Айбат » Коррупционерге эч кандай кечирим жок

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Коррупционерге эч кандай кечирим жок

Эгемендик алгандан берки жыйырма жыл карапайым кыргыз элинин жашоосун күндөн-күнгө жакырчылыкка батырып, мамлекетибиз чет мамлекеттерге белчесинен карызга батып келгени менен ошол эле учурда кабат-кабат хан сарай, катар-катар машине, казино, ресторан, коттедж, деги койчу түркүн байлыктарга ээлик кылган мультимиллдионерлерди да пайда кылды.

КоррупцияЫрас, эгемендиктин шарапаты менен рынок экономикасы деген түшүнүк кирип, аны союздун системасына өзгөчө көнүп калгандар түшүнүп-түшүнгөнчө, дээринде бар айрым адамдар бизнестин ичегисине кан куюп, ак мээнети менен да байышты. Бирок, өмүр бою мамлекеттик кызматты аркалап жүрүп эле ошол бизнесмендерден ашса ашкан, асты кем калбаган байлыкты топтогондорго түшүнүү кыйын. Албетте, кантип байыганы бешиктеги балага деле түшүнүктүү. Бирок, эл аны ишеним менен жогорку бийлик кызматтарына көрсөтүп жатса, ал элдин ырыскысына кол салып, жеке өзүнүн көмөчүнө гана күл тартып жатканын түшүнүү кыйын.

Өлкөбүздүн туңгуч президенти Аскар Акаевдин доорунда тамыр алып баштаган бул коррупция, Бакиевдин доорунда ого беш бетер күч алып, ачык эле тайраңдап калганын билебиз. Мына ушундай коррупциянын тамырына балта чабуу максатында КР президенти Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы айыгышкан күрөшүн баштаган. Анын биринчи этабы жыйынтыкталып, учурда экинчи этабы жүрүүдө. Тилекке каршы, дагы деле эскиче көз карашта калыптанган, коррупция менен коюн-колтук алышып иштеп көнүп калгандар президенттин бул аракетине терс пикирлерин, терс аракеттерин жасоо менен алек болуп келишет. Маселен, коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабын ачкан Акматбек Келдибековдун камалышы шылтоо таппай араң турган оппозициячыл саясатчыларга жан киргизгендей эле болду. Мурда Келдибековду жактырбагандары да, аны көрүнгөн жерде «жеткен коррупционер» деп жамандап жүргөндөрү дагы, «досум болчу, саткынчы экен» дегендери дагы, бийликтен көчүгү кылтылдап, жылмышып каларын алдын-ала түшүнүп тургандары дагы эптеп эле учурдагы бийликти алсыздандыруу максатында Келдибековду коргоп чыга калышты. Айрымдары «Кыргызстанга согуш ачабыз, радикалдуу кадамдарга барабыз» дегенге чейин барышты. Мына ушундай билдирүүлөргө карата Атамбаев Чүйдөгү жолугушуулардын биринде төмөндөгүдөй пикирин билдирди: «Азыр мени митингдер менен коркуткулары келүүдө. Мен мындай деп айтам: мен үчүн миллиондун тегерегинде адамдар добуш беришкен, азыр да менин тарапташтарым андан азайып кеткен жок деп ишенем. Анан миң, же үч миң, балким  андан да көбүрөөк адамдар мени коркута албайт. Мен кимдир-бирөөлөрдүн мээлөөсүндө жалгыз жүргөн да учурлар болгон. Мен бир гана Кудайдан башка эч кимден коркпойм. Андыктан коррупцияны биз түп-тамырынан жок кылабыз». Ошондой эле президент пенсионерлерди, майыптарды талап-тоноп байып алган адам үчүн аз эле жерден согуш жарыялайбыз дешкендерге карап туруу коркунучтуу жана жүрөгүңдү оорутарын баса белгиледи. «Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, доллар менен миллионер болуу, анын үстүнө мультимиллионер болуу мүмкүн эмес. Каалаган мамлекеттик кызматта иштеген адамдан сурагыла кандай жашап жатканын? Доллар менен миллионер болуу үчүн кайсы жерде иштесең да уурдаш керек болот. Кайсыл жерде начальник болсоң, сен уурдагансың, ошондуктан мультимиллионер болуп отурасың» дейт өлкө башчысы.

Албетте, өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп келе аткан адамдардын жашоо-шарты кандай экендигин абдан жакшы билебиз. Андыктан эч кандай бизнеси жок туруп, мамлекеттик кызматта иштеген мультимиллионер хан сарайда чалкалап жашап жатып, «Мен эч качан мамлекеттин байлыгына тийген эмесмин» деп отурса ким ишенет? Анын «ууру» экендиги кандай жашап жатканынан эле көрүнүп турбайбы? Мындан ашык да аныктама керекпи? Мамлекеттин казынасын өзүнүн чөнтөгүндөй эле көрүп көнүп калгандар үчүн коррупцияга каршы күрөш катуу сокку болуп турат. Айрымдары «бийлик коррупция менен эмес, саясый каршылаштарына күрөш ачып жатат» деп да билдиришти. Бирок, мунун эч кандай чындыкка дал келбестиги, өлкөбүздө чындап эле коррупцияга каршы күрөштүн жүрүп жатканы билинип турат. Буга Бишкек шаарынын экс-мэри Иса Өмүркуловго карата козголгон кылмыш иши аныктай алат. «Мүмкүн мен жакындарымдан, туугандарымдан, тааныштарымдан жана досторумдан айрылып калышым мүмкүн, бирок эч кимге кечирим болбойт. Эгер адам ууру болсо – ал ошонусу үчүн жооп бериши керек. Эгер сен ууру начальник болсоң, анда сен эки эсе  жооп берүүгө тийишсиң» деп билдирген президент Алмазбек Атамбаев кечээ жакында эле Чүй облусундагы эл менен жолугушууда.

Эгер Иса Шейшенкуловичтин президент менен бала чактан берки дос экендигин эске алганда, анда ага эч качан кылмыш иши козголмок эмес. Бирок, президент өзү айткандай коррупция менен күрөшүүдө дос, тууган экенине карабайт. Келерки президенттик шайлоого чейин дагы 4 жыл убакыт бар. Ал эми ушул убакыт аралыгында коррупция менен ийгиликтүү күрөшө ала тургандыгын, бул убакыт жетиштүү экендигин өлкө башчысы билдирип отурат. Демек, коррупцияга каршы күрөш күчүндө. Алмазбек Атамбаев өзүнүн президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин коррупциялык системанын тамырына доо кетирип, анын андан ары өсүшүн токтотуу  натыйжасына жетише алса дагы, бул чоң жыйынтык болуп эсептелет.

Айбат гезити №56



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru