Айбат » Курманбек Дыйканбаев: Өлкөнүн өнүгүшүнө жалпы элдин дагы жоопкерчилиги керек болуп турат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Курманбек Дыйканбаев: Өлкөнүн өнүгүшүнө жалпы элдин дагы жоопкерчилиги керек болуп турат

Дыйканбаев Курманбек- Жаз келгени жыл сайын ар кандай иштердин болуп келгени көнүмүш адатка айлангансыйт. Сиздин баамыңызда быйылкы жаз кандай болчудай?

– Менимче бардыгы эле тынч болот. Жазында жаңы өкмөт болушу керек. “Жаздын бир күнү бир жылга тете” дегендей экономиканы ойлогон, ишти алып кете турган команда түзүлсө, буюрса жылкы жылы түшүмдүү жылдардан болот.

- Жаштар акыркы учурларда өз активдүүлүгүн көрсөтүп, саясатка аралаша баштады. Жаштардын саясатка келишине оюңуз кандай?

– Ыңкылапты жаштар кылды, акыйкаттыкты жаштар алып келди деп жатканыбыз менен аларды бийликке алып келүүдө тажрыйба жагын дагы караш керек болуп атат. Мисалы, алгач жергиликтүү бийликке, аткаруу бийликке, шаар башчылыгына  алып келип тажрыйба алуусуна шарт түзүп берүү.

Айбат гезити №60



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru