Айбат » Темир Сариев Россиядагы мигранттарга “налог” сала баштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Темир Сариев Россиядагы мигранттарга “налог” сала баштады

Ýêñ-äåïóòàò ïàðëàìåíòà Êûðãûçñòàíà, ëèäåð îáúåäèíåííîé îïïîçèöèè Êûðãûçñòàíà Ò.ÑàðèåâМосквага жетти Өкмөт расмий, бейрасмий да “…  Орусияда жүргөн мекендештерибиз жылына эки миллиард АКШ долларына жакын каржыны өлкөгө жиберип жатат” деп маңдайы жарыла маалымат таратканы менен ошол эмгек мигранттарына маани берип, аларга жок дегенде моралдык жактан көмөк көргөзүп койгонго шайы келбей жаткан учуру.

Кыргыз жетекчилери мигранттарды өз өлкөснө кайтып келүүгө үндөдү. Кыргызстандын экономикасы “артты көздөй” жогорку темп менен өсүп баратса, өндүрүш деген оокатыбыз өлөсөлүү болуп турса, кулагына “…шеф баары жайында” деп шыбырап койгон бир кемпайдын сөзүнө ишенип чакыргандыгын коомчулук күлкү менен эле кабыл алды окшойт. Расмий Кремль, Бирюлево окуясынан кийин мигранттарга болгон текшерүүнү күчөтүп бир ууч жарандарыбызды өлкөдөн чыгарып жибергенде, аз эле убакыт мурун айтылуу “Мелис байке” бу Орусиялык кыргыздарың жаман экен, алар келгени жумушсуздардын саны арбып борбордо кылмыш кескин түрдө өсүп кетти деп жар салганын журт атасы эшитпей калган бейм. Учурда Москва шаарында эле 400 миңге чукул Кыргызстандын жараны мээнети менен акча таап, мамлекеттин көзүн карамак турсун мамлекетке жардам берип, арабасын кошо тартышканга жарай турган мезгил келип калыптыр. А өлкө жетекчилери андай демилгени колго алып, мүмкүнчүлүктү пайдалангандын ордуна мигранттардын керегине жарап, эбегейсиз чоң өкмөттүк структуралар жасабаган иштерин аткарып жаткан камчы чабаар, элге жөлөк болоор жигиттерди бутунан чалып жыгылтуунун амалын кылып жаткандай. Москва шаарындагы элчилик менен бирдей эле кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн жана да мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүүдө чоң роль ойногон “Кыргызстан” Соода Үйү тууралуу сөз  болмокчу.

22002 -жылы КМШ мамлекеттеринин өлкө башчылары Москвадагы Бүткүл Россиялык Көргөзмө борборунун аймагында ар бир КМШ өлкөсүнүн улуттук павильонун уюштуруу чечимин кабыл алышкан. Жыйынтыгында Белорусия, Армения жана Кыргызстан аталган демилгени активдүү колдоп ишке кирише баштайт.

ВДНХдагы берилип жаткан павильондордун бардыгы Орусия мамлекети тарабынан коргоого алынган «тарыхый мурас» статусу бар имараттар экени белгилүү. Кыргыз өкмөтү 2008-жылы баягы эле каражаттын жоктугунан улам оңдоп-түздөө, курулуш иштерине каражат табуу максатында акчалуу, дарамети бар ишканаларды издеген. Анткени, 2004 жана 2007 жылдары эки жолу түрдүү ишканаларга ушул милдет жүктөлүп, мамлекет чала-бучук жардам берип, ишканалар убада кылган менен кыргыз борбору кайрадан эле жабылып калып турган.
Андыктан, мындай маанилүү курулушка акча сарптоого ар кимдин мүмкүнчүлүгү, дарамети жете бербегендиктен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Экономика министрлиги “Кыргызстан соода үйү» ишканасы менен 2008-жылдын декабрында келишим түзүп, ишканага Кыргызстандын көргөзмө–соода борборун куруучу жана уюштуруучу катары улуттук операторлук милдетин жүктөгөн. Милдеттенме демекчи, ошол жылдары Каржы министрлиги да, Экономика министрлиги да”… акчабыз такыр жок,  КМШ мамлекеттерине уят болбойлук, президентибиздин сөзү жерде калбасын, канча каражат кетсе да өзүңөр акча таап жасагыла, кийин өзүңөр иштетесиңер” деп, келишим түзүп, эскилиги жеткен имаратка 1 сом бербей коюшкан. Ошентип, “Кыргызстан соода үйү» ишканасы инвестор жана улуттук оператор катары 2009-жылдын январынан ишке киришет.

Кыргызстанга ижарага берилген эскилигинен ишке жарабаган имаратты Акт аркылуу кабыл алгандан кийин, имараттын ичинде эки жылча курулуш иштери жүргүзүлүп, чоң чыгым болуп жаткандыгына карабастан имарат ээси болгон «Бүткүл Россия көргөзмө борбору» акционердик коому “Кыргызстан соода үйү” ишканасынан айына чоң суммадагы ижара акысын мажбурлап болсо да төлөтүп турган. Андан сырткары Кыргыз өкмөтү жүктөгөн милдетти ишке ашыруу максатында эски имаратты куруп-түзөөгө, эски имаратты кыргыздын улуттук көргөзмө борборуна айландырууга жалпысынан 2 миллион АКШ долларын сарптаган.

 

3Сардарбеков Обозбек:

“Кыргызстан соода үйү” жчксынын башкы мүдүрү:

– Имаратты оңдоо чындыгында оңбогондой каражат кетти. Бизге берилген имарат федералдык маанидеги «тарыхый мурас» статусу болгондуктан курулуш иштерин Москвадагы атайын лицензиясы бар ишканалар жүргүздү. Биз алардын бүт акчаларын сметалары боюнча төлөп бердик. Ар бир мык кага турган жерибизге чейин көзөмөлдөнүп, кадимки сырлар менен боёбостон өзгөчө атайын сырларды сатып алууга туура келди. Андан башка да көптөгөн курулуш каражаттарынын өзгөчөлөнгөн түрлөрүн сатып алууга туура келди. Эски имараттын дубалдары эле эмес, бүтүндөй инженердик жабдыктары керектен чыгып, иштебегендиктен, электр жылуулук канализация, өрт-сактагыч, ж.б. жабдыктарын толугу менен жаңылоого туура келди. Курулуш иштеринин көпчүлүгүн үч жыл дегенде араң аяктап, мыйзамдаштырганга жетиштик. Бирок, курулуш деген бүтпөйт экен, азыркыга чейин уланып келүүдө.

Айта кетсек, 2 жыл мурун аталган имараттын курулуш иштери башталган Белорус павильонунда 7 жылдан бери оңдоп-түздөө курулуш иштери аягына чыга элек. Сарпталган каражаты 15 млн. доллардан ашып кетти. Ал эми казактардыкында да килтейген кара кулпу илинип турганына далай жыл болду. Казак боордоштордун павильонун куруу максатында бюджетинен 50 миллион АКШ долларын каржылык ачылган. Бул эмне деген чоң каражат карабайсыздарбы. Анткени, бул иштер КМШ мамлекеттеринин улуттук долбоорлору, ошондуктан, алар бул маселеге мамлекеттик көз караш менен мамиле жасап жатышат. А биздин намыскөй жигиттерибиз эптеп маңдай тер менен тапкан каражаттарын топтоп, өз чөнтөгүбүздөн 2 миллион жумшап кыргыз улутунун намысы деп, ишке киргизээри менен Экономика министрлиги имаратты бошотосуңар деп кыйыктана баштады.

Иттин өлүгү дал ушул жерде көмүлгөн. Эми кыскача талдоо жүргүзүп көрсөк. Россия Федерациясы өзүнүн аймагынан атайын кыргыздын улуттук бир борбору болсун деп имарат берген.

Тарыхый баалуулугун эске алуу менен аны оңдоп түзөөгө бакандай Экономика министрлиги каражат таппай көрүнгөн ишкерди кытыгылап, акча издейт. Колунда бар мүмкүнчүлүгүн аябастан эл намысы деп “Кыргызстан соода үйү» ишканасынын жетекчилиги беш жылга келишим түзүп, имаратты жасай турган тараптардын мөөнөтү андан ары узартылаарын атайын пунктта баса белгилеп ишкерлердин акчасына имаратты жасатып алды. Андан сырткары, айына төлөнүүчү белгилүү бир ижара жана башка акчаларды да курулуш иштери жүрүп жаткандыгына карабастан төгүп берди.

1Экономика министрлиги шылтоо кылып жаткан Кыргыз-Орус мамлекеттер аралык келишимде «…узак убакытка ижарага алган тарап «маданий мурас» болгон имараттарды сактоо, курулуш иштерин жүргүзүү ж.б. чыгымдарды толугу менен өз чөнтөгүнөн төлөйт» – деп бакыйып жазылып турат. Демек, мамлекеттер аралык келишим боюнча кыргыз тарап делип эсептелген «Экономика министрлиги» биздин чет элдеги намыскөй кыргыз ишкерлери кетирген акчаны толугу менен өзү төлөш керек болчу.

Эми иш бүтүп, пайдаланууга берилген соң, Экономика министрлиги кебез менен мууздагандай «..имаратты бошотуп койгула, Орус өкмөтү Кыргызстанга 1 рубль эсебинде берди» – деп өз сайтына ишарат шилтей салганы Экономика министри Темир Сариев эмнегедир кызыкчылыкка келгенде өз көмөчү үчүн ар кандай айланы таап, акчасын, убактысын,

нервин коротуп ишти аягына чыгарган ишкерлердин пикири менен бир тыйынчалык да эсептешип койбостон рейдерликке жол ачып жаткандыгы Москвалык көпчүлүк ишкерлерди нааразы кылып жаткандыгы белгилүү болду.

Кыргыз чиновниктеринин мындай алдым-жуттум жоруктарын уккан Москвадагы саясатчылар, жогорку деңгээлдеги мамлекет кызматкерлери да баштарын чайкап, кыргыз чиновниктеринин ушундай терс мүнөздөрү мамлекеттеги стабилдүүлүктүн түзүлбөй келе жаткандыгынын бирден-бир себепкери экендигин белгилешүүдө.

Ал эми Москвадагы компаниянын юристтери Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мындай жолду тандап алганын жеке кызыкчылык деп белгилеп, Россия Федерациясынын премьер-министри Дмитрий Медведевдин 2012-жылдын 4-октябрында №1005чи токтомуна ылайык, “…тарыхый мурас эсептелген имараттарды ижара келишим менен алган жеке инвесторлор имаратты толук оңдоп-түзөп, аны расмий түрдө Россия Федерациясынын маданият министрлигине  тапшыргандан кийин 49 жылга 1 рубль ижара эсебинде колдоно беришет”- деп так жазылган, ошо жерде акча короткон инвесторго ижара акысы, канча жылга жеңилдетилген ижара акысын төлөөрү да такталган.

Ал эми азыркы кезде сөз болуп жаткан кыргыз павильонунун оңдоо иштери качан эле Россиянын Мадният министрлиги тарабынан кабыл алынган.

Мелис Кыязов, эркин журналист, Москва шаары

Айбат гезити №56



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru