Айбат » Ташиевди Россияга качууга аргасыз кылган себеп табылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ташиевди Россияга качууга аргасыз кылган себеп табылды

камчыбек ташиев

Чыңгызхан боло коёт элем деп болгон-толгон деңгээлин көрсөтүп алган Камчыбек Ташиев ар тараптуу банкротко учурап тургандагы кербези.

Баш иштебесе, буту-колдун шору демекчи, күнүгө жумушуна эшиктен кирип жүрүп эле бир күнү тосмодон секирип киргиси келгенинен улам адегенде көчүгү жабыркап, анан саясаттагы кадыр-баркы жабыркап, туптуура 9 айлык өмүрү жабыркап, ал ортодо акесинин ордуна бизнесин көзөмөлдөп тура турган иниси бизнесинин ашмалтайын чыгарып финансы жагынан да жабыркап калыптыр.

Тогуз ай абакта жатып психологиялык абалы да жабыркап калган экен (мурда деле анчейин эмес беле?) борбор шаарда бирди сүйлөп, түштүктө барып анын карама-каршысын сүйлөп, айтор карапайым эл кайсыл Камчыбекке ишенерин деле билбей калышты. Кыскасы, ишенимден кетти.

Эми айласы кеткенде кече жакында «Мага карата саясый куугунтук болуп жатканынан улам үй-бүлөмдү Россияга алып чыгып кеттим. Россия мага саясый башпаанек берди» деп өзүнө тиешелүү телеканал аркылуу кабагын карыш түйүп алып билдирүү жасаган. Бирок, андан көп өтпөй эле Россия ага башпаанек бербегендиги маалым болду. Кыргызстандын ичиндеги аракеттери тууралуу калп айта берсе айрым адамдар ишене берет эле, ушу Россияны кошо коюп чыныгы калпычылыгы ачыкка чыгып калды.

Баса, Качыбек мырзанын финансы жагынан банкрот болуп калганынын себеби деле түшүнүктүү экен. Азыр иниси экөө кер-мур айтышып жатканда «Мен ал акчаларды сени абактан чыгаруу үчүн жол тосмойлорго, сот залында кыйкырмайларга короттум, болбосо чыкпай калмаксың» деген инисинин кебин эшиткендер бар экен. Карызга баткан Камчыке андан качып кутулуу үчүн Кыргызстандан биротоло чыгып кетип, чет жактан бизнесин жүрүштүрүүгө кирише турганы чынбы?

Айтор азыркы тапта Камчыбек Ташиевдин айласы алты кетип, аргасы куруп тургандагы кербези. Же бизнеси жүрүшпөй, же саясаттагы кадыр-баркынан жок Минскини карап турат дешет. Кыязы ошол жактан акча келсе, бир аз  бизнесин жолго коюп, калганына дагы көнүп калган Чыңгызхан жүрүштөрүн жасагысы келет окшойт.

үй-бүлөсүн да ошол үчүн алдын-ала сыртка алып чыгып кеткенин баамдоого болот. Качыш керек болуп калса, үй-бүлөңдү чогултуп жүргөнчө, жалгыз качкан жеңилирээк эмеспи?

Айбат гезити №60



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru