Айбат » Алга Кылычев: Мырзакматовдун туура эмес саясатынан улам үзөңгүлөштөрү да андан четтей баштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Алга Кылычев: Мырзакматовдун туура эмес саясатынан улам үзөңгүлөштөрү да андан четтей баштады

Алга Кылычев

- Алдыда Бишкек жана Ош шаарларына мэр шайлоо болгону турат. Сиздин пикириңизде бул кызматка кандай инсандар келиши керек?

– Алдыда боло турган мэрлик кызматка келе турган адамдар биринчи кезекте саясатчы эмес, мыкты менеджер же мындайча айтканда чыныгы уюштургуч, иштерман, чарбакер адам болушу азыркы учурдун бирден бир талабы. Ошондой эле артында коррупциялык иш-аракеттери жок  инсандар болуш керек деп ойлойм.

 – Бишкек шаарынын мэрлик кызматына Кубанычбек Кулматов сунушталганы маалым болду. Бул инсан тууралуу кандай пикирдесиз?

– Бул адамдын артында мурда-кийин терс маалыматтарды уга элекпиз. 7-апрель революциядан кийин мамлекетибиздин  бюджети  абдан кыйын абалда турганда бажы тармагын жетектеп, жакшы жетишкендиктерди жарата алганы баарыбызга маалым. Салыштырмалуу кылган эмгегин жеке өзүмдүкү деп төш какпастан жигердүү иштеп келди.  Кыргыз тилинен экзаменди да тапшырды. Тажрыйбасы дагы жетиштүү. Демек, шаар башчылыгына талапкер болууга татыктуу деп ойлойм.

 – Ош шаарындагы мэрлик кызмат үчүн «Улуттар биримдиги» партиясы кайрадан эле экс-мэр Мелис Мырзакматовду сунуштап жатышат. Сиздин оюңузча, бул татыктуу талапкерби?

– Ош шаарындагы мэрлик кызмат үчүн «Улуттар биримдиги» партиясы кайрадан эле экс-мэр Мелис Мырзакматовду сунуштап жатышкандыгынын себеби – бул партияны өзү түптөп, жетектеп келгени менен гана байланыштуу. Учурда шаардык кеңеште өзү түптөгөн «Улуттар биримдиги» партиясы ээлеп отурганы баарына маалым. Бирок, шаардык кеңештин депутаттары да адегенде партия кызыкчылыгын эмес, Ош шаарынын тургундарынын кызыкчылыгын эске алышы керек. Бүгүнкү күндө өзүм билемдик менен, бөлүнүү жолу менен мамлекетибиздин келечегине эч кандай пайда алып келбей, жасаган иштер алгылыктуу болбоорун сезген ошол өзү түптөгөн  «Улуттар биримдиги» партиясынын кээ бир үзөңгүлөш болуп келген достору түшүнүп, бүгүнкү күндө президенттин жүргүзүп жаткан туура саясатын колдошуп, партия кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын көздөп, керек болсо партиядан чыгып жатканы буга мисал боло алат. Мисалы, Жаныш Рустенбеков 2014-жылдын 6-январында “Мен 2013-жылдын 17-декабрындагы президент Алмаз Атамбаевдин пресс-конференциясын көргөндөн кийин, анын жасап жаткан иштери туура экенин түшүндүм жана мындан ары президенттин иштерин колдоону чечтим. Оппозициялык “Улуттар биримдиги” партиясынын катарынан чыктым” деп билдирүүсүүнөн кийин Мырзакматовдун өзүм билемдик саясаты өзүнө кедергисин тийгизип башка адам эмес, достору анын акыркы күндө кылган аракети туура эмес экенин сезип ишенишпей бара жатканынын бир мисалы десек болот. Тигил, бул тарапка бөлбөй, күнүмдүк саясый упайга алмаштырбай, терең ойлонуп баштаган ишти аягына чыгарсак, жетишкендиктер болоорун  ошол депутаттар эстеринен чыгарбаса.

- Ош шаарына мэрлик кызматка дагы бир талапкер Айтмамат Кадырбаев тууралуу эмне айта аласыз?

– Ачыгын айтканда бул талапкер тууралуу кеңири маалыматым жок. Бирок, «Замандаш» партиясы сунуштап жатканын уктум. Ал эми «Замандаш» партиясы саясатта жаңы муун, жаңыча көз караштагы кадрларды катарына кошуп келерин билебиз. Элдин да бул партияга ишеними чоң.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №60




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru