Айбат » Келдибековдун жубайы Америка базасы менен Кыргызстанга коркунуч жараткысы келеби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Келдибековдун жубайы Америка базасы менен Кыргызстанга коркунуч жараткысы келеби?

Токтоматова АидаКыргызда «Аял жакшы, эр жакшы» деген кеп бар. Эзелтеден кыргыз элинин аттуу-баштуу адамдарынын өмүрлүк жарлары өтө сыпайы, каада сактаган, сабырдуу, акылгөй келишкен. Алар мындай сапаттары менен өмүрлүк жолдошторунун колуна кол, бутуна бут болуп беришкен. Эч качан элдин алдына чыгып алып жулунуп сүйлөгөн эмес. Тилекке каршы кыргыз элинин дагы бир таанымал жигити Акматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматовада мындай сапаттардан ныпым эч нерсе жок экендиги билинди. Анын Акматбек Келдибековду эки айга камоо боюнча соттун чечими чыккан күнү журналисттердин бардыгын тизелетем деп кара көз айнекти тагынып алып жулунганы жогорку даражалуу кызматтарда иштеген чиновниктин аялына таптакыр коошпой турган. Ошондон бери Аида айым «Аял үйдүн куту» экендигин унутуп, өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп топтоп алган байлыктарын бир четинен сатып, акчасына түштүк жергесинде түрдүү митингдерди, акцияларды уюштуруп жүрөт. Мунусу дагы эч нерсе эмес. Акыркы бизге жеткен маалыматтарга караганда Аида Токтоматова тар чөйрөдө «Америка базасы жөн кетпейт» деп кыйытып айткан экен. Кызык?.. Эч кандай саясаттан кабары жок Токтоматова Америка базасы жөн кетпей тургандыгын кайдан билет болду экен? Эмнеге таянып мындай маалыматты айтып жүрөт? «Күлгөндүн билгени бар» деген кеп бар. Анын сыңары мындай маалыматты айтып жаткан Токтоматовада да кеп бар болушу мүмкүн. Албетте, анысын Аида айым ачык айтпасы турган иш. Бирок, анын мындай маалыматынын артында эмне жатканын боолголосо болот. Адегенде Акматбек Келдибеков коррупцияга шектелип камалгандан берки анын тарапташтарынын жасаган кадамдарына жакшылап баам салып көрөлү. Чоң ата сакалы ээгине бүтүп калган эле аксакал Иосиф Аттокуров аттуу тарапташы «Биз керек болсо согуш ачабыз, адегенде үч облустун администрацияларын басып алып, андан кийин борбордук бийликти кулатабыз» деп чамынганы жалпы кыргыз элинин эсинде. Ал эми Аида айымдын бардык журналисттерди, Келдибековго ким каршы болсо бардыгын тизелете тургандыгын билдирген. Демек, мындай радикалдуу билдирүүлөр бекер жеринен чыккан эмес. Токтоматова жетектеп жаткан Келдибековдун тарапташтарынын билдирүүлөрү анын Америка базасы боюнча айткан маалыматы менен байланышы бар болушу толук мүмкүн. Балким Аида айым Америка базасын калтырууну көздөгөн күчтөрдүн жардамы менен Келдибековду бошотуу максатын жүзөгө ашыргысы келип жаткан болушу мүмкүн. Мындан улам бул адамдардын өз кызыкчылыктары үчүн Мекенин да садага чапканга даяр экендиктерин билсек болот. Андыктан алардын чыныгы максаттарын жакшы билбестен, арттарынан ээрчип жүргөн мекендештерибиз кеч болуп кала электе туура жолду тандашат деп үмүт этип туралы.

Айбат гезити №58




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru