Айбат » “Замандаш-Современниктин” депутаты Н.Жолдошевди Мырзакматов кантип сатып алган?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Замандаш-Современниктин” депутаты Н.Жолдошевди Мырзакматов кантип сатып алган?

ЖолдошевОш шаар мэринин креслосунун айланасындагы оюндар апогейине жетүүдө.

Белгилүү болгондой, Ош шаардык кеңеште жалгыз мандатка ээ болгон “Замандаш-Современник” партиясы өзүнүн депутаты Н. Жолдошевди чакыртып алды. Албетте, бул партиянын мыйзамдуу укугу – алар бул адамга ишенип, шаар кеңеште партиянын кызыкчылыктарын коргосун деп дайындашкан.

“Замандаш-Современник” партиясы мындай кадамын Жолдошевдин “чыккынчылыгы” менен түшүндүрдү. Анткени шаар кеңеш шайлангандан кийин дароо аталган партия КСДП, “Ата Мекен” жана “Республика” менен коалиция түзмөк экен. Ал эми Жолдошев болсо партиянын чечимине моюн бербей, экс-мэр Мырзакматовдун “Улуттар Биримдигине” кошулуп кеткен.

Бул партиянын чечиминен соң эмнегедир “Улуттар Биримдиги” үнүн өктөм чыгарып кыйкырып чыкты. Алардын айтымында, мындай кадамдар эптеп эле Мырзакматовду кайрадан мэрлик креслосуна жеткирбеш үчүн жасалып жатыптыр. А бирок “Улуттар Биримдиги” билбесе, биз айтып коёлу – Жолдошевдин мындай кадамына кадимки соодалашуу түрткү болуптур.  Бул боюнча маалымат каражаттары мурда деле жазып келген. Жолдошевдин “башы” үчүн 500 миң сом, ал эми анын агасына Муниципалдык базарлардын жетекчиси кызматын алып берген имиш. Ошондон улам, “Замандаш” депутатын биротоло “жоготуп” алган.

“Замандаш” партиясынын өкүлү Таалай Сагыновдун айтымында, Жолдошевди чакыртып алуу бир эле күндө чечилген эмес. Буга чейин да аны “түз жолго” коюу аракеттери болуп келген. Бирок агасына кресло соодалап алган Жолдошевге албетте, артка кайтууга жол кайдан? Ошондуктан “Замандаш” аны депутаттык мандатынан ажыратып, партиядан айдап ийишти.

Ал эми “Улуттар Биримдиги” болсо башка партиянын иштерине кийлигишип, сатып алган депутатты коргоп жатып калгандарына баарыбыз күбө болдук.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №59




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru