Айбат » Жаныш Бакиев өлкөдө башаламандыктарды уюштурууга батыл кириштиби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жаныш Бакиев өлкөдө башаламандыктарды уюштурууга батыл кириштиби?

Жаныш Бакиев

Улуттук коопсуздук кызматына Жаныш Бакиевдин өлкөдө башаламандыктарды уюштуруу максаты бар экени жөнүндө маалымат келип түшкөн. Мындай маалыматты “Вечерний Бишкек” сайты өкмөттөгү ишенимдүү булактарына таянып жарыялады.

“Бизге маалымат берген булактын айтышынча, башаламандыктар Ош шаарындагы мэрди шайлоого байланыштуу уюштурулат. Ал эми Ж.Бакиев учурда Үрүмчү шаарында Мырзакматовдун шайлоодон жеңилишин күтүп жатат. Буга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Укук коргоо органдарына болсо жашыруун тапшырмалар берилип, өлкөдө башаламандык болуп кетиши тууралуу эскертүү берилген”,  – деп жазат Вечерний Бишкек сайты.

Белгилей кетсек, буга чейин Мырзакматов жетектеген “Улуттар Биримдиги” партиясы Ош шаардык кеңешинде оппозицияда калган. Ошол эле кезде Мырзакматовдун бир катар санаалаштары партияны таштап кетүүдө. Буга мисал катары “Улуттар Биримдиги” фракциясындагы депутат Таалай Сабировдун Мамлекеттик курулуш агенттигинин орун басары болуп дайындалышы,  белгилүү саясатчы Жаныш Рустембековдун партиядан чыгып кетишин айтсак болот.

Ал эми Ош шаарынын мэрин шайлоо 15-январда өтөт.

Айбат гезити №60



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru