Айбат » Мына сага! «Тарс» кое берилип, конвертке салынып келген миллиондор кимдин колунда?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Мына сага! «Тарс» кое берилип, конвертке салынып келген миллиондор кимдин колунда?

1

Азыркы оппозициянын көшөгө артында түрдүү оюндарды жасап коюп, суурчасынан «ийиндеринен» баштарын чыгарып «дурус эле болуп атат» дегенчелик кылып карап тургандары алардын чыныгы жүздөрү кандай экендигин дагы бир жолу көрсөтүүдө. Мамлекетинин өнүгүшүн каалаган инсан мындай кылбайт эле. Жети-Өгүз мененЖалал-Абаддагы окуялардын күрөө тамыры бирөө эле экендигин аңдап билүү үчүн анчалык деле ашынган акылдын кереги жок.
Канчалык бул митингдерди уюштургандар баштарын «жууркандарына» катпасын, коомчулукта аттары аталып калды. Анткени митингдеги талаптар, андагы аракеттер оппозиция талаасында кыйкырып жүргөн саясатчылардын «мүнөзүн» дапдаана көрсөтүүдө. Эске сала кетсек, Азимбек Бекназаров: «Бийлик биздин талаптарды аткарбаса, анда жер-жерлерде элдик бийликти орното баштайбыз» деп билдирген болчу. Ошол аракеттин болуп жатканы Жалал-Абаддагы облустук администрацияны басып алып, мамлекеттик кызматта иштеп калары түшүнө да кирбеген Медер Үсөновду «элдик губернатор» кылып шайлап жибергендеринен билинди. Бул митингди уюштурган деп аттары аталган саясатчылар Азимбек Бекназаров, Акматбек Келдибеков, Эркин Бөлөкбаев, Кубанычбек Исабековдор: «Биз бул митингди уюштурган жокпуз, таптакыр тиешебиз жок» дешип так текедей түйүлө танып чыгышты. Кыскасын айтканда, «ботко чалганды» билишет дагы, ага жоопкерчилик тартуудан качышат.
Мындай ири акцияларды уюштуруу үчүн оңбогондой чоң каражат талап кылынаары турган иш. Анчалык акчаны эптеп тиричилик кылып жаткан айылдык туугандарыбыз көчөгө чыгып кыйкырууга сарптаганча, бала-чакасынакийим-кече, китеп-дептер алып беришмек. Демек, казан-казан эт асылып, катар-катар боз үйлөрдү тигишип, токулган аттарды «Камаз» менен ташып келгендерине караганда, оппозициянын анабашчылары кайсы бир жактан ири суммадагы акча каражатын алышканы көрүнүп турбайбы? Алардын дарегине ушундай маанайдагы сын-пикирлерайтылса эле: «Кыргызстанда катуу шамал болуп кетсе да Бакиевдерден көрө бергиле, бирөө катуураак «тарс» кое берип койсо да Бакиевдер дегиле» дешип эле чычалап жатып калышат. Алардын дарегине деги эле жаман сөз тийгизгилери келбейт. Канткен менен бакиевдер чет өлкөлөрдө туруп алып, «тарс» кое берип туруп, анысын «конвертке салып» жөнөтүп жиберишип, элдин тынчтыгын ойлобогон эргулдарды кутуртуп жатпайбы? Алардан келген «миллиондорго» бакиевчил оппозициянын эшик алдыларындагы теректеринин башын шамал ыргалтып, күнчарк-чурк эткендей болуп туюлуп калып жатат да. Анан бүтүндөй кыргызстандыктар алардын көздөрүнө «ыргалып», азыркы бийликти жек көрүп жаткандай туюлат. Жо-ок «азаматтар» андай эмес. Болгону силердин башыңардын ичинде «шамал» жүрүп, кимдир-бирөөлөр «тарс» кое берип атат. Анан чет жерлерден келген акчалар менен оппозициячылдар «куурчак театрын» уюштурушууда. Мисалы, 200—300 кишинин жетеги менен барып үч күн «элдик губернатор» боло калган Медер Үсөновдун ким экендигин «Айкөл Ала-Тоо» бирикмесинин өкүлдөрү төкпөй-чачпайайтып беришти. Азыркы тапта Медер Үсөнов Азимбек Бекназаров түзгөн «Эл үнү» кыймылынын Жалал-Абадоблусу боюнча координатору экен. Ал эми эски тарыхына кайрыла турган болсок, Бакиевдердин убагында Адыл жана Акмат Бакиевдердин колтугунан жылуу орун таап, Кытайдан мыйзамсыз эт ташыган. Бүгүнкү күндөЖалал-Абадда кафе, ресторан, түнкү сауналарды иштетет экен. Андан сырткары, 2010-жылы бул киши «Ата-Журт» партиясынын атынан парламенттик шайлоого катышкан. Демек, Медер Үсөнов бир жагынан Азимбек мырзага, экинчи жагынан Акматбек мырзага жакын болуп жатат. Ушул факты эле бул митингдерди уюштургандардын башында Бекназаров менен Келдибеков турат дегенди тастыктап жатат. Анын Бакиевдер менен болгон жакындыгын эске алганда, миллиондор кайдан келип жатканын жашыруу кыйын болуп калат. Айткандай эле Медер Үсөнов УКМК тарабынан кармалып, кайра убактылуу бошотулгандан кийин Минскиде жаткан Курманбек Бакиевге тил бүтүп, учурдагы бийликти «Интерфакс» агенттиги аркылуу согуп алды.
Анын айтымында, учурдагы бийлик өлкөнү эффективдүү башкара албай жатыптыр. Демек, Кыргызстандагы башаламандык Бакиевдерге майдай эле жагып жатканын түшүнүп турабыз. Ушундай кырдаалды түзүп берген өзүнүн «куурчактарына» абдан ыраазы болуп жатса керек. Азыркы бийлик атайын уюштурулган башаламандыкты тынчтандыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларга эч кандай күч колдонбогонго аракет кылып жатканын билбейби? Же өзү бийликтен кантип куулганын унутуп калды бекен? Бакиевдин мындай «кубаныч» менен үн катканына белгилүү саясат таануучу Марс Сариев акыйкат пикирин билдирген экен. «Бакиев өлкөнү башкара албагандыгы үчүн куулуп кеткен. Азыркы бийликти кайсы себептер боюнча кууганга болот? Эгерде Бакиев өлкөнү акыйкат башкарганда, азыр Минскиде эмес, Кыргызстанда жашамак. Андыктан мамлекетибизден сырткары туруп алып, өлкөдөгү кырдаалга баа бергени чындыкка дал келбейт жана туура эмес», — дейт Марс Сариев. Бүтүндөй Кыргызстанды үй-бүлсөү, туугандары жана бир ууч кошматчылары менен аз эле жерден талап-тоноп, жок кылып кое жаздаган Бакиевдин деги эле кимдир-бирөөнү сындаганга кантип дити барып жатканын түшүнүү кыйын. Айтор, оппозициячылдар канчалык көшөгө артына жашынышпасын, болуп жаткан башаламандыктардын башында тургандары оркоюп эле көрүнүп калды.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru