Айбат » Жаныш Бакиев Кыргызстанды чайпалтууга даярдык көрө баштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жаныш Бакиев Кыргызстанды чайпалтууга даярдык көрө баштады

Жаныш Бакиев«Вести.kg» сайты оппозициялык топтордун арасындагы өздүк булактарга шилтеме менен билдиргендей, Кыргызстанда Медет Садыркуловдун өлүмүнө күнөөлөнүп, өмүр бою камакка алуу боюнча сырттан чечим кабыл алынган Жаныш Бакиев белорусиялык паспортун колдонуп, 10-декабрда Үрүмчүгө барып келген.

Аталган сапарында Жаныш Бакиев Кыргызстандагы митинг-пикеттерди уюштурууга даярдап койгон акчасын өткөрүп берген имиш. Бир канча миллиондогон долларды алып келүүдө ортомчу катары Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун көздөй адамдарын аташууда.

«Жаныш Бакиев январдын башында, 7-8-январларда өлкөнүн түштүгүндө үлкөн митинг уюштурууну көздөөдө. Анын шылтоосу катары Мырзакматовдун мэрликке талапкерлигин колдоо жана Келдибековду бошотуу талаптары болмокчу. Түштүктөгү акцияларды колдоп, түндүктөн саруулуктар да талаптарын айтып чыгышмак», – деп булактар билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы Белорусиянын элчиси Виктор Денисенко Бакиевдин 40 жакын адамына белорустук жарандык берилгени боюнча маалыматы жок экенин айтты. Мурдунан алысты көрбөй отурган Лукашенконун мекенинде кыргыз оппозициясынын командалык борбору куралып жатышы мүмкүн.

Айбат гезити №59



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru