Айбат » Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, «Ата мекен» фракциясынын лидери: Кимдин ким экенин баарыбыз жакшы билебиз…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, «Ата мекен» фракциясынын лидери: Кимдин ким экенин баарыбыз жакшы билебиз…

1

Парламенттеги «Ата мекен» фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев менен өлкөдөгү соңку кырдаалдын тегерегинде кенири маек курдук.
— Кыргызстанда стабилдүүлүктүн бузулушуна сырттан да, ичтен да кызыкдар күчтөр бар. Алардын мотиви, себеби ар кандай болгону менен, кызыкчылыгы бир. Алар койгон максатына кырдаалды дестабилдештирүү жолу менен гана жетиши мүмкүн.
Сырттагы күчтөр Кыргызстан алардан көп көзкаранды болсо же таптакыр жок болуп кетсе, региондогу жана дүйнөдөгү салмагы төмөндөсө деген максатты коюшат. Мындай шартта Кыргызстан сырттагы күчтөрдүн жетегинде калып, саясый жактан көзкаранды болуп, кен байлыктарын, табигый ресурстарын, мисалы, сууларын пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлүшү ыктымал. Ал эми ички күчтөр жаңжал менен бийлик алмашып кетсе, бийликтин бир бөлүгүнө ээ болуп калабыз деген үмүт менен аракет кылып жатышат. Бул тынымсыз фактор, ал бир күндө токтогон жок. Кандайдыр бир кырдаалда бир нече факторлордун дал келип калганында ишке ашып кетиши ыктымал. Бирок, мындай ыктымалдуулук бүгүн өтө эле төмөн. Анткени, эл андай күчтөр ким экендигин, артында кимдер бар экендигин, Кыргызстан үчүн кесепети кандай боло тургандыгын билип калышты. Анан ошого да кайыл болуп: «Болсо болсун. Бул бийликти алмаштырабыз» дегидей бүгүнкү бийлик андай жек көрүндүгө жетише элек.
— Мисалы?
— Мурдагы бир үй-бүлөлүк бийликтен бүгүнкү бийликтин табияты башка. «Бардыгын кыйратып, «майкөл, сүткөл заман орнотуп» жиберди» дегенден алыспыз. Бирок, бүгүнкү бийликтин табияты башка экендиги айдан ачык эле көрүнүп калды. Мисал келтирейин. «Ак жол» партиясынын идеологиялык «атасы» жана анын жеңишинин автору Медет Садыркуловду өлтүрүп, өрттөп жибергенде «ак жолчулар» — Медет Садыркуловдун «саясый балдарынын» бирөөсү дагы: «Биздин «атабыз» кайда? Эмне болду?» деп сураган эмес. А бүгүн «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда чыгарылып кеткенде оппозиция гана эмес, башкаруучу коалиция бир добуштан: «Бул Кыргызстандын мыйзамдуулугуна, мамлекеттүүлүгүнө, эл аралык кадыр-баркына чоң сокку урду. Бул сүйлөшүлгөн чечим» деп өкмөт мүчөлөрүн жана биртоп чоң чиновниктер жазалансын деп чечим чыгарды. Эки бийликтин айырмасын көрсөтүш үчүн айтып жатам.
Жети-Өгүз районуна барып келдим. Митингге чыккандар мындай дейт: «Эки күн Батукаевди талкууладыңар. Жети-Өгүздүктөргө көңүл буруп койгон жоксуңар». Батукаевдин 5—6 жылдан бери акчанын күчү менен чыгып кетем деп аракет кылып жүргөнү бүткүл кыргызстандыктарга маалым. Убагында кургак учуктун акыркы стадиясына чалдыкты деген справка да алган. Анда болбой калган. Акчанын күчү менен биздин чиновниктерди сатып алып чыгып кетти.18-январда «Фабула» гезитинин журналисттери МЖАК төрагасы Зарылбек Рысалиевге: «Батукаев чыгып кетет имиш. Кандай дейсиз?» деп кайрылса, ал: «Ал мен тирүү турганда чыкпайт. Аны чечендер чыгарабыз деп катуу аракет кылып жатышат. Мен аны чыгарбайм» деп айткан. Эки ай өтүп-өтпөй эле өз колу менен «Манас» аэропортуна чейин узатып, ВИП-зал аркылуу самолетко салып жиберди. Мен Жети-Өгүздүктөргө мындай деп айтат элем: «Кумтөр» маселеси менен Батукаевдин чыгып кетишинин түздөн-түз байланышы бар. Түрмөдө отурган кылмышкер, мейли ал «мыйзамдагы ууру» болсун, биздин системаны жарыялап туруп сатып алып кетти. Ал эми «Кумтөр» компаниясы миллиарддаган долларларды чапчып отурат, Кыргызстандын байлыгын сапырып отурат. Ал президентти, өкмөт мүчөлөрүн, депутаттарды 20 жылдан бери сатып алып жүргөн. Батукаев сатып алган чиновниктерди «Кумтөр» компаниясы көз ачып жумганча сатып алып коет. Ошон үчүн, бүгүн биздин чиновниктер «Кумтөрдү» кекиртектен алып: «Биздин өзүбүздүн үлүшүбүздү бер, байлыгыбыз Кыргызстан үчүн иштеш керек» деп чечкиндүү айтпастан, «Кокуй, «Кумтөргө» сөз тийгизбе. Инвесторлор чоочуп кетет. «Кумтөрдү» катуу кыссак, ал сотко берет, биз соттон утулуп калабыз» деп бүгүн эле жарыялап, багынып берип жатышат. Бирок, Жети-Өгүздүктөр «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча чыгып, көтөргөн маселеси абдан туура. Албетте, мыйзам бузуулар болду. Андай мыйзам бузууларга каршы турушубуз керек.
Мен Жети-Өгүздөгү жолугушууда өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевге: «Мына, бүгүн Жети-Өгүздүктөрдүн чыкканын Торонтодо да укту, ар бир акционер укту. Алар өлкөнүн президенттерин, премьерлерин, депутаттарын сатып алса боло тургандыгын билишет. Бирок, элди сатып ала албасын түшүнүшөт. Алар эл аралык соттон уткан күндө дагы, эл аларды иштетпейт. Акциясынын баасы күндөн-күнгө ылдый түшөт. Пайда алабыз деген үмүтү таш кабат. Алар бир гана учурда пайда көрүшү мүмкүн: кыргыз эли менен ынтымак болуп, адилет келишим түзүшү керек. Сиз ушул кырдаалды пайдаланып, «Кумтөрлүктөрдү» кекиртектен алып, максимум 67%га чейинки үлүшүбүздү кайтарып алышыбыз керек» деп айттым.
Мынакей, эки маселе эки башка болуп көрүнгөнү менен маңызы бирөө эле: Кыргызстандын нагыз кызыкчылыгы үчүн принципиалдуу күрөшүү, эч кандай акча же башка сунуштарга алданбоо.
— Ички жана сырткы күчтөр бар дедиңиз. Бирок, бийликке болгон кыжырдануу апогейине жете элек. Мына ушундай убакта бийликти кетирип болобу?
— Атайын кызматтарда «көмүскө пайдалануу» деген термин бар. Кыргызстанда тартипсиздикти чыгаруу үчүн белгилүү бир саясый технологиялык билимдерге ээ группировкалар иштеп жатканы айдан ачык көрүнүп турат. Эгерде өкмөткө, бийликке ызырынган жек көрүү болбосо, башка себептерди пайдаланышы керек. Мисалы, акыркы 10 жылда Түркиянын экономикасы эбегейсиз өстү. Дүйнөдөгү 27-өлкөдөн 15-өлкө болду. «Эми кудай буюрса 10 өлкөнүн бирине киребиз» деп турушат. Ал эми 2—3 күндөн бери Түркиянын бир нече шаарларында чоң жаңжал болуп жатат. Өлкөнүн премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган: «Мен ушунча иш жасасам, мени диктатор атап жатышат, мен түшүнбөй калдым» деп таң калуусун жашырбай айтып жатат. Себеби, Стамбул шаарындагы Таксим деген аянтта 12 даракты жулуп, ордуна башка бир нерсе курабыз деп айтып жатат экен. «12 дарак ушул менин 10 жылдан бери жасаган эмгегимди жууп кетеби?» деп Эрдоган таңкалып жатат.
Мунун себеби мында. Түркияда акыркы 10—15 жылда коалициялык өкмөт болуп келген. Булар азыр бир партиялуу өкмөт курап, президентти да, өкмөттү да, парламентти да башкарабыз дегенге нааразы болгон күчтөр түз өзүнө эч нерсе айта албастан, 12 даракты кыйып жатат деп 100 миңдеген адам катышкан, полиция менен кагылышканга чейин барган нааразычылык акциясын уюштурушту.
Кыргызстанда да ушул эле технология колдонулду. Бүгүнкү күндө кандай нааразычылык булактар бар? Мисалы,Камчыбек Ташиев жана анын туугандары, айлана-чөйрөсү бир жылдан бери турат. Мелисбек Мырзакматов жана анын айлана-чөйрөсү. Таластагы Жерүй, Андаш алтын кендеринин айлана-чөйрөсү. Көлдө «Кумтөр» маселеси жана Садыр Жапаровдун туугандары. Майлуу-Сайда Талант Мамытовдун туугандары. Бишкекте мэрге каршы болгон акциялар. Карапайым адамдарды жамандабайм, алар чын дилинен митингге чыгып жатышат. Бирок, ошолордун баарын пайдаланабыз деген күчтөр бар. Мен «чү» дегенде эле билгендеримди санадым. Мындан башка ар кыл аймакта ар кандай социалдык-экономикалык проблемалар бар, ошонун айланасында 15—20 адам биригип, бирдиктүү группаларды түзүп алышкан. Ошол ызырынган уюмдарды бир убакта козутуш керек. Бир убакта козголгондо алар өздөрүнүн баштапкы проблемаларын унутуп, бир-эки күндө эле президент кетсин, өкмөт кетсинге өтөт. Мына ушинтип бир убакта көтөргөнгө жакында аракет болду. Бардыгы парламент Батукаевди караганга пландаштырылды. Жети-Өгүздүктөр өздөрү билбейт, бирок, ошол убакта нааразычылык акциясына чыгышты. Башка жерлерге да чыгарганга аракет кылышты, бирок, Жалал-Абаддан башка жерде болгон жок. Бул иш-аракетжүзөгө ашпай калды. Роза Отунбаева муну дыкат даярдалган мамлекеттик төңкөрүшкө жасалган аракет катары сыпаттады.
Дагы бир орчуңдуу жагдайга токтолоюн. Ошондой ызырынган группаларды бир убакта козутуш үчүн туруктуу, мобилдүү (машинесине бензин куя алган, бир жерден экинчи жерге бат бара ала турган), колунда бар топторду табыш керек. Андай группалар алтын кендеринин жана башка жер кендеринин айланасында көптөн бери түзүлгөн. Анткени, аларга ар кандай чыр-чатактан акча түшүп турат. Билесиңер, Нарында кытайлардын алтын чыккан жерлерин өрттөп салганга чейин барышкан группа бар. Ал бир нече жыл мурун эле Кыргызстандын байлыгын сактап калабыз деген группага кошулушкан. Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунда мындай группалар абдан көп. Таласта Жерүй менен Андаштын чатагы тынбай келет. Эми «Кумтөрдүн» чатагы кошулду. Мына ушул группаларга ставка коюлган. Мындан 10—15 күн мурун Жерүйдөн көтөрүп көрүштү, болбоду. Нарында губернаторду сактап калабыз деп 200 адам чыгып, губернаторду сактап калышты. Бул борбордук бийликтин авторитетин бир аз кетирип, элди козутту. Милициянын жаңы начальнигин бастырып барып айдап жиберишти. «Нарында губернаторду калтырдык. Милициясын айдап жиберип, өзүбүздүкүн койдук. Башка региондордо деле ушинтсе болот турбайбы» деген ойду бүткүл кыргызстандыктарга жана мен айткан группировкаларга жеткирип, элди козутууга аракет кылышты. Ошондуктан, мекендештериме кайрылат элем: Силер чын дилден күйүп, өзүңөрдүн жана жергиликтүү элдин кызыкчылыгы үчүн чыгасыздар. Проблема Кыргызстандагы бардык райондордо, айылдарда, ар бир көчөдө бар. Коомдук жүрүм-турумда ушундай мыйзам бар, эгер ошолордун баары бир убакта чыкса, баштапкы себептерин унутуп эле глобалдык чоң максатка өтүп кетет. Мына, 2005-жылы алгач парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыгышкан. Алар көбөйүп, чоң күчкө айланганда «Акаев кетсинге» өтүштү. Ушуну карапайым жарандар билиши керек. Ар кандай провакацияга алдырып, кайсы бир күчтөргө пайдаланылып кетпегиле.
— Жалал-Абадда облимаратты басып алып, эми кан жолду бууп салышты. Ага карата кандай чара колдонулушу керек?
— Эми мыйзамда катаал чаралар көргөзүлгөн. Бирок, өкмөт саясый кырдаалды курчутпайлы деп мыйзамда көрсөтүлгөн чараларды колдонгон жок. Азыр кыргызчылык кылып, сүйлөшүү жолу менен чечели деп жатышат. Ал эми мындай сүйлөшүүлөр, соодалашуулар чексиз болбошу керек. Эртеби-кечпи тартипти орнотушубуз абзел. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жердештериме кайрылат элем: Чектен ашпаш керек. Өтө эле бийликти ийе бербеш керек. Ийе берсек же ал сынат же түздөлөт. Кыскасы, өздөрүнүн жана мамлекеттин тагдырын тобокелге салып, сынабаш керек.
— Ушул акциялардын көшөгө артындагы уюштуруучулары катары бир катар саясатчылардын ысымы аталды. Аларга эмне дээр элеңиз?
— Көп саясатчылардын жүрүм-туруму, кыймыл-аракети байкалып калды. Бир нерсе болуп кетет экен, эртең кандай заман болот экен деп жүрүм-турумдары, сүйлөгөн сөздөрү өзгөрүлүп калды. Алардын ким экенин көпчүлүк саясатчылар билип калышты. Кимдин ким экенин Атамбаев да, биз да жакшы билебиз…

 

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru