Айбат » Келдибековдун байлыгы түгөнбөйт окшойт…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Келдибековдун байлыгы түгөнбөйт окшойт…

Келдибеков Акматбек

Ушул жашка келгенге чейин жалаң мамлекеттик кызматтарды аркалап, ЖК төрагасы болгонго чейин жетишкен Жогорку Кеңештин депутаты, коррупцияга шектелип камалган Акматбек Келдибековдун байлыктары биринин артынан бири чууруп чыга берет окшоду. Кыязы, анын байлыктарынан документалдуу роман жазсаң да болчудай. Байлыктарынын ар бирин тизмектеп жазууга бир нече калемсаптын сыясы кетчүдөй. Ал эми алардын кандайча Келдибековго жана анын туугандарына таандык болуп калганы тууралуу жазсаң, кагаз бети түт келбейт. Буга чейин эле анын катар-катар тизилген кымбат баалуу автоунаалары, гектарлаган жер тилкелери, Ысык-Көлдүн жээгиндеги 14 коттеджи (анын эң арзаны 100 миң доллар турат), борбор шаарыбыздагы элиталык көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлери, хан сарайлары, сауналары, түштүк жергесиндеги жер тилкелери тууралуу өтө эле көп жазылды. Кызыгы мына ушул байлыктардын бардыгын анын өмүрлүк жары Аида Токтоматова «Биз бардыгын өз эмгегибиз менен тапканбыз» деп чыккан. Эгерде эч кандай бизнеси жок туруп, мамлекеттик кызматта иштеп эле ушунча байлык топтоого мүмкүн болсо, анда калган карапайым эл жөн эле эшек такалап жүргөн турбайбы деген ойго келесиң. Анда неге «мамлекеттик кызматтарда айлык акы аз» деп ыйлактап жатабыз? Келдибековдой болуп «иштесек» жалаң айлык акы менен мультимиллионер болсо болот турбайбы? Биз ушинтип ээ кагып отурганча Келдибековдун жакындарына тиешелүү дагы бир олчойгон байлыктын изи табылып отурат. «Дордой» соода комплексинин аймагында жайгашкан «Алтын-Тоо» деп аталган чарбалык товарларды жана автоунаалардын тетиктерин саткан базар бар. Мына ушул базарда эле 700гө чукул контейнер жайгашкан. Анын 200дөйү бир гана адамга таандык. Бирок, кимге таандык экендиги көмүскө. Ал эми «Алтын-Тоо» базарынын ээси «НААР» ЖЧКсы болуп эсептелет. Бул жоопкерчилиги чектелген коомдун түзүүчүлөрүнүн бири Акматбек Келдибековдун кайын атасы Нурмамбет Токтоматов болуп эсептелет экен. Эске сала кетсек Нурмамбет Токтоматов убагында Бакиевдин кеңешчиси болуп турган. Кийин Келдибеков спикер болуп турганда күйөө баласына да кеңешчи болуп турган. Кыязы, бул Келдибеков мамлекеттик кызматтарда элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, жалаң өзүнүн жакындарынын, туугандарынын, кайын журтунун кызыкчылыгы үчүн эле иштесе керек. Болбосо, мынчалык байлыкты башы менен жер казып иштеп жаткандар да таба албай келишет. Улам бир байлыгы чубалып чыгып жатканынан улам коомчулук «Келдибековдун дагы канча байлыгы көмүскөдө катылып жатат болду экен?» деген суроо менен түйшөлүп калды…

Айбат гезити №60



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru