Айбат » Нарын облустук мамлекеттик телеберүүсү 20 жылдык мааракесин белгиледи (фото)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Нарын облустук мамлекеттик телеберүүсү 20 жылдык мааракесин белгиледи (фото)

IMG_3296Кечээ, 6-декабрда Нарын облустук мамлекеттик телеберүү корпорациясы 20 жылдык мааракесин белгишети.

Облустук телеберүүсүнүн 20 жылдык мааракеси Нарын облустук жаштар ордосунда болуп ага КРнын ЖКнын депутаты Алмазбек Баатырбеков, Нарын облусу боюнча жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү Амантай Кайыпов, шаар мэри Бакыт Женалиев жана шаардык кеңештин депутаттары, райондун акимдери жана облустардын телеберүүлөрүнүн жетекчилери катышты.

Муну менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышып облустук телеберүү жамаатын куттукташты.  Ошондой эле алдыда келе жаткан 8-декабрь – Теле берүүдө жана радиодо эмгектенген кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттукташты.

Өз сөзүндө куттуктоосун айтып ЖКнын депутаты Алмазбек Баатырбеков ЖКнын фондунан 150 миң сом бөлүнгөндүгүн айтып өттү, ал эми депутат Карганбек Самаков келе албай калгандыктан анын жардамчысы депутаттын атынан видеокамеранын сертификатын тапшырса, ыйгарым укуктуу өкүл облустун фондунан 100 миң сом бөлдү.

Ал шаар мэри, район акимдери 30 миң сом, башка облустардан келген телеберүүлөрдүн жетекчилери 20 миң сом тапшырышса, калган мекеме-ишканалардын өкүлдөрү белек-бечектерин беришти.

Эске салсак, Нарын облустук телеберүүсү 1992-жылы биринчи ирет 2 сааттык убакыт менен эфирге чыга башташса. Нарын облусунун аймагына 1993-жылдын 1 февралынан баштап жарык көргөн. Ал эми Нарын облусунун жалпы аймагын 2012-жылдын 21-августунан баштап эфирге 5-6 сааттан чыга башташкан. Учурда 31 штаттык бирдик менен иштеп келишет.

IMG_3316 IMG_3331 IMG_3372

http://bulbul.kg/video:26930/




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru