Айбат » Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: Коррупция менен күрөшүү оңой эмес

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: Коррупция менен күрөшүү оңой эмес

Бакетаев Бакыт- Президент Алмазбек Атамбаев кечээ Чүй облусундагы иш сапары учурунда коррупцияга каршы күрөшү катуу болорун дагы бир жолу кайталады. Өлкө башчысы эл алдында сүйлөп жатып, “мен коррупция менен күрөшүүдө балким жакындарымдан, туугандарымдан жана досторумдан ажырап калышым мүмкүн, бирок эч кимге аёо болбойт” деди. А.Атамбаевдин бул сөзүн кандай кабыл алдыңыз?

–  Президент мындан эки жыл мурда эле “мен коррупция менен аёосуз күрөшөм” деп айткан. Өткөн жылы А.Атамбаев ГКНБнын алдындагы АКСти коррупция боюнча “күрөшкүлө” деп уюштурган. Чындыгында, президенттин коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүн бааласак болот. Анын айткандары сөз жүзүндө эле калып калбай, бир катар чиновниктердин камакка алынганын айтсак болот. Атамбаевдин бул сөзүн “керегем сага айтам, келиним сен ук” дегендей түшүнсө болот.

- Өлкө башчысы мындай кадамы менен өзүнүн каршылаштарынын санын арттырбайбы?

– Албетте, мындай көрүнүш орун алат. Коррупция менен күрөшүү оңой эмес да. Мына коррупцияга каршы күрөшүү баштагандан бери Атамбаевди эмне деп сындаган жок. Бирок, мамлекеттин келечеги үчүн ушундай кадамга барган туура болот.

- Ош шаарынын мэринин милдетин аткарып келген Мелис Мырзакматов өкмөт башчынын буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулду. Сиздин оюңузча мэрдин кызматтан кетүүсүнө эмне себеп болду?

– Менин баамымда 2010-жылдан бери Мырзакматов Ош шаарында өзүнчө суверендүү саясат жүргүзүп келген. Мына ушул нерсеге өкмөт башчы чекит койду. Анткени мамлекеттүүлүктө бийликтин вертикалы деген болушу керек. Болбосо мамлекеттүүлүк жоголуп кетет. Бийликтин эки чоң максаты болушу керек. Биринчиси, мамлекеттүүлүктү сактоо, экинчиси социалдык маселелерди чечүү. Менин баамымда Мырзакматов өкмөт менен тыгыз байланышта болбой койду. Ал бардыгын өзүм биллем, өзүм чечемге өтүп алгандай эле.

- Равшан Жээнбеков Мелис Мырзакматовдун кызматтан кетүүсүнөн улам «Кыргызстанда өтө оор саясый кырдаал түзүлүп калды. Президент эми түштүк аймака бара албайт. Революция да болуп кетиши мүмкүн» деп билдириптир. Буга кандай пикирдесиз?

– Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кырдаал абдан жакшы. Сөз эркиндиги деген бар. Оппозиция да каалаганындай иш жүргүзүп атат. Эч ким эч нерсе деген жок. Эч кимдин бир тал чачы түшкөн жок. Бирок, ошол оппозициянын эмне сунуштап жатканын эл түшүнбөй жатат. Эл азыр «Бул оппозиция элге эмне бериши мүмкүн, бийликке келсе мамлекетти оңдоп кете алабы, колунан келеби, конкреттүү кандай иштерди жасай алат?» деген суроолорго жооп ала албай жатышат. Оппозициянын эмне иш кылып жатканы бүдөмүк. Ошондуктан элдин көпчүлүгү аларды түшүнбөй жатат.

- Мырзакматов эми өзүнүн тарапташтарын митинге алып чыгышы мүмкүн экендиги айтылууда. Кызматтан мыйзамдуу алынганы үчүн элди көтөрө бергенге болобу?

– Биздин Конституцияда митинг өткөрүүгө тыюу салынган эмес. Андыктан өткөрө берсин. Бирок, кеп анда эмес. Кеп аны канча киши колдошу мүмкүн деген суроодо. Экинчиден анын өткөрө турган митинги башкаларга жолтоо болбошу керек. Шаардын көпчүлүк тургундары тынч жашагысы келет. Көчөдө ээн-эркин баскысы келет. Ошондуктан аларга тоскоолдук жаратпашы зарыл. Эгерде тоскоолдуктарды жаратып, мыйзамдын чегинен чыккан митингдер менен маселе чечем десе анда бизге Конституциянын эмне кереги бар? Анда Конституцияга «Митингдер менен маселе чечсе болот» деген пункт киргизиш керек.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №56



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru