Айбат » Айпери Суранчы кызы, «Манас жаңырыгы» радиосунун ди-джейи: “Учурда бойдокмун”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Айпери Суранчы кызы, «Манас жаңырыгы» радиосунун ди-джейи: “Учурда бойдокмун”

Суранчы кызы Айпери- Айпери айтсаңыз, өзүңүздүн кесибиңиз менин билишимче журналистикага  такыр коошпогон кесип, ушул түйшүктүү журналистиканы эмне себептен тандап алдыңыз?

– Менин негизи кесибим экономист. Дал ушул тармактын ашканасына аралышып калганымдын бирден бири себеби, атамдын кесиби эле. Кесиби журналист, эрке кызы болгондуктан кичинемден атам кандайдыр бир макалалары жазып жатса кошо жазышып, ыр жазып жатса менин да колумдан келет деп, окшошсо окшошпосо да жаза берээр элем.  Күндөрдүн биринде журналистикага шыгымды байкаган атам, таластагы алдыңкы радиолордун бирине киргизип койду, иштеп тажрыйба алдым. Ошондон тарта бул тармакка кызыгып,сүйгөн ишим менен алектенип келем….

- Журналистика тармагы менен  эле  кетейин деген оюң барбы же өз кесибиң менен кетесиңби?

– Чыным айтсам, өз кесибим менен иштегенге калоом жок. Ар бир ишти каалоо менен жасаш керек, ошондо жылыш болооруна ишенем.  Кудайым буйруса сүйүп иштеген ишим журналистика боюнча эле кетем деп ойлойм…  “Ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет” деп коёт эмеспи… Жыл өткөн сайын адамдын көз карашы да өзгөрөт эмеспи, балким кийин көз карашым алмашып өзүмдүн кесибим менен иштеп калаармын. Айтыш кыйын…  Быйыл экономика тармагындагы окуумду бүтөм. Аяктаган  соң журналистика тармагына тапшырып билим алууну максат кылып жатам, мыкты адис болом десең  билим керек эмеспи…

Суранчы кызы Айпери 2– Журналистика менен кетсеңиз, көбүнчө мырзалар айымдарын журналист болушун каалабайт эмеспи… Анткени, үйүнө эрте келет, кеч келет, командировкалап жүрүп калышы мүмкүн… Келечекте өмүрлүк жубайыңыз “журналист болбой эле кой” десе сүйгөн кесибиңизди таштайт белеңиз?

– Мен ойлойм, мени сүйгөн мырза менин кесибимди да сүйүшү керек. Бирок, ошондой кырдаал болсо, анда сүйүүктүү кесибимди таштоого туура келет, себеби мен үчүн 1-орунда үй-бүлө турат.

- Мырзалардын кандай сапатын жактырасың жана чыныгы жигит кандай сапаттарга ээ болушу керек?

– Эң негизгиси чыныгы мырза  чечкиндүү, жоопкерчиликтүү, адамгерчиликтүү болушу керек. Калгандарын акырындык менен үйрөнүп алса болот, табиятынан ушундай сапаттарга ээ болсо анда чыныгы жигит деп айта алам.

- Балдар кыздарга, кыздар балдарга жакпайт. Буга эмне себеп болушу мүмкүн?

– Туура айтасыз, негизи эле биз айымдар өтө кыялкеч болобуз, кыялыбызга идеалдуу мырзаны тартып алып, ошол мырзаны издеп жүрө беребиз. Өз бактыбыз бизди айланчыктап жүргөнүн байкабай калабыз, айтаарым айымдарга идеалдуу адам болбойт а идеалга жакын адамдар гана болот деп. Кыздардын көйгөйү ушунда болсо керек, ал эми  мырзалардыкын билбейт экенмин…

- Саясатчылардан кимдерди баалайсың жана сыйлайсың?

– Саясатка өзүм көп аралашкым келбейт. Себеби, кир чөйрө экенин билем… Бирок сырттан көз чаптырып , ишин баалап сыйлаган саясатчыларым Садыр Жапаров, Каныбек Осмоналиев, жана Ыргал Кыдыралиева…

- Өмүрлүк жубайың саясатчы болуп калса колдойт белеңиз же башка жумушка иштөөсүн  өтүнөт белеңиз?

– Жогоруда айтып кетпедимби, мени сүйгөн мырза, менин кесибимди да сүйүшү керек деп, мен деле так ушундай, аны сүйгөндөн кийин кесибин да сүйөм… Аны башка кызматка мажбурлап, шарт коюп иштеткен күндө деле, калоосу жок болсо болбой. Ар нерсеге сүйүп мамиле кылыш керек, ошонда ал мөмөсүн берет. Каршы эмесмин.

Суранчы кызы Айпери 3- 10 жылдан кийин Кыргызстанды кандай элестетесиз?

– Чынын айтсам, ушул суроо мени ар дайым ойлонтот, “жакшы тилек жарым ырыс “ дегендей жакшы ойлоого аракет кылам, буйруса өнүгүп, мыкты алдыңкы мамлекеттердин катарына кошулабыз деп, бирок азыркы кырдаалды көрүп коркком . Кыргыздар өз ара бири-бирибизге бут тосуп, чындык чыркырап турса да көрмөксөн болсок, мыкты адистерди түп тамыры менен “жулуп” жатсак эмне болот?  “Айдын 15 күнү жарык болсо 15 күнү караңгы болот” деген сыңары  караңгы күн бүтүп, жарык да келээрине ишенимим бар. Сөзсүз биздин өлкөгө да майрам болоор…

- Жаңы жыл келе жатат. Ушул сыяктуу майрамдарга кандай көз караштасың? Анткени, ислам шариятында же кыргыздын салтына такыр коошпойт, туура келбейт дегендер четтен чыгат. Кайсынысына кошуласыз?

– Жаңы жылга түз эле көз караштамын, эми биз буга чейин СССРдин катарында эмес белек, орусташып калдык, канчалык жашырбайлы баары бир ушундай…  Негизинен биздин жаңы жыл Нооруз деп айтып келишет, нооруз менен жаңы жылды бирдей эле майрамдайм. Мунусуна же тигинисине кошулбайм деп айткандан алысмын.

- “Манас жанырыгы” радиосунда кандай салымынды коштум деп ойлойсуз?

– “Манас жанырыгы” радиосуна   мындай салым коштум деп айтуудан алысмын, аны эл таразалап, эл сындашы керек го… Мен айтсам мактаныч болуп калат.  4 жылдан бери болгон күч аракетимди жумшап келем мекендештерим үчүн.

Ошондой эле учурдан пайдаланып сиздерге чо-оң рахмат!  Өркүндөп өсүңүздөр, калемиңиздер курчуй берсин, жана келе жаткан жаны жылыңыздар менен!!! Элибиз бөөдө кырсыктан алыс болуп, ынтымакта, тынчтыкта жашаарына тилектешмин!!!

Жыргал Бердибеков

Айбат гезити №56




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Мен Айпери Сураныч кызыга комментарий калтырам. Чындыгында ага кызыгып калдым,б.а.колун сурасам болобу? Бойдокмун дегенине караганда,мага да мумкунчулуктор бардыр дейм. Ага татыктуу болуш учун,менин да жетишеерлик таланттарым бар десем болот! Бул бир сунуш эми. Орой кеткен жерлер болсо кечирим сурайм!

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru