Айбат » 80 баланын апасы менен маек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » 80 баланын апасы менен маек

Молдогазиева Гүлжан- Гүлжан айым, өзүңүз дарыгер экениңизге карабастан бала бакча ачып, балдарды тарбиялоону тандап алганыңызга эмне себеп болду?

– Өзүм сиз айткандай дарыгер болуп, Чолпон-Ата шаарында төрөт үйүндө ымыркайлар менен көп жыл иштештим. Негизинен өзүм жаш балдарга жакынмын, алардын психологиясын жакшы өздөштүрөм десем жаңылбайм. Кыргызстан эгемендикке жетишкени балдар бакчалары жабылып, жаш балдардын саны өсүп балдар бакчаларга болгон таңкыстык пайда болду. Ал учурда жергиликтүү тургундардын социалдык абалдары төмөн болуп, бала бакча болгон күндө деле кымбат бала бакчага балдарын алып барууга шарттары жок эле. Ошол көйгөйлөрдү эске алып, мен жашаган Ысык-Көл районуна караштуу Корумдуу айылдагы жергиликтүү активист эже-байкелерден кеңеш сурап, бала бакча ачууга белсенип баштадым. Күндөрдүн бир күндөрүндө айылдаш эжекебиз чет элдик грант берүүчүлөргө грант, долбоор жазууну сунуш кылды. Анын сунушун дароо кабыл алып, Кудай жалгап долбоорубуз өтүп кетти. Долбоордун алкагында 1-транш менен бала бакчага китептер келе баштады. Бирок, акча каражаты ана-мына келет деп жатып көп убакыт өттү. Күткөн акчабыз ошол бойдон келбей калды. Ошентип, китептер келгенине эле сүйүнүп ишти баштай берели деп, бала бакчага керектүү эмеректерди карызга алып баштадык. Акчасы келсе эле төлөп беребиз деген максат менен.

1- Бала-бакчанын имараты бар беле же кандай?

– Жок, өзүбүздүн жашап турган үйдү жасалгалап бала бакча кылууну пландаштырганбыз. Үйүбүзгө эмеректерди киргизип, мал-жандыктарыбызды сатып, балдарга керектелүүчү азык-түлүктөрдү алып, ачып, балдар келе баштады. Башында 25 бала келди. Айылдагы тургундардын шартын эске алып арзан баада эле кабыл ала баштадык. Алардын ичинде майыптарын жана колунда жетишсиздерди бекер кабыл алдык. Мындайча алып караганда жеке эмес мамлекеттики сыяктуу элдерге кызмат көрсөтө баштадык. Жергиликтүү тургундарыбыз бизге алкыштарын айтып, биздин ишибизди кубаттагандардын саны арбыды. Бирок, балдарынын акчасын өз убагында  бере албай, бизди убара кылып, каржы жагынан кыйналдык.

3- Алган карыздарыңарды кантип төлөдүңүздөр?

– Ушунча ишти баштап алгандан соң, баштаган иштен кайра тартпастан өзүбүздүн колубуздагы мал-жандыктарынан сатып, ал дагы жетпегендиктен жашап турган үйүбүздү күрөөгө коюп, насыя алып төлөөгө аргасыз болдук. Ошол убакта айыл өкмөттөрүнө кирип, жок дегенде Корумду айылында орун алган 16 пансионаттан жардам алып берүүгө үндөсөм дагы эч кандай майнап чыкпады.  Жергиликтүү бийликтен дагы эч кандай колдоолор болгон эмес. Ал мезгилде  уул-кыздарым Бишкек шаарында ЖОЖдордо окушчу, бири контракт десе, бири жол кире, ичип жегенине акча сурап, абдан эле кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрүүгө дуушарландык. Ошентип, ал студенттерге баш көз болуп, алардын муктаждыктарын чечүү максатында Бишкекке келдик. Алгач Бишкектин Чоң-Арык айылында бир объектини ижарага алып, балдарды кабыл алып бала бакчаны иштете баштадык. Анда деле дароо эле кирешелер кирип, карыздардан кутулууга шарттар түзүлө койгон жок. Кыйынчылыктар болду, ата-энелер тарабынан акчаларын өз маалында бере албай, карыздан эмес ижара акысынан кутула албай калган күндөр өттү. Бул жактан иш жакшырып кетпегендиктен Фрунзе көчөсүнөн бир аз арзаныраак  турак-жай таап, иштете баштадык. Ошентип, бул жактан иш оң жолго түшүп, карыздардан кутулуп, дагы бир бала бакча ачуу идеясын жүзөгө ашырдык.

- Азыркы маалда эки бала бакчаңызда канча бала тарбияланат?

– Биринде 40, экинчисинде да  40 бала тарбияланат.

- Бөлөк бала бакчаларынан эмнеси менен айырмаланат?

– Бөлөктөрдөн тазалыгыбыз жана тарбия берүүбүз менен  , жарандарыбыздын социалдык абалдарына карап жеңилдиктер менен айырмалана алабыз. Маселен, биздин бала бакчаларыбызда бир жеринен кем болгон өспүрүмдөрүбүздү адистешкен бала бакча сыяктуу эле атайын адистердин кароосунан өтүп, жогорку деңгээлде тарбия алышат. Ошону менен катар эле колунда жок жарандарыбызга арзаныраак кылып, жеңилдиктер менен кабыл алабыз. Тарбиячыларыбыз дассыкан адистер болгондуктан, көбүнчө бизден тарбияланып чыккан балдарыбыз дароо биринчи экинчи класска отурушат.

2- Учурда бардык балдар бакчасында чет тилдерди окутуу модага айланды десек болчудай. Сиздер канча тилде окутасыздар?

– Кыргыз, орус жана англис тилинде. Азыркы балдар абдан тилигараак, тилди ж.б. нерсени тез аранын ичинде өздөштүрүүгө жөндөмдүү.

- Тарбиячыларды кандай негиздер менен тандап аласыздар?

– Алгач анын адистигине карайбыз. Негизинен балдардын өз касиеттери күчтүү болот.  Мисалы, жаман көргөн тарбиячыны өздөрү эле сүрүп чыгарышат. Мен тарбиячыны кабыл алып жатып, “акча табуу үчүн келдиңби?” деп  сурайм, эгерде ал “ооба” деп жооп берсе, “анда иштей албайсың” деп жооп берем. Анткени, балага дитин коюп жан дили менен мамиле жасабаса өспүрүм таза балдар анын кылган мамилесинен улам билип жогоруда айткандай сүрүп таштайт. “Мен кет” деп айтканчакты эле өздөрү кетишет.  Айрымдары таза жерде оңой эле иштеп кете алам деп ойлошот. Бирок, наристелер менен иш алып барууда жан дили менен иштеш керектигин канча жылда далилдей алдым.

- Алдыда кандай пландарыңыз бар?

– Генерал болууну эңсебеген солдат солдат эмес дегендей, дагы бала бакчаны ачып наристелерди тарбиялап коомго тарбиялуу жарандарды “жаратуу”. Себеби, бизде ошондой милдет турат. Кыргызстандын келечеги жаштардын колунда. Тарбияны бала бакчадан башташ керек. Арийне, биздин бала бакчада балдарды патриоттуулукка үйрөтүү боюнча да иш алып барабыз. Ошондуктан айрым бир жеринен жетишсиз жана колунда жок балдарды жеңилдиктер менен кабыл алууну туура деп эсептейм. Себеби, алар дагы коомдон бөлүнүп, артта калуусун туура көрбөйм. Балким, атайын ушундай ымыркайлар үчүн дагы адистешкен бала бакча ачып калаармын деген үмүтүм бар.

Айта кетсек Гүлжан Молдогазиева “Асылай” жеке менчик бала бакчанын директору.

Маектешкен: Жеңиш Шерипбаев

Айбат гезити №56



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru