Айбат » Садыр Жапаров «Кумтөрдөн» 3 млн. доллар өөнөгүсү келгенби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Садыр Жапаров «Кумтөрдөн» 3 млн. доллар өөнөгүсү келгенби?

Жапаров СадырАкаев, Бакиев заманында «Кумтөр» оюна түгүл түшүнө кирбеген «ата журтчу» Садыр Жапаров башына иш түшкөндө «Кумтөрдү» бетине кармап, «баатыр» болуп чыга келди. Анын түпкү максаты – «Кумтөр» көйгөйүн чечүү эмес, бийликке келүү экендиги өткөн жылдын 3-октябрында билинди. Натыйжада соттолуп, «саясый өлүккө» айланды. Ал бир жагынан бийликти басып алууну көздөсө, экинчиден акча жасоону көздөгөнү ачыкка чыга баштады.

Окурман журтчулугуна түшүнүктүү болушу үчүн окуяны башынан баяндайлы. Садыр Нургожоевичтин оң колу саналган Эрмек Жунушбаев, Бахтияр Курманов аттуу жигиттер ушул жылдын май айында Жети-Өгүз районунда баш-аламандык уюштурушканы белгилүү. Андан кийин «Кумтөрдүн» өкүлүнөн 3 млн. доллар талап кылып жатканы тасмага тартылып, коомчулукка жарыяланган эле. Бул тасмага байланыштуу борбор калаадагы Биринчи Май райондук сотунда сот процесси жүрүүдө. 20-декабрдагы отурумда «Кумтөрдүн» коопсуздук кызматынын башчысы Турумбек Дүйшөналиев көрсөтмө берди. Анын айтымында, Жунушбаев менен Курмановдун 3 млн. доллар сураганы чын. «Бахтияр Курманов менен Эрмек Жунушбаев «Кумтөрдүн» өкүлүнөн 3 млн. доллар талап кылышкан. Каражаттын жарымын накталай, калганын бизнес-долбоорго деп сурашкан» деген Турумбек мырза окуянын кандай болгонун баяндады.

Э.Жунушбаев менен Б.Курманов жөндөн жөн эле барып ири каражат сурабасы аштан бышык. Анын үстүнө, тасмада алардын артында С.Жапаров, К.Ташиев сыяктуу оппозиция лидерлери турарын, эгер шартка көнүшпөсө «Кумтөрдү» жаап, кытайларга берип салышарын айтканын көрөсүн.

Садыр мырза инисинин бөйрөгүн алмаштырмакчымын деп үч айдан бери Минскидеги КурСалиевичтин жанында жүрөт. Эгер, мекенине кайтып келсе, ушул окуя боюнча да жооп бериши керек го?

Айбат гезити №59



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru