Айбат » Садыр Жапаров сыяктуулар чет жактан “үргөнүн” токтотсо эле, эч жакка чачырабайбыз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Садыр Жапаров сыяктуулар чет жактан “үргөнүн” токтотсо эле, эч жакка чачырабайбыз

Жапаров СадырСадыр Жапаров Минскидеги акесинин жанына барып алып, интернеттен улам бирдемкенин башын кылтыйтып “үргөнүн” токтотподу.

Өзүн аппак кардай сезген “ак карга” Жапаров Жети-Өгүздүн элин амбразурага түртүп коюп, өзү болсо инисинин оорусун шылтоолоп, Белоруссияга кире качканын билебиз. Эми, Кыргызстанды чайпалтуу аракетинен майнап чыкпай калган соң, улам бир маани-маңызы, же пайдасы жок билдирүүлөрдү кыйкырып чыгуудан тажабас болду.

“Айтып, какшап келе жатам го. Өкмөт президенттин алдындагы кол баласы деп. Жат десе жатат, тур десе турат. Кийин президент эч нерсеге жооп бербейт. Баарын өкмөткө шылтап, суудан кургак чыгып кете берет. Мына ушинтип 23 жылдан бери келе жатабыз. Ошондуктан системаны түп-тамырынан бери бүгүнкү күндүн талабына, өзүбүздүн менталитетибизге ылайыктап өзгөртпөсөк, мындай бетпактык уланып келе берип, чачырап кетүү коркунучуна такалдык”, – дейт Жапаров.

Чын-чынына келгенде, Кыргызстанды чачырап кетүү коркунучуна ушул Садыр жана анын бетпактык менен беттен алган санаалаштары кептелтип жатат. Тынч иштөөгө, тынч жашоого мүмкүнчүлүк бербей, араң турган элди ичтен чиритип, козутуп аткан силерсиңер!

Садырдын артынан Ташиев да Россияга, андан ары Минскиге жөнөп, баары чогулуп, Бакиев акелери менен кеңешип-кептешип, өлкөбүздү мындан ары дагы кандай жарга такап, андан ары түртүп ийсек деген ири жыйын өткөрүшөт окшоп калды.

базар контейнерМамлекетти базарга айлантууну көздөгөн «базаркомдор»

Союздун кулашы менен эгемендикти алганда бир «ур-раа» деп кыйкырып алдык да, ошону менен адеп-ахлак, жөнөкөйлүк, интеллектуалдык бийик деңгээл, билимге умтулуу, маданияттуулук өңдүү асыл сапаттарыбызды СССР менен бирге күм-жам кылып койдук. Адегенде эле араандай оозун ачып базар экономикасы кирип келди. Мурда-кийин базарга чыгып бир нерсе сатууну намыс көргөндөр дүңүнөн эле базарга чыгып, окуучусу мугалимине, мугалими окуучусуна соода кыла баштады. Союздун маалында тарбияланып, билимге, интеллектуалдык бийик касиетке сугарылгандар көп убакыт өтпөстөн эле четке сүрүлүп, саясый айдыңды да «базарчылар» ээлеп алды. Тактап айтканда адегенде базарком болуп, чөнтөгүн тыңдап алгандар, «Мен деле эл башкарсам болбойбу?» деген жаман ойго берилип, бийликти көксөй башташты. Мурда кайсы бир кызматка баруу үчүн узун жолду басып келишсе, кийинчерээк базардан эле түптүз Ак үйгө бара башташты. Акыркы учурларда акчасына чиренгендер түз эле облустук администрацияларды басып алып, өздөрүн «элдик губернатор» шайлаганга да өтүштү. Бензин ташып жүрүп эле бир күнү президент болгусу келгендер, базарды башкарып жүрүп, шаардын кожоюну болом дегендер чыкты. Мына ошондон улам саясатта кооз сүйлөгөндү жакшы билген Адахан Мадумаров айрым саясатчыларды: «Май сатар, темир сатар» атап, алардын базарком экендигин баса белгилеп да көрдү. Мындан улам, «базарком» дегени – Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов экендигин айттырбай түшүндүк.

Күндөн күнгө саясый айдың өзүнүн бийик деңгээлин жоготуп баратат. Базарда картөшкө саткандар менен парламентте, жана башка бийик кызматтарда отургандардын айырмасы азыраак эле. Кийген кийимдеринен, жашоо образдарынан гана айырмаланат. Албетте, муну менен жалпы саясатчылардын, чиновниктердин беделине доо кетиргибиз келбейт. Бирок, тилекке каршы унчукпай иштин майын чыгарып жаткандарга караганда күпүлдөп сүйлөп, күркүрөп үн чыгарып, жоого аттангансып тосмодон секирип көчүгүн шишке сайып, «атышкан менен атышабыз, чабышкан менен чабышабыз» деп элди бири-бирине кайраштырып жаткандар аз эмес. Кандайынан сүйлөсөк да бүгүнкү күндө карапайым элдин көз алдында базаркомдордун жашоосу күү-шаа түшүп кайнап жатат. Базаркомдор базарда иштеп жүрүп, соодалашууга көнүп калып, андай адатын мамлекеттик кызматка келгенде да карматууда. Башкача айтканда бүгүнкү күндө көбүрөөк акча табуунун эки гана жолу бар. Биринчиси базарга чыгуу, экинчиси саясатка аралашуу. Кара жумушту дээринен жаман көргөндөрдүн бардыгы жапырт эле саясатка чуркап калышты. Анткени бул жакта кол жоорутуп, маңдай тердетип эмгектенбестен эле күргүштөтүп акча тапсаң болот. Аты чыгып калган партияга жүз миң доллар берип кирип, парламентке келсең, кайра аныңды кимдир-бирөөлөргө «крыша» болуп 10 эселеп таап аласың. Айтор, «жыргализм». Алар социализим убагындагы адеп-ахлак, ыймандуулук, интеллектуалдык бийик деңгээл тууралуу сүйлөгөндөрдү «эскичилдер» деп ошол замат эле беттен алышат. Демек, өздөрү «жаңычылдар». Бирок алардын «жаңылыгы» коомубузду «оорулуу» кылып, мамлекетибизди туңгуюкка түртүп бара жаткандарын эстерине алгысы келбейт. Көкүрөктөрүн кагат. Ал көкүрөктөрүнөн бир гана «Мен, мен!» деген үн чыгат. Мамлекеттин кызыкчылыгы  үчүн деген сөздүн артында «Менин бийликке келишим үчүн» деген жаңырык жаңырып турат. Бизге ушундай базаркомдор керекпи? Муну ошол базаркомдор өздөрү ойлонбосо дагы карапайым эл ойлоно турган кез келди. Болбосо базарчылардын бир гана максаты – өзүнө пайда табуу боло тургандыгын эске алалы. Адахан Кимсанбаевич кыйытып айткандай, «базарком» болуп туруп Ош шаарын төрт жыл башкарган Мелис Жоошбаевич кайрадан эски ордуна кайтып барууга ниеттенүүдө. Эгер ага окшогон «базаркомдорду» эле мэр, жетекчи кыла берсек Кыргызстаныбызды жакынкы аралыкта «базаркомдор» башкарып калат го?

Дамир Эсенгулов

Айбат гезити №60



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru