Айбат » Депутат Ташболот Балтабаев: Князевдин бузуку аракеттерин бууш керек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Депутат Ташболот Балтабаев: Князевдин бузуку аракеттерин бууш керек

Балтабаев Ташболот- Кыргызстандан куулган саясат таануучу Александр Князев Кыргызстандын бүгүнкү бийлигин сынга алып, азыркы бийлик олуттуу маселелерди чече албайт деп билдириптир.Ошондой эле Россия жана коңшулаш мамлекеттердин жетекчилери кыргыз бийлигине ишенбейт деген экен. Буга не дейт элеңиз?

– Анын ою боюнча биз өзүбүздү-өзүбүз башкара албаган мамлекет болсок, анда бизди Америкадан адамдар келип башкарышы керек турбайбы? Жок, андай болбойт. Кыргызстан өзүн-өзү башкарганга толук кудурети жетет. Анын эмне себептен мындай билдирүү жасап жатканы түшүнүктүү. Биз өзүбүздүн стратегиябызды чече турган деңгээлге жеткенибизге өтө көп болду. Андыктан Князевдин айткандарына олуттуу көңүл буруунун кереги жок.

- Парламентте топ-топко бөлүнгөн өз кызыкчылыктарын көздөгөн адамдар отурат дейт. Буга эмне айтат элеңиз?

– Бул эми күлкүнү гана келтире турган сөз. Олуттуу эч нерсе жок.

- Этностор аралык да көйгөйлөр бар деп Князев атайын өлкө ичиндеги улуттар ортосуна от жаккысы келип жаткан жокпу?

– Анын көздөгөнү дал ушул нерсе болуп жатат. Бул атайын жасалган саясый оюн болуп атат. Мындайды токтотуу керек. Андыктан биздин мамлекет башчыбыз, өкмөт дагы тиешелүү адамдар менен сүйлөшүп, мындай бузуку аракеттерди бууганга аракет жасашы керек.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №58




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru