Айбат » «Кумтөр» экологияны бузуп жатат дегендер – авантюристтер

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экология » «Кумтөр» экологияны бузуп жатат дегендер – авантюристтер

КумтөрУчурдагы Кыргыз өкмөтү «Центерра» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, буга чейинки түзүлгөн Меморандумду дагы-да жакшыртуу боюнча эксперттердин жыйынтыгы чыгып жаткандыгы малым болуп отурат. Ырасын айтканда буга чейинки эки тараптуу макулдашууга ээ болгон биргелешкен ишкана түзүү тууралуу Меморандум дагы Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келе тургандай болчу. Тилекке каршы амбициялары аттын башындай болгон, мамлекеттин кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын жогору койгондор өкмөттү ур-тепкиге алып жатып, аталган Меморандумду кайра аркага жөнөткөн. Бүгүнкү бийликти жектеп, эптеп эле анын ордун басууну көздөп тургандар араларына айрым экологдорду кошуп алышып, ««Кумтөр» экологиябызга өтө чоң жоготууларды алып келүүдө, катастрофа болуп атат» дешип кыйкырык салып келишти. «Биз «Центерраны» эл аралык сотко берсек дагы, утуп алып, компенсация төлөтүп алабыз» дегендери бар. Мунун бардыгы курулай кыйкырык экендигин, алардын азыркыдай кыйкырыктары эл аралык сотто шоона эшпей каларын эч кимиси түшүнбөй жатышкандай. Эл аралык сот бул Кыргызстандын соттору эмес. Аларды биздин соттордой кылып, бут кийим, желим бөтөлкөлөр менен уруп коркута албайбыз. Же болбсо, колуна акча карматып, «Биздин пайдабызга чечип» бер дегенге да болбойт. Ал жакта бардыгы мыйзамдын чегинде чечилет. Ал эми мыйзам боюнча алып караганда «Кумтөр» экологияга орду толгус жоготуу алып келүүдө деген кептер эч нерсеге арзыбай калат. Анткени булл багытта бир топ эл аралык компаниялар, эксперттер иш жүргүзүп, анализдешип, олуттуу зыян алып келүүлөрдү табышкан жок. Ошол эле учурда өзүбүздүн өлкөнүн дасыккан экологу Эмил Шүкүров дагы «Кумтөр» Кыргызстандын экологиясына олуттуу зыян тийгизген жок деп эсептейт. ««Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгүнөн улам айлана-чөйрөгө тийип жаткан таасирлер шаардык ТЕЦ менен мамлекеттик «Макмал алтын» комбинатынын ишмердүүлүгүнөн айлана-чөйрөгө тийип жаткан терс таасирлердин алдында шоона эшпей калат. Тактап айтканда бул экөөнүн айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасиринен «Кумтөрдүн» таасири он эсе аз. Андыктан «Кумтөр» экологияга терс таасирин тийгизип жатат» дегендердин негизги максаты экология эмес, жеке кызыкчылык болуп атат. Мына ушулардын айтканы менен болуп эл аралык сотко бара турган болсок, анда Кыргызстандын утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү жок. Тескерисинче бардык багыттарда утулуп, «Центеррага» 10 миллиард долларга чейин компенсация төлөп калышыбыз мүмкүн. Бул акчаны албетте кыйкырып аткан депутаттар, же саясатчылар төлөбөйт. Аны биз карапайым адамдар, мамлекет төлөп калат. Андыктан бул айрым саясатчылардын авнт юралык кадамы деп эсептейм», – дейт Эмил Шүкүров. Чындыгында эле «Кумтөр» маселесине учурда күйүп-бышыпр жаткандай түр көрсөткөндөрдүн көпчүлүгү убагында булл маселеге таптакыр кайдыгер карагандар болууда. Жадакалса 2003-2009-жылкы келишимдер кабыл алынып жатканда «а» деп оозун ачып койбогондор дагы бүгүн буркан-шаркан түшүшүүдө. Алар айткандай «Кумтөрдү» оңой эле улутташтырып, же келишимди денонсациялап жибергендей «Центерра» жеке менчик компания эмес. Бул башкаруучу компания болуп эсептелет. Ал эми анын курамында ар кайсы өлкөлөрдүн акционерлери бар. Анан алардын укугун эске албастан, өзүм билемдик кылып, «Кумтөрдү» бөлүп алабыз десек, акционерлердин таландысында калабыз. Бир эле «Центерра» менен эмес, ондогон акционерлер менен соттошуп калабыз. Бул биздин эгемен, жаңыдан гана өнүгүү жолуна там-туң баскан баладай болуп түшүп калган мамлекетибиз үчүн өтө чоң жоготууларды алып келет. Эгерде азыркыдан көп үлүшкө ээ болууну кааласак, анда дагы акцияларды сатып алууга туура келет. Ал эми анны сатып алуу өтө чоң каражатты талап кылат. Андыктан бүтүн турган нерсени бүлүндүрүп, бюджетибизди толтуруп турган ишкананы, чыгым алып келе турган ишканага айланткысы келгендер деги кимдер деген суроо туулат? Кыргызстандын патриоттору деп айта алабызбы? Айта албайбыз. Тескерисинче өз өлкөсүн сазга тыгып жаткандар, катуу айта турган болсок, өз өлкөсүнүн душмандары болуп калбайбы?..

Айбат гезити №56



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru