Айбат » Айбек Мамбеталиевдин өлүмү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Айбек Мамбеталиевдин өлүмү

ыйБир кезде күлүп жайнап, бала кезин эстен кетирбей жайнап жадырап үй-бүлөөнү шаңга бөлөп үй-бүлөө күтүп уул-кыздарын чоңойтуп, ата-эненин мээримине татып, 26-жаштын өмүрүн сүрүп турган кезинде каргашалуу окуядан улам киши колду болуп каза тапкан Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну 1986-жылы туулган Айбек Мамбеталиевди Кара-Кече аймагынан тартип сакчылары ур-токмокко алып 1-декабрь күнү артка кайткыс сапарга узатышкан.

Бул окуя болгон жерде Айбектин жанында болгон жакын теңтушу Сасыков Жакшылык төмөндөгүдөй айтып берди:

– «Биз ал күнү көмүрдү сүйлөшөлү деп баратканбыз. Айбектин унаасынын алдыңкы терезеси караңгыланган (тонировка) болчу. Кара-Кеченин кире беришиндеги жол тосмосунан 3 укук коргоо кызматкерлери  жана тартип сакчылар келип, унаанын терезесиндеги караңгылатканды сыйрытты. Милициянын бири спецназ болчу. Анан ошол жерден туруп эле унаанын ичин аңтарып колунун жеңинен «уу» затын (наркотик) түшүрүп жиберип «мына бул» эмне деп кыйкырды. Кыйкырганда эле Айбектин артынан беткапчан бирөөсү келип автомат менен бөйрөккө уруп вагонго сүйрөп кирип кетишти. Ошол бойдон эле бир жарым сааттай вагондон чыгарган жок. Жарым саттан кийин чыгарып алып машинага салып Айбекти ары ээрчитип өйдө жакка алып кетишти.  Анан ал жактан досум Айбек өлүп келбедиби?.. Андан соң Кара-Кечедеги болгон «спецназ» Нарынды көздөй качып жөнөштү. Азыркы тапта  бардык далилдер райпрокуратурада. Ал жерде орун алган медпунктун дарыгерлери милициялар алып келип таштап кетишкендигин да айтышты. Айбектин денесине медэкспертиза изилдөө жүргүзгөн, бирок, жыйынтыгы бурмаланып калды.

АйбекАйбекти алып келгенден кийин ооруканага алып кетишти. Мен өзүм эсимди жоготуп деңдиреп калгам. Анан мага да тийишип асылышканынан улам качып кеткем. Тартип сакчыларды көрсөм тааныйм. Маркум досум Айбектин оң жак капталында бөйрөк тушта, оң колдорунда жана моюнунун арты менен бел жагында көк ала белгилери бар болчу.

Ал эми атын мырзабек деп тааныштырган таанышы;

-Укук коргоо органдарынын бирөөсүнүн аты Рустам, калганы Кочкор анан Нарын ИИБсинен болчу. Рустам дегени буга чейин эле мас болуп алып көмүр тарткан унаалардын портторун мылтык менен аткылап унаанын айдоочуларын муунтуп коркутуп жүргөн. Кийин күбө кылып деле ал унаалардын белгилерин күбө кылып көрсөтөбүз.

Ал эми бул тууралуу маалыматты Ички иштер министрлиги маркумду көмүр тилкесинде өзүн жаман сезип, кысылып жатканын айтып, ушундай адам жоготуу болуп атса жалган маалыматтарды бергенден кантип тартынган жок. Айбек ошол Кара-Кечеден эле каза болуп калгандыгын ал жактагы медпунктун кызматкерлери айтышкан. Маркумдун кайдагы кан басымы бар эле, ал дайыма эле көмүр тартып иштеп келчүбүз деди ал.

Учурда шектүү катары 3 жаран жумгал риибине алынып келинди

3-декабрь 2013-жыл. Бул күнү Жумгал РИИБсинин убактылуу кармоочу жайына 3 жаранды алып келип камашты. Райондун прокурору Токтобай Кенжекуловдун айтымында, «учурда кечээ шектүү катары алынып келинди. Бирок биздин териштирүү жана иликтөөгө 24 саттык убактыбыз бар. Учурда булар күнөөлү же күнөөлү эмес деп айтуу кыйын, аны мезгил көрсөтөт. Биз азыр бул иш боюнча иштеп жатабыз. Толук маалымат берүү азырынча эрте» — деди ал.

Ошол эле маалда  райондогу коомдук уюмдун өкүлү Эраш Кумарбеков, «бул ишти 2 күндүн ичинде райпрокуратура карап андан кийин сотко өткөрүп берет. Эгер бул акыйкаттык жолу менен чечилбей дагы да болсо жашырынып кандайдыр бир себептерден улам укук коргоо кызматкерлери ишти жаап-жашырса анда эл тынчыбайт, бараар жерине барышат» — деп кошумчалады ал.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты

Мамбеталиев Айбекти акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп ага укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен башка айылдаштары, коомдук кызмат адамдары жана тааныш, теңтуш жакындары катышты. Маркумдун аркасында үйбүлөөсү, жубайы жана 3 кыз 1 эркеги калды. Улуу кызы 5 жашта болсо, кичүү уулу 4 ай, ал эми эгиз кыздары 2 жашка чыккан.

Өлүмгө шектелген 3 тартип сакчысына иш козголду

4-декабрь 2013-жыл. Жумгал районунун прокуратурасы ИИМдин башкы укук коргоо кызмат бөлүмүнүн жана атайын дайындалган отрядынын милиция кызматкерлерине адамды өлгөн абалына чейин жеткизе сабаган деген айып менен кылмыш ишин козгоду.

Козголгон кылмыш иши КР Кылмыш жана жаза кодексинин 97  беренеси боюнча киши өлтүргөн жана 305 беренелери менен кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган деген айыптар чегерилген.

Тийиштүү иликтөө иштери жүрүп, бул иш КР Процессуалдык жана Кылмыш жаза кодексинин №94 беренесине ылайык Кочкор райондук ИИБнын (ИВС ОВД ГУБОП МВД КР) милиция кызматкерлери  Ж.С., Р.Т. жана Нарын облусу боюнча атайын дайындалган отрядынын милиция кызматкери Ч.Б. лар кызматтарынан бошотулуп жана камака алынышкан. Учурда кылмыш иши боюнча иликтөө иши жүрүп келет.

Жумгал райондук сотунун алдына эл чогулду

5-декабрь 2013-жыл.Жумгал райондук сотунун алдында маркум Айбектин жакындары, тең-туштары жана бул окуяга күбө болгон жарандар күнөөлүлөр жазасын алышсын деп сот алдына чогулушту. Бул учурда Жумгал райондук прокуратурасы тергөө ишин жыйынтыктап сотко өткөрүп берген, сот алдында чогулган жүзгө чукул эл кылмышкерлер жоопко тартылышын талап кылышты.

Жумгал райондук сот отурумунун жыйынтыгы ИИМдин 3 тартип сакчысы тергөө толук жүргүчөктү 2 айдан камака алынышты. Тагыраагы соттун жыйынтыгы менен Нарын шаардык №4 кармоочу жайына медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча 3 тартип сакчысына 2 айдан камака алуу чечимин чыгарды.

Эне күйүтү, уул-кыздардын, бир туугандары теңтуштарынын аза кайгысы, өмүрлүк жубайынын көз жашы эмне болот. Күнүмдүк оокат тиричилик өткөнү менен бул жоготуу бул үйдүн жашоочуларына азап салды да калды. Канткен менен  бийлик органдары бул ишти жаап- жашырып койгону менен эл акыйкатты издеп сот алдында чыгып отурушту.

Мирбек Асаналиев, аймактык кабарчы

Айбат гезити №56



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru