Айбат » Кубан Абдымен: Оштун мэри болуу мүмкүнчүлүгү жаңы коалициянын талапкеринде көбүрөөк

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Кубан Абдымен: Оштун мэри болуу мүмкүнчүлүгү жаңы коалициянын талапкеринде көбүрөөк

Кубан Абдымен- Кубан мырза, Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов кызматтан түшкөндөн кийин анын бир катар санаалаштары андан жүзүн бургандай. Мисалы, Ош шаардык кеңешиндеги “Улуттар Биримдиги” фракциясынын лидери, Мырзакматовдун “оң колу” саналып келген Таалай Сабиров, экс-министр Жашыш Рүстөмбековдор партиядан чыкканы кабарланды. Мындай көрүнүш Мырзакматовдун саясий беделине канчалык таасирин тийгизет?

– Чыгыш элдеринин менталитетинде кимде канчалык бийлик көп болсо ошонун тегерегинде топтолгондордун саны да басымдуу болот. Ал эми бийликтен кеткенден кийин анын айланасындагылар башка күчтөрдү издей баштайт. Мырзакматовдун тегерегиндеги окуялар деле мына ушул жагдайга байланыштуу деп айтсак болот.

- Ош шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлүп “Улуттар Биримдиги” оппозицияда калды. Бул көрүнүш Мырзакматовдун мэрлик кызматка шайлануу мүмкүнчүлүгүн кескин кыскартты деген кептер айтылууда. Буга кошуласызбы?

-Чындыгында, буга чейин  “Улуттар Биримдиги” партиясы Ош шаардык кеңешинде башкаруучу коалицияны жетектеп турган. Аталган фракциянын оппозицияда калышы Мырзакматовдун мэрликке өтүү шансын азайтты. Ал эми жаңы түзүлгөн биримдик өз талапкери катары Айтмамат Кадырбаевды сунуштады. Анын мэрдик кызматка шайланышына мүмкүнчүлүгү жогору. Анткени, коалицияга кирген фракциялар А.Кадырбаевдин талапкерлигин бир добуштан жактырды.

Айбат гезити №60




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru