Айбат » Аттанып чаап берээрбиз биз дагы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Аттанып чаап берээрбиз биз дагы

Токоев ЖолдошбекЖурналист катары президент А. Атамбаевдин айрым иштерине, сүйлөгөн сөзүнө  бир жылдан бери кыйла эле сын айтып келдим эле, эми анын 2013 жылдын 16- декабрында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциядагы өткөн маалымат жыйынындагы сүйлөгөн сөздөрүнө, журналисттердин берген жоопторуна, келечектеги максаттарына ыраазы болуп жибип отурган чагым. «Туураны – туура, жакшы ишти – жакшы!» -деп калыс сөзүмдү айтканга жарабасам  пайгамбар жаштан өтүп калганда  атадан калган нарктан тайган болбоймунбу. «Бузулаар үйдүн карысынан калыстык кетет»- деп келишкен бизден мурда өткөн улуу муундар. Биз улуу муундагылар адилет сөздү айтып турбасак кийинки муундар көп учурда курчтук, омуроолоп  коомго бүлүк салып жиберээрин көрүп-билип калдык  го акыркы жылдары.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы катары 2-жылдын ишмердигинде ошол маалымат жыйынында айткандарына  айрыкча кайсыларына ыраазы болдум, эмесе кеп ошол жөнүндө болсун. Ажобуз: «өкмөт башчысы Ж. Сатыбалдиевдин жана анын орун басары Т. Сарпашевдин мыйзам бузуулары аныкталса алар сөзсүз жазаланат» -деп кесе айтыптыр. Баракелде! Ж. Баласагын бабабыз «балам бол башка бол, баарына мыйзам бирдей!» -дегендей,  президенттин Ж. Сатыбалдиев менен Т. Сарпашевге карата жогоруда айтканы «кимиси болсо да мойнуна кылычты шилтеймин! -дегендей туюндурду. Бул маселе боюнча эми иш тиешелүү органдардын иш аракеттерине жараша болоору шексиз. Мүмкүн тиешелүү органдар ишти будамайлап, караны ак кылып жибериши мүмкүн. Эгер иш ушундай болсо анда президентти сөзгө калтырып коёру шексиз. Бирок, далай эркектердин «алласын оозунан түшүргөн», башкы прокурор Аида Салянова карындашым тескери ишке бара койбос.

Президент А. Атамбаев бажы биримдиги туурасында мындай дептир. «кимдир бирөөлөр биз менен макулдашпай «дарожный карта» -дегенди түзүп коюшкан имиш. Биз ага жол бербейбиз. Биз бажы биримдигине Кыргызстандын кызыкчылыгы канааттандырылгандан кийин киребиз. Мен ушунчалык курчуп, такшалып  калдым мага эч ким кысым көрсөтө албайт» -деди.

«Ат мүдүрүлүп жер тааныйт, эл мүдүрүлүп жер тааныйыт» -деген кыргыз макалындай А. Атамбаев 2-жыл ичинде көп мүдүрүлдү, бирок,  кыйла такшалды. Чынын айтыш керек, ал тышкы саясатта  Ал Украина президенти Виктор Янукович сыяктуу «Евро ассоциациясына киребиз» деп Ноябрь айынын акырында Литванын борбор шары Вильнюста өткөн саммитке барып, андан айнып, бир апта өтпөй кайра кечээ жакында Москвага В. Путинге  «жан соогалап» баргандай кадам жасаган жок. Тек, А. Атамбаев Кыргызстандын геосаясатта орчундуу ордун, айрыкча Кытай Эл Республикасы менен чектеш жайгашкан тоо аймак (буферная зона ) экенине таянып, Бажы биримдигиндеги  Россия, Казакстан, Белорусь мамлекеттери менен тең ата мамиле кылууну көздөөдө. Анын үстүнөн мындан бир ай мурда Кытай бийлиги «Кыргызстан Бажы биримдигине кирбеши керек» -деген ойлорун билдиришкен болчу. Демек, Бажы биримдигинин атаандашы Кытай. Ушул өңүттө геосаясатта Кыргызстандын өз салмагы бар мамлекет. Муну А. Атамбаев жакшы түшүнүп тургандай сыягы. Ошондуктан ири державаларга чөгөлөгүсү келбейт.

Калп айткан менен болобу президент ошол жыйында  менин кесиптеш иним, азыр Москванын бир ооруканасында жан арга кылып жаткан, бирок акыры Түркия мамлекетине тарып боорун алмаштырганга муктаж, «Назар-пресс» газетасынын редактору Кенжебек Арыкбаев жөнүндө « биз журналистке тезинен жардам берүүгө аракет кылабыз. Биз Кенжебектей журналисттен ажырап калгыбыз келбейт!» -дептир.  Журналисттер ММК президентти «жерден алып көргө, көрдөн алып көргө чапчу» элек, эми минтип көптөгөн журналисттердин өтүнүчүн жерге таштабай  А. Атамбаев айкөлдүк, боорукерлик кылып, К. Арыкбаевге кам көрүүгө убада берип отурат. Арга жок жүйөөгө жыгылат экенсиң, ыраазы болот экенсиң. «Сыйлагандын кулумун» -дейт кыргыз баласы. Президент ушинтип журналисттерди сыйлап жатса, тизгин тартпаска арга жок.

Президент А. Атамбаев «2014-жылы регионалистер, ач кыйкырык-куу чирендер», жергиликтүү «княздар», митингчилер ички коркунучту жарата албай алсырап бара жатат» -дептир. Бул сөзүндө калет жок, регионалистердин Бакиевдик режимди реставрациялоого канчалык аракет жасашса да мүмкүн болбой калды. Бирок, бир коркунуч бар менин оюмча.

Келерки 2014-жылы АКШнын «Ганси» авиабазасынын чыгарылышы менен Америкалыктар бийликтен кандайлар бир кыйкым издейт. Дал ошолордун финансылык колдоосу менен мамлекетти чайпалтканга аракет жасашы мүмкүн. Байлык, бийлик десе Шодокондун бүркүтүндөй жутунушкандар Кыргызстандын келечегине түкүрүп коюшуп саткынчылык кылып кетишет. Ушулар азыр тынчып турушканы менен ири суммадагы акча колго тийсе эле үндөрү бийик чыгып баштайт.

Кечээ Киев шаарындагы оппозиция аталган күчтөрдүн арасында Украинанын ички иштерине түздөн-түз кийлигишип АКШнын мамкатчысынын орун басары В. Нуланд, Грузиянын экс-президенти М. Сакашвили, АКШ сенатору Д. Маккейн «Евро ассоциацияга өткүлө» -дешип  элди тукуруп жүрүштү. «Демократия!», «адам укугу!» -деп ураан чакырып жүргөн Америка күндөн-күнгө бетпактыкка, жүзүкаралыкка барып жатат. Алар, Украинадагы жасап жаткан ишти Кыргызстанда да жасашы мүмкүн. Эгер ошондой кырдаал түзүлсө «күн-десе күн, түн десе түн аттанып чаап берээрбиз» мамлекетти чайпалтпас үчүн эгер, сиз коррупцияга болгон чабуулду мындан ары уланта берсеңиз  президент мырза!

Жолдошбек Токоев, журналист, публицист

Айбат гезити №58



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru