Айбат » Базарбай Мамбетов, экономист: “Газпромго” жонубуздун териси сыйрылгыча аракет кылып чуркашыбыз керек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Базарбай Мамбетов, экономист: “Газпромго” жонубуздун териси сыйрылгыча аракет кылып чуркашыбыз керек

Мамбетов БазарбайЭкономикалык серепчи Базарбай Мамбетовдун айтымында, “Кыргызгазды” “Газпромго” сатуу чечими абдан туура болду. Бул тууралуу ал “Азаттык” үналгысына билдирген.

Эксперт Газпром Кыргызстандын рыногуна 2006-жылы келген жана ошондон баштап өлкөгө келип аткан бүт нефтепродуктулардын 76 берүүдө. “Бүгүн Кыргызстанда А-92 бензиндин бир литр баасы 38 сом болсо, ошол эле бензиндин Тажикстандын Душанбесинде баасы биздин сом менен алганда 63 сом. Ошону биз түшүнбөй атпайбызбы. Биз “Кыргызгазды” “Газпромго” сатканыбыз эң туура болду. Бул стратегиялык жогорку маанидеги экономикалык иш деп ойлойм. Тилекке каршы, биздин саясатчылар жана депутаттар жана оппозициядамын деген куру сөз сүйлөгөндөрдүн көбү бул маселени түшүнбөй эле ар нерсени айтышып, элдин мээсин айлантып атышат. Жанагы газ түтүктөрүн 40 жылдан ашуун эч нерсе кылган эмеспиз. Советтер союзунда курулган бойдон калды. Ошонун баарын газпром модернизация кылып, жаңы трубаларды коюп, жаңы жабдыктарды коюп иштетели деп атат. Экинчиден, үзгүлтүксүз, дайыма Кыргызстанга газды берип турам деп атат. “Газпром” азыр Арменияга 189 доллардан берип атат. Белоруссияга 160 доллардан берип атат. Биз болсо бир тууган деп айткан кошуна Өзбек республикасынан 284 доллардан алып атпайбызбы? Мен дагы айтып коёюн – бул түбөлүккө келе турган инвестор. Биз жонубуздун териси сыйрылганча аракет кылып чуркашыбыз керек “Газпромго”, – деген пикирин айтты.

Айбат гезити №58



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru