Айбат » Продюссер студенттерди сыздатып жүрөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Продюссер студенттерди сыздатып жүрөт

Муратов Мирлан

Мирлан Муратов деген продюссерибиз бар эмеспи. Ал  2013-жылдын 27-декабрь  күнү “Алтын үн 2013” атту фестивалды Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөргөн. Ага бардыгы болуп 20 конкурсант катышып, алардын ар бирине 50дөн билетти сатасың деген талапты койгон.

Бул талабын фестиваль катышуучуларына анкета толтурумуш кылып контракт түздүрүүгө жетишкен. Мыйзам боюнча контракт эки тараптуу түзүлүп, анын бир көчүрмөсү экинчи тарапка берилиши керек. Андан дагы паспортторун мыйзамсыз түрдө жыйнап алган. Катышуучулар паспортторун сураса, “Маданият министри Султан Раевге бергем ,билеттердин акчасын берсеңер берем” деп коркутуп алган.  Негизинен мыйзам боюнча эч кимден эч негизсиз паспортун алып алууга укугу жок .

Анын талабына ылайык, 50дөн билетти 200 сомдон 250 сомго чейин сатыш керек болгон. Тилекке каршы катышуучулардын жарымынан көбү  50дөн билетти сата албай калат. Мирлан деген эргулбай жаштардын паспортун алып алгандыктан, билеттин акчасын өз чөнтөгүңөрдөн чыгарып бересиңер, бербесеңер паспортуңарды бербейм деп албууттанып турган учуру. Бул маалыматты конкурска катышкандар билдиришти. Алардын айтуусунда, катышуучулардын арасынан он чактысы билеттин акчасын өз чөнтөгүнөн чыгарып беришкен.  Ушул тапта катышуучулар (алардын көбү эле студенттер экен) акча таба албай убара тартууда. Болжол менен ал концертке миңден ашуун көрүүчү келиптир, миң билет 200 сомдон эсептегенде эле  200 миң сомду чапчып жатат. Ал эми катышуучулардын ар бири эле жок дегенде 20дан билетин сата албай калганда, ар бир конкурсант 4 миң сомдон акчаны жөн жерден төлөгөну турат деп эсептөөгө болот. Мирлан Муратов алдамчылык менен шугулданып жүргөнүнө канча болду экен? Бул биринчиси жана акыркысы болсо кана?!

Айбат гезити №60



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru