Айбат » Жазгүл: “Кыздар эч качан боюңардан алдырбагыла!”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Жазгүл: “Кыздар эч качан боюңардан алдырбагыла!”

1Атым Жазгүл, Жалал-Абаддан болом. Мындан 3 жыл мурун турмушка чыккам. Күйөөм экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө боюман 4 жумалык кезинде алдырган элем. Азыр ошону бекер алдырыпмын ден өзүмдү жеп келем. Курсактагы баланын да каргышы тиет экен. Мына эми ошонун  кесепетинен балалуу боло албай жатабыз.

Марска төрөп эле алайынчы десем, туугандарым эмне дейт, досторума шылдың болобуз, андан көрө алдыртып салабыз, кийин үйлөнгөндө деле балалуу болгонго жетишебиз деп мени бир жумада араң көндүргөн. Баланы алдырткандан кийин эле ишибиз такыр оңолбой койду. Анан бир жылдан кийин Марс экөөбүз баш коштук. Мына быйыл экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө үч жыл болду. Мен келин болуп барган күндөн бери эле кайненем менен келише албай койдум. Кайненем мени күйөөмөн, кайнатаман кызганып ар күнү ар түрлүү чыр чыгарат, менин кылган ишимен кынтык таап алып уруша берет. Башында келин менен кайнененин илгертен келе жаткан конфликти деп жүргөм. Кийин урушубуз абдан көбөйчү болду. Үйгө мен келгенде бир да тирүү гүл жок болчу. Күнүгө жумуштан чыкканда гүл сатып келип атып үйдө гүлдөр толуп калган болчу. Күнүгө аларга суу куюп баламдай эле бапестеп багаар элем. Бир күнү жумуштан келсем кайненем гүлдөрдүн баарын жулуп топурагынан ажыратып, эшикке ыргытып салыптыр. Ыйлагым келди. Кайненелик кылып атат го деп анда унчуккан жокмун. Гүлдөрүмдү кайра отургузуп койдум. Чыкканы чыгып, чыкпаганы өлүп калды. Арадан 6 ай өттү, кайненем күйөөмдүн тапканына кийлигишип, мага жаңы байпак алып берсе да чыр чыгара берет. Күйөөм болсо көнүп калыптыр. Ага башы да ооруп койбойт. Бир күнү иштен келип манты жасадым, кайнатам абдан даамдуу болуптур деп мантымды жакшы жеп атса кайненем дагы чыкты, “Сен мен жасаган тамакты такыр жебейсиң! Өлүп бара жатчудай болуп келиниң жасаган тамакты шумдук сукулдап жеп атасың го”  десе эле кайнатам  ордунан тура калып кайненемди бир чапты. Эртеси кайненем төркүнүнө кетип калды. Булардын урушуна мен күнөөлүү болуп калдым деп өзүмдү жеп жүрдүм.

Боюма бүттү, балалуу болот экенбиз деп жолдошум экөөбүз сүйүнүп жүргөнбүз. Курсагымдагы балам 5 жума болуп калганда доктурга барсам, баламдын жүрөгү сокпой, түйүлдүктүн өсүшү токтоп калыптыр. Ичимди тазалаттым. Тазалатып атып, биринчи баламды чанып боюман алдырткан күндү эстедим. Ошондо күйөөмдүн сөзүн укпай эле төрөп алсам эмне деп көзүмөн жашым он талаа болуп ооруканадан чыктым.

Келип күйөөмө өксүп ыйладым, кайнатам, силер жашсыңар, кудагыйларга айтпай эле кой, буюрса балалуу  болуп калабыз деп жоошутуп койду. Ал ортодо кайненем кайра оокаттарын ташып көчүп келди. Кайра тозок жашоо башталды. Күнүгө менин тапкан акчамды тактап сурап чогултканын кайра баштады. Көрсө мен турмушка чыккычакты күйөөм тапкан-ташыганын бир тыйынын коротпой кайненеме алып келип берип турчу экен. мен келгенден кийин акча азыраак алып келип калганына жини келип чыр чыгарып буларды ажыраштырам деп жүрүптүр. Кайненем кайнатамдын экинчи аялы экен. Мурунку күйөөсүнөн 3 баласы бар экен аларды кайнатам менен күйөөмдүн тапкан акчасы менен багып жүрүптүр.

Кийин ал кайненем өгөй экенин билип ичим сыздады. Албетте, өгөй өгөйлүгүн эле кылат тура. Күйөөм менен кайнатамдын тапкан ташыганын балдарына жумшап, алардын муктаждыктарын алып берип жүрүптүр. Акчасы түгөнүп байкуш боло баштаганда үйгө сөлдүрөп келди. Анын өгөй экенин укканда ага таарынбай да калдым. Баса, бир күнү мен жумушка барбай калган күнү кайненем мончого кетти. Үйдү жыйнап атсам эле жүктүн үстүндө турган кайненемдин сумкасы кулап түштү. Сумкасын алып коёюн десем эле ичинен менин сүрөтүм түшүп кетти. Абдан таң калдым, сүрөтүмдү “Аалам сырлары” көрсөтүүсүндө чыккан көзү ачыктардын дареги бар гезитке ороп алыптыр. Аны көрүп нес болуп туруп калдым. Көрсө кайненем балалуу болбой калсын деп көзү ачыктарга барып жолумду буудуртуп жүрүптүр. Ошол күндөн баштап кайненемди көрөйүн деген көзүм жок. Күйөөмө айтсам, ал мага такыр ишенбей койду. Үйдөгү уруш болсо күндөн-күнгө күчөй баштаганынан улам күйөөм да чыдабай кетип, экөөбүз батирге чыгып кеттик. Ал жакта кичине көңүлүм жайдары болду. Күйөөм экөөбүз тең бир курс дарыландык. Боюма бүттү, бул бешинчиси болчу. Бирок бул да 4 жумасынан кийин эле өспөй, жүрөгү сокпой калыптыр кайра тазалаттым. Мен үчүн гинекологго барып, анын креслосуна чыгуудан өткөн тозок жок бул дүйнөдө. Ар бир барганымда кудайдан жалынам. Кайненем менин баладан жолумду бууп атканда өзүнүн кызын менин ордума коюп койсо жакшы болмок. Эми жолумду ачтырайын деп, жакшы касыйдачы молдо таппай жүрөм.

Балалуу болбогондон кийин үйдө бат-баттан эле чыр чыга берет экен. Күйөөмдүн да шагы сынып, мага сүйлөгүсү да келбей калды. Себеби анын досторунун аялдары биринин артынан бирин төрөп, конокко барсак балдардын күлкүсү… Алардын ата-энесинин бактысын карап алып зээнибиз кейийт. Эми минтип дагы балабыздан кол жууп отурабыз. Сөзүмдүн аягында айтаарым, кыздар эч качан боюңардан алдырбагыла!

Айбат гезити №58



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Гулайым:

    Урматтуу мырзалар! Баарынарды мекен коргоочулардын куну менен куттуктайм!
    Мен бир куну кочого группалашым менен чыгып калдым. Жалал-Абадтагы Спутник кичи шаарчасында айланып жургонбуз. Капыстан Багери торт жасалчу жерден эки жубайга козубуз тушту. Куйоосу уруп жаткан экен. Казан аяк анда санда кагылышып турат деп дуконго кирип иш издеген адам болуп, иш сурамыш этип кайра чыктык. Жанагы экоонун жанынан отуп баратып анча-мынча созу кулака чалынды. “Мен эмне кылдым?”-деп байкуш кыз ыйлап жатыптыр. Унчукпай жанынан ото бергенибизде жанагы жигит кызды муш менен бетине уруп, отуруп алса башына урду. Ыйлап жатты… Урматтуу эркектер: майрам деп ичип алып, алсыз аялдарга кучунорду чыгарбагыла? Убалына каласынар! Каргышына каласынар! Биз дуйного сыналууга келгенбиз. Тубубуз ылай, туркук эмес пендебиз. Бугун болсок убактылуу дуйнодо… Эртен эле СУРАК берчу жердебиз! Аллахым баарыбызга нысапты оз убагында берсин!
    Ассалоому Алейкум Ва Рахматулло0хи Ва Баракатуху!

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru