Айбат » Бизге өнүккөн экономика керекпи же таландыга калган мамлекетпи?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Бизге өнүккөн экономика керекпи же таландыга калган мамлекетпи?

выборБүтүн турган нерсени бүлүндүрүү абдан оңой, ал эми ийгилик алып келе турган жаңы нерсени куруу өтө татаал экендиги белгилүү. Эске сала кетсек, эгемендик алган жылдары союздан калган завод-фабрикаларды, колхоз-совхоздорду менчиктештирүүнүн шылтоосу менен талап-тоноп алып, өлкөбүздүн экономикалык абалын итке минген абалга алып келгенибизди жашыра албайбыз. Убагында күрүлдөп иштеп жаткан завод-фабрикаларды көз ачып жумганча талап-тоноп, тетиктерин чет мамлекеттерге ташып жок кылып алганыбыз менен бүгүнкү күнгө чейин ошондой бир заводду куруп ишке киргизе элекпиз. Бул ачуу чындык. Ал тетиктерди ташып сатуудан саналуу гана адамдар байып алганы менен карапайым калкыбыз жумушсуз калып, жакырчылыктын сазына батып келет. Мына ушундай кыйын кезеңде өлкөбүздүн экономикасы үчүн иштеп бере турган жападан жалгыз ири ишкана «Кумтөр» канадалык инвесторлордун жардамы менен ишке кирген. Ал ишке кирген 1994-жылдан бери өлкөбүздөгү башка мамлекеттик ишканалар жыл өткөн сайын карызга белчелеринен батып, ирдене албай келишсе, бул ишкана жыл өткөн сайын жакшырып, экономикабызды көтөрүүгө, элибиздин социалдык абалын жакшыртууга эбегейсиз салымын кошуп келет. Союздан калган мүлктөрдүн бардыгын менчиктештирүүнүн шылтоосу менен талап-тоноп жок кылганыбыз аз келгенсип, эми улутташтыруу деген шылтоо менен «Кумтөр» ишканасын дагы тетиктери таланып-тонолгон музейге айланта турган окшоп калдык. Албетте, бул өзүнчө чоң тема. Ошентсе да бүгүнкү күндө «Кумтөрдү» элге жек көрсөткүсү келип, ага каршы саясатын жүргүзүп жаткан саясатчылар ачык айтпай жаткан фактыларга токтоло кеткенибиз туура болор. Ырасын айтканда «Кумтөр» айрым саясатчылар айтып жүргөндөй Кыргызстан үчүн таптакыр салымын кошпой койгон ишканалардан эмес. Анын экономикабыздагы ээлеген орду эбегейсиз. Буга төмөнкү цифралар мисал болуп бере алат. Адегенде «Кумтөрдүн» Кыргызстандын ички дүң продукциясындагы кошкон салымын эске алып көрөлү. Жалгыз өзү ИДПнын 10 пайызга чейин камсыз кылат. Андан башка бир дагы ишкана мынчалык пайыздын жарымына да ээлик кыла элек. Ал эми жалпы өнөр жайыбыздагы өндүрүштүн жалпы көлөмүнүн 25 пайызга чейинин камсыз кылат. Башкача айтканда жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн төрттөн бир бөлүгүн өзү ээлейт. Кыргызстандын чет мамлекеттерге экспорттогон товарларынын 50 пайыздан ашуунун камсыз кылат. Мына ушунун өзү эле «Кумтөр» компаниясынын Кыргызстандын экономикасындагы орду кандай экендигин көргөзүп турат. Эми ««Кумтөр» компаниясы иштеп баштагандан бери Кыргызстанга болгону бир жарым тонна алтынды калтырып, калганын канадалыктар ташып кеткен деген саясатчылардын билдирүүсүнө жооп кылалы. Конкреттүү факты боюнча аталган ишкана 1994-жылдан 2012-жылга чейин өлкөбүзгө 2 млрд. 153 млн. 664 миң  доллар алып келген. Аны алтынга которуп эсептегенде 108 тоннаны түзөт. Демек, «Кумтөрдү» саясый куралга айланткандардын айткандарынын эч кандай жүйөөсү жок экендиги көрүнүп турат. Мына ушул акча каражаттарынын эсебинен эгемендик алган жылдардан бери карай Кыргызстандагы пенсионерлер пенсиясын, жаш балдар пособиясын, бюджеттин эсебинде иштегендер айлык акыларын алып келет. Эми ошол 2 миллиарддан ашуун акча каражатынын кандай негиздерде өлкөбүзгө келип түшкөнүнө кыскача кайрыла кетели. Салык, бажы, жана башка милдеттүү төлөмдөр аркылуу 627 млн. 453 миң доллар, Социалдык фондго 92 млн. 362 миң доллар, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна 27674000 доллар, «Кыргызалтын» ААКсынын пайдасына 11 млн. 421 миң доллар, «Кумтөрдүн» өзүндө иштеген кызматкерлердин айлык акысына 378 млн. 652 миң доллар жана башка багыттар менен келип түшкөн. Булардан тышкары «Кумтөр» компаниясына азык-түлүк ташып иш кылган 600дөн ашуун чакан ишканалар бар. Алар дагы жергиликтүү калк тарабынан өндүрүлгөн жогорку сапаттагы азык-түлүктөрдү жогорку баада бул ишканага ташып турушат. Эгерде ар бир чакан ишканада 10дун тегерегинде адам иштесе, «Кумтөрдүн» өзүндө иштеген 3000ден ашуун мекендештерибизден тышкары дагы 7000дей мекендештерибиз жумуш менен камсыз болуп келет. Бул азык-түлүк ташыган чакан ишканаларга «Кумтөр» айына 4,5 миллион доллар сарптайт. Демек, ал ишканаларда иштеген жарандардын айлык акылары да «Кумтөрдүн» эсебинен болуп жатканы талашсыз. Мындан сырткары ошол эле ишканалардын мамлекетке төлөй турган салыктары өзүнчө кеп кылууга арзыйт. Анан ушундай чоң иштерди жасап жаткан, жыл өткөн сайын өнүгүүнүн үстүндө келе аткан ишкананы улутташтыруунун шылтоосу менен талап-тоноп жок кылууга негиз барбы? Жол берүүгө болобу? Албетте, жок. Анткени элибиз дагы мурдагыдай караңгы эмес, кимдин ким экенин жана ким эмне максатта аракет жасап жатканын түшүнүп калды. Элибиз азыр бир ууч топтун кызыкчылыгы үчүн эмес, жалпы мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткандарды колдойт. Андыктан «Кумтөрдүн» өлкөбүзгө жасап жаткан эмгеги менен ага каршы чыгып келгендердин буга чейинки ишмердүүлүктөрүн тараза ташына салып көрсөк эле, бардыгы алаканга салгандай ачык болуп калат.

Айбат гезити №58




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru