Айбат » “Шпион” Равшан Жээнбеков ким менен жолугушуп жүрөт?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Шпион” Равшан Жээнбеков ким менен жолугушуп жүрөт?

Адамдын маймылга эң окшош жери – өргө тырмышкан сайын көчүгү көрүнөт

(Френсис Бекон (1561-1626) англис философу)

“Атың чыкпаса жер өрттө” макалы эркин депутат Равшан Жээнбековдун бейнесине куп жарашат. Туңгуч ханайым Майрам Акаеванын этегине эрмешип жүрүп бутуна турган бул жигит саясатка аттанган күндөн тартып “сатмайды” мыкты өздөштүрүп алыптыр.

Жээнбеков РавшанМисалы, ал өзүн адам кылып, мамлекеттик мүлк фондунун төрагалыгына чейин жеткирген Аскар Акаевди ара жолго таштап, 2005-жылдагы март ыңкылабынын алдында Курманбек Бакиевдин командасына кошулуп кетти. Бул Жээнбековдун “саткынчылыгынын” алгачкы кадамы деп туруңуз.

КурСалиевичтин арты менен элчилик кызматты аркалап, бизнесин гүлдөткөн Жээнбеков “ойт” бермейлигин дагы карматты. Бир кездеги былык иштери четинен чубала баштаганда “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин жылуу колтугуна кире качып, АКШда күн кечирди. Бакиевдин доорунда өз мекенине келүүгө жүрөгү даабай, алыстан “айбат” көрсөтүмүш этти. Ошол учурда оппозиция лидерлерине кысым күчөп, айрым журналисттер сабалып, качканы качып, качпаганы бычакталып жаткан мезгил эле. Качан гана апрель революциясы жүз бергенде Равшан мырзанын карааны пайда болду.

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо “Ата мекендин” атынан мандат алып, саясый аренага кайтып келди. Арадан бир жыл убакыт өтүп-өтпөй партия лидери болмокчумун деген куйту саясатын жүргүзүп, “ата мекенчилерди” ичинен ирите баштаганда Текебаев “эки тизгин, бир чылбырды” колдон чыгарбай, тигинин “жинин” какты. Партиядан “кубалап” чыкты. Эркин депутат болуп жүргөнүнүн кыскача тарыхы ошондон.

Кыргыз бийлигинин коррупцияга каршы аёосуз күрөш жарыялап, “киттердин” темир торго тыгылышы Р.Жээнбековго окшогон “куйту” саясатчылардын жүрөгүн оозуна түшүрүүдө. Мындан улам, оппозиционер болумуш этип, ар кыл маселелерге башын тыгууда.

Атап айтканда, убагында пансионат, бала бакчаларды дүңүнөн менчиктештирип, “Кумтөр” боюнча 2003-жылкы келишимге тиешеси бардыгы билингенден бери “буту күйгөн тооктой” чуркап, өзүн актоо аракетин көрүүдө. Коррупцияны ооздуктоо укуругу өзүнө жетерин туйганбы, айтор, жакынкы убактан бери “төңкөрүш” идеясын көтөрө баштады. Ал турсун, Саруу айылындагы жаштарды мыйзамсыз митингдерге үндөгөнүн өзү деле мойнуна алганы маалым.

Равшан Бабырбековичтин “сатмай” өнөкөтү кайрадан козголгондой. Дегенибиз, ал жакында АКШнын биздеги элчиси Памела Спратлен менен жашыруун жолугушуп, өлкөдөгү саясый кырдаалды талкуулап, оппозициянын абалына кеңири токтолгонун маалымат агенттиктердин бири жазды. Ошол жолугушууда үлкөн митингдерди уюштуруу демилгеси көтөрүлгөнү жалганбы? Мунун арты башаламандыкты камсыздабайбы?

Ал эми көзкарандысыз эксперттер Вашингтон базаны калтыруу үчүн кыргыз бийлигине кысым көрсөтүп, кезектеги “төңкөрүш” менен коркутуудан да кайра тартпастыгын билдиришүүдө. А кезектеги “төңкөрүш” Кыргызстандын жоголушун шарттаарын эстен чыгарбайлы. Муну Р.Жээнбеков сопсонун билет. Ошого карабай өз мамлекетине карасанатайлыкты тилеп, “төңкөрүштү” эңсегени – “саткынчылык” эмеспи?

“Эсиң барда этегиңди жап” дейт кыргызда. Анын сыңарындай, эркин депутат, Батыштын “уулу” эртең кеч боло электе акылына келгени оң. Себеби саясат таануучу Марс Сариев айтмакчы, Американын мурдагыдай оппозицияны колдонуп, бийликти алмаштыруу тактикасы эчак эскирген, элдин аң-сезими өзгөрүлгөн. Ал эми Жээнбековго окшогон саясатчылар мыйзамсыз иштерди жасап коюп, четке чыга берчү заман өткөнүн унутпайлы. Алар жазага тартылары калетсиз. Же Жээнбеков АКШдагы жашоосун эңсеп калганбы?

Айбат гезити №56



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru