Айбат » Tour de “мигрант”…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Tour de “мигрант”…

1Тарыхтын азган актай доорунда орус калкы менен жетимиш жылдай «бардык пролетариаттар бириккиле» деген ураандын астында алгалаган доордон эгемендикке күтүүсүз өткөн КМШ өлкөлөрү үчүн Россия азыр деле өгөйдөй туюлбайт. Ар бир улуттун өкүлдөрү кадыресе кенен кирип чыгып турганга мүмкүнчүлүк бар. Деген менен эмгек мигранты болуп күн өткөрүү же убактылуу жалданма жумуштарды аткаруу көп эле түйшүктөрдү жаратат. Көз карандысыз журналист Мелис Кыязов Россия жергесине барып мекендештердин боёк кошулбаган турмушу менен таанышып, «Айбат» гезитинин окурмандары менен өз көргөн билгендерин бөлүшүп турмай болду. Алдыда Мелис мырзанын алгачкы Орусия таасирлерин сунуштайбыз.

Мигрантташуунун алгачкы кадамы Кыргызстанда жүргөндө эле «…орустар кыргызга өтө орой мамиле жасайт экен, документтерин айрып салат экен» деген жагымсыз сөздөрдү көп укчумун. Москвага келээрим менен бир чети диктатуралык режимге алдын ала даяр болуп, полиция көрсөм итиркейим келчү болду. Москвага келгенде абадан кере-кере дем алаардан мурун документиңди ирээтке келтирип албасаң тумчугуп калуу коркунучу бар экенин сездим. Анткени, аэропорттон баштап эле орустардын бир чети тажагандай, экинчиден жек көргөндөй маанай менен Орто Азия калкына болгон чөгүңкү кабагы байкала баштайт. Башка өлкөлөргө деле кыйратып көп чыкпагандыктан бир беткей чечим чыгарбай коё турайын. Себеби,  жакында эле боордош эл элек деп безеленген казак элине бараарда чек арадан кармап алып, мындан да жаман кабыл алган. Балким чек ара, өтө сакчыл объект болгондуктан ушундай мамиле болоор деген тыянакка келдим.

Аэропорттон келгендеги миграциялык баракчаны жети күнгө чейин каттоого койбосоң чоң жаза күтүп турат, андыктан биринчи кезекте каттоодон өтүүгө туура келди. Аны болсо эч качан эч ким кандайдыр бир мамлекеттик мекеменин каалгасын сагалабастан эле алеки заматта акча менен ортомчу кыргыз жигиттери бүтүрөт. «Регистрация» деген мен үчүн өтө маанилүү куш тилиндей кагазды алып кененирээк басып кыргыз мигранттарынын күнүмдүк ташпиши менен тааныша баштадым. Орусиядагы Кыргызстан Москванын борбордук райондорунун биринде жайгашкан ВДНХ деп аталчу жерде «Кыргызстан» көргөзмө-соода борбору деген имаратка алгачкы жолу баш багып, кадимкидей Кыргызстанга келгендей боло түштүм. Комуз күүсү жаңырып жылуу тарткан эки кабаттуу залда өңчөй кыргыз колоритин чагылдырган туш кийиздер, буюмдар, мамлекеттик желек илинип турат. Бул имарат Москвадагы кыргыздар үчүн өзгөчө маанилүү экендигин дароо эле баамдадым. Жетекчилиги деле ичинен жаап алып, сыртка «кароолчу» кыздарды кайтартпастан эшигин кенен ачып ар ким өз жумушу менен алек. Бишкекте салтка айланып калгандай ийменип «…Баланча Түкүнчоевич ордунда бекен?» деп сурай турган деле киши көрүнбөйт. Кыргызстанда жүргөндө Москва кыргыздары тууралуу көп адамдан кеңеш алып, кыргыздардын башын бириктирип, коомдук иштер менен алектенген, жалпайтып айтканда кыргыздардын лидери керек десем баары эле Кожоев Кубанычбек деген мырзанын дарегин таап ошол кишиден маалымат алсаң болот дегенинен ал кишини издеп таптым.

Кубанычбек мырза мен ойлогондой эки кабат эшиктин артында эмес экен. Бөлмөсүнүн эшиги ар дайым ачык, кабылдамага келген ар бир адам менен жеке олтуруп, арыз-муңун угуп ошого жараша иш алып барган бир мүнөз, карапайым адам. Алгачкы эле сөзүбүз «Кыргызстан» көргөзмө-соода борбору тууралуу болду. Анткени Орусиянын борборунда Кыргыздын үйү, маданияты, адабияты, тарыхы бар экендиги менин кызыгуумду арттырды. Кубанычбек мырза бул имараттын тарыхын баштан аягына чейин айтып, кандай мээнет менен түптөлгөнүн жана бутуна тургандан кийин рейдерлик чабуулга кабылгандыгын баяндап берди. Бул чоң тема, кийинчерээк өзүнчө сөз болсун.

«Кыргызстан» совхозуна саякат Маектешим жеке эле Москва кыргыздары эмес жалпы Россиялык кыргыздардын учурдагы абалын, мекендештердин келечеги тууралуу сөз козгоп олтуруп абдан маанилүү бир маалыматты ачыктады. Илгери тапкан-ташыганыбыздын бардыгы меники эмес Совет өкмөтүнүкү деп коммунизм кура албай убараланып жүргөндө Компартиянын «Борбордук Россиянын кара топурактуу эмес жерлерин өздөштүрүү» чечими боюнча Кыргыз ССРне Ярославль облусунан эки совхоздун жерин өздөштүрүү бекитилген. Аталган аймакка Кыргыз ССРнин каражатынын эсебинен короо-сарайлар, өндүрүш объектилери, көп кабаттуу үйлөр курулган экен. 1976-жылдары Кыргызстандык куруучулар совхозду өздөштүрүп, жаңы имараттар салынып, ошол кезде Советтик Кыргызстандын намысын, аброюн көтөрүптүр. Мына ошол совхозду көрүп келүү үчүн Ярослав облусуна сапар алдык.

Москва шаарынан Ярославга чейин  кыргыздар унаа менен жол сурап бара жаттык. Совхоз өзү чакан болгону менен жол катар сураган жүргүнчүдөн тарта МАИ кызматкерлери, май куюучу станцияларынан, жүк ташуучу автоунаа айдоочулары да «Кыргызстан» («Киргизия» эмес) деген совхоздун кайсыл жерде жайгашканын дыкаттык менен түшүндүрүп берип жатты. Атүгүл МАИ кызматкерлери кыргыз конок экенсиңер деп бир топко узатты. Ярослав облусу Кыргызстан менен Союз кезинде эле ымалалаш болуп, эки шаардын тургундары бири-бири менен тыгыз катташып турчу дешет. Азыр да бул облустун борборунда Кыргызстандан келген тургундар жүздөп саналат. Жол боюнда боз үй келбетинде жасалган көк түстөгү аялдама жол жүрүүчүлөрдүн көзүнө дароо урунат. Арыраак жагында чоң тамгалар менен кашкайып МСП «Киргизстан» деп жазылып турат. Ал жол менен жүрүп олтуруп акыры совхоздун өзүнө жеттик. Айыл боюнча жалгыз Базарбай аттуу саанчы-оператор бизди тозуп алды. Кара-Суу районунун Мады айылынан келип, Кыргызстан совхозунда эмгектенгенине беш жылдын жүзү болуптур. Чаканыраак бөлмөдө кыргызча эт асып, чайын демдеп отурган Базарбай менен бир топко баарлаштык.

 

1Базарбай Салибаев, Россиядагы «Кыргызстан» муниципалдык айыл-чарбачылыгынын саанчы-оператору:

- Базарбай мырза, канча жыл болду бул жакта эмгектенгениңизге

– Ярославга келгениме беш жылдай болду. Айылда илгертен совхоздо чарба иштерин иштеп көнүп калганмын. Союз ыдырап кеткенден кийин жашоо татаалдашып кетпедиби. Ар кайсы жумуштарды иштеп, аягында Ярославга «Кыргызстан» деген совхозго мал чарбачылыгына сунуш түшкөндө таң калдым. Совхоз деген түшүнүк бизде жоголгонуна канча болгон? Анан Кыргызстандын бир облусуна кетип жаткандай эле сезим менен келе бердим. Жаман болгон жок. Бала-чакага, үй-бүлөөнү бакканга жетээрлик маяна алам. Жумуш кадимкидей бир тартипте жүрөт. Кыргыздардан азыр жалгыз менмин. Айрым жалкоолор бул жакка келип иштегиси келбей кетип калышат.

- Эгер, Кыргызстандан мекендештерибиз көчүп келчү болсо совхоздун кандай мүмкүнчүлүктөрү бар?

– Бул жерде башкысы айыл-чарбаны өнүктүргөнгө шарт бар. Жерлер абдан көп, иштесе болот. Картошка, дан эгиндерин өстүрсө болот. Суу бир аз тартыш бирок, жамгыр көп жаагандыктан кайрак эгин деле түшүмүн мол берет. Андан сырткары мал чарбачылыгына абдан ыңгайлашкан. Сарайлар кеңири, жем-чөптөн проблема жок. Жайында жайыттар абдан кенен. Биз негизи мал жандуу калк болгондуктан ойлойм мал чарбачылыгын өнүктүрүп кетүүгө мүмкүнчүлүк абдан кенен.

- Бул жер борбордон өтө эле четте эмеспи?

– Москва дүйнөдөгү ири шаарлардын бири. Болгону Москвадан 200 чакырым алыстыкта. Электричка, поезд дегендер ушул жерден өтөт. Жеке эле Москва эмес Свердловск, Чита, Архангельск жана башка көп жерге темир жол рейстери жүрөт. Автобустар деле каттайт Ярославга чейин. Биз Ярославга чейин поезд менен барабыз. Ал жер деле өндүрүшү кенен, соода-сатыкка ыңгайлуу жер. Облустун борборуна чейин 70 чакырым жол жүрөбүз.

 – Кыргызстан муниципалдык айыл-чарба мекемесин акционерлештирип сатыкка жарыялаганын билесиз да?

– Ооба. Чарбаны толугу менен кошо сатыкка койду деп жатат. Акционерлештирилчү болсо кыргыздын жигиттери эле алганы ыңгайлуу болмок. Анткени, биринчиден Кыргызстандын бул жерди өздөштүрүүгө моралдык укугу бар. Себеби, кезегинде кыргыздар курган бул совхозду. Эми башка бирөө сатып алса аты да өзгөрөт, биздин мекендештерибиз да көп мүмкүнчүлүктү колдон чыгарат. Кожоев Кубанычбек деген жигит бул долбоорду ишке ашыруу үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, кыргыздарды бириктирип, Ярославдын администрациясы менен жолугушуп жатат. Эми башка мекендештер колдоп берсе болот эле. Демилгечи Россиянын айланасына кыргыз борборун турукташтыруу татаал эмгек. А бирок жакшы ниет, жарым ырыс дегендей, мал жандуу бир ууч кыргыз үчүн шарты бар, жери кенен өз мекендештерибиз куруп берген совхозду колго алып иштетүү мүмкүнчүлүгү турганда аны колдон чыгарып жиберүү абийир алып келбейт. Кубанычбек мырзанын өзүнө бул демилге боюнча кыскача суроо салып пикирин угуп көрдүк.

– Кубанычбек Шералиевич, Ярославдагы «Кыргызстан» совхозу (МСП) чынында табиятынан мал-жандуу келген кыргыз калкы үчүн ыңгайлуу өрөөн экен.  Демилгени көтөргөнүңүзгө канча убакыт болду жана колдоо таап жатабы?

– Биз ал чарбанын тарых-таржымалын жакшы билебиз, андыктан бат-бат барып кабар алып турабыз. Анткени, бул чарба да кыргыз элинин Союз убагынан калган тарыхый мурасы десе болот. Бул чарбаны курууга канчалаган адамдар катышкан, эбегейсиз эмгек кеткен. Биздин милдет өткөндөрдүн мурасын, Ярослав жергесиндеги кыргыз изин, тарыхын сактап калып, мүмкүн болсо өнүктүрүп, кийинки муунга өткөрүп берүү. Ошондон улам, айыл-чарбасын өнүктүрүү машакаттуу жумуш болсо да, долбоор түзүп, ошо чарбаны өнүктүрсөкпү деп бел байлаганбыз.

- Жергиликтүү калктын башка улуттарга болгон көз карашы ар дайым эле түз боло бербейт эмеспи?  Кыргыз мекендештерибиз бөтөн жерде, чарбакер болсо кодуланып калбайбы?

– Аны да ойлондук, бирок бул жерде «кыргыз» деген сөзгө, улутка жергиликтүү эл 35 жылдан бери көнүп калышыптыр. Эгер, кыргыздар көчүп келсе жергиликтүү эл өгөйлөбөй тургандыгын айтышты. Бул маселени район жетекчилеринин, депутаттарынын алдында да көтөргөнбүз, баардыгы колдоо көргөзүп, өгөйлөөлөр болбой тургандыгын белгилешкен. Бирок баары бир, кайда жашабасак да, өзүбүздүн үрп-адаттарыбыз менен бирге эле ошол жердин мыйзамдары менен жашаганга аракет кылыш керек да.

- «Кыргызстан» совхозун кыргыз калкынын упайына алып калууга расмий бийлик таасирин көрсөтүп, каржылаганга мүмкүнчүлүгү барбы, кайрылып көрдүңүздөрбү?

-Биз азыр базар экономикасында жашап жатабыз, эч жерде бекер нерсе жок. Бул чарбаны да заманга жараша өнүктүрүү зарыл, долбоор жазып айыл-чарбаны өнүктүрүү боюнча федералдык программаларга киргизип дегендей. Өзүңөргө белгилүү, Россиянын айыл-кыштактарында эл турбай, көбү шаарларга жылып кетишүүдө, айыл-чарба маселеси оор. Бирок, кыргыздар келип өздөрү курган чарбаны өздөштүрсө, губернатор да, орус өкмөтү да колдоо көргөзөөрүн айтышкан.

- Жеке ишкерлер өз дараметиңиздер менен инвестициялап, ишке ашырып жатсаңыздар келечегин кандай элестетесиз

– Россияда кыргыздын саны арбын болуп калды, көбү жарандык да алышты. Элдердин чарбага келишинен мурун келе турган адамдарга биринчи иретте жумушчу орундарын, үй-бүлөөлөрү үчүн жашоо шарттарын түзүп берүү зарыл. Ансыз айыл-чарбага эч ким барбайт. Бул чарбанын келечегин бир эле мал же эгин менен элестетпестен, комплекстүү өнүктүрүү боюнча долбоордун үстүндө иштеп жатабыз.

Мелис Кыязов, Москва шаары

Айбат гезити №58



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru