Айбат » Жумгал жаштар борборуна КМЮАнын ректору Канат Керезбеков жардам берди (фото)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгал жаштар борборуна КМЮАнын ректору Канат Керезбеков жардам берди (фото)

IMG_3428Нарын облусунун Жумгал районундагы жаштар борборуна Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын ректору Канат Керезбеков 130 миң сомдук жабдыктарды, орундук отургучтарды жана проектр аппаратын алып берди.

Район жаштарынын айтымына карасак, бул жаштар үйүнүн ачылышы декабрь айына пландалган, бирок тилеке каршы дагы да болсо жабдыктардын жетишпегени орун алган. Жаштар өздөрү демилге кылып Жумгал районунун акими Адылгазы Исагуловго кайрылып бош бөлмөнү жаштарга бөлдүртүп алышкан. Бул идеяны район акими колдоп бир катар жабдыктардан да жардам берген.

«Буга чейин Жумгал жаштарына Германия Эл аралык кызматташтык коомунун «GIZ» программасы аркылуу мындан 2 жыл мурда атайын офис ачууга каражаттан жардам алган. Ошол менен бирге бир катар эмеректер менен камсыздалган. Бирок тилеке каршы мурда жаштар менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барган «Жумгал жаштар лидерлери» коомдук уюмунун жетекчиси ушу кезге чейин жаштар борборун ачкан эмес жана жаштар үчүн берилген жабдыктарды үйүндө колдонуп келген. Азыр да болсо колдонуп келе жатат» — дейт жаш активист Нуркан Асейнов.

«Бирок буга карабастан, дагы да болсо жардам көрсөтөбүз деп турушат. Биз кайрадан өз алдынча уюм түзүп жергиликтүү бийлик менен бирге кызматташтыкта иш алып баруудабыз. Жаштар үйүнө учурда жардам көрсөтүп колдоо берип жаткандар болуп жатат. Жаштар борбору толук кандуу жабдыктар менен камсыз болдук деп айтуу азырынча эртелик кылат. Бизде жаштар үчүн бекер кызматтарды көрсөтүп турабыз. Борбордун ачылышын 20-декабрга пландап жатабыз» — деп кошумчалады ал.

IMG_3422 IMG_3426 IMG_3431



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru