырып калса таң калбай эле койгонубуз оң.

Ар кандай ызы-чуу, революциянын арты менен акча жасагандын мастери Азимбек Бекназаров А.Келдибековдун адвокаты болуп чыга келди. Эми ал: «Мага 500 миң доллар берсеңер Кыргызстанды калчап салам. Бийликти түбүнөн омкором» дегендей Келдибековдун туугандарынын кулагын ушалаганы жалганбы? Ой-тобо, эмне Бекназаров 500 миң доллар үчүн Кыргызстанды талкалап салуудан да кайра тартпай калганбы? Баса, А.Келдибековду коргогучтардын катарына кадимки Үсөн Сыдыков да кошулганы каңкууланууда. Үсөн аке 2010-жылы майда контрреволюция жасай коем деп шарттуу түрдө кесилгени маалым. Анын «согуш жарыяламакчы» болгон Келдибековдун тарапташтарына кошулганына караганда, 500 миң доллар үчүн мамлекетти ала салдыруудан кайра тартпаган Бекназаров түрүнө караганда бул саясый топтун жаалы күчтүүдөй.

«Уккан кулакта жазык жок» дейт кыргызда. Анын сыңарындай, айрым карөзгөй саясый топтор Кыргызстанды экиге бөлүп, Түштүктө өзүнчө республика түзүү планын иштеп чыккан имиш. Албетте, мунун аныктыгына кепилдик бере албайбыз. Бирок, мындай ойдо жүргөндөрдөн кудай өзү сактасын дейли. Азганактай болгон мамлекетибизди бөлүп-жарып, Кыргызстаныбызды талкалап алуудан майнап чыкпайт, андайга акылман элибиз дагы жол бербейт. Ошон үчүн, мындай максатты көздөгөндөр «эси барда этегин жыйып», ал ойлорунан кайтканы оң. Кайтышпаса карапайым калк өзү эле аларды жазалап коёт.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №56




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru