Айбат » Кенжебек Бокоев: Бийик максаттар гана зор ийгиликтерди жаратат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Кенжебек Бокоев: Бийик максаттар гана зор ийгиликтерди жаратат

Бокоев Кенжебек- Кенжебек мырза, жазында Кыргызстанда ар кандай кооптуу жагдайлар түзүлүп калышы мүмкүн деген жоромолдор айтылып келет. Ушундай болушу мүмкүнбү?

– Биздин мамлекет башчыбыз баш болуп үчүнчү күчтөр деп айтылып келе жатпайбы, аны ар ким ар кандай кабыл алат. Бирөөлөр ойлойт: Бакиевдер акча каржылап ар кандай иш-чараларды уюштурушу мүмкүн деп, айрымдары экстремисттик диний топтор десе, алардын ичинен коңшу мамлекеттерди же чоң держава өлкөлөрүн айтышат. Демек, Кыргызстандын мүмкүнчүлүгүн карап ошол эле Россия, АКШ, Кытай мамлекеттеринен салыштырмалуу түрдө караганда коркунуч бар болушу мүмкүн. Президентибиз баш болуп аскердик жактан күчтөнтүү маселесин карап, аскердик доктрина кабыл алды. Анткени, ар кайсы мамлекеттен инвесторлор келип чоң долбоорлор ишке ашып жатпайбы, эртең бир нерсе болуп кетсе өзүбүздү-өзүбүз коргой ала тургандай мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек. мамлекеттүүлүгүбүздү жоготпосок социалдык, экономикалык  ж.б. маселелерибизди кийин чече турчу маселе. Биз ошол коопсуздукту сактоого жете турчу каржыны жана мамилени жеткиликтүү деңгээлде бөлө элекпиз. Быйылкы жылы чек ара маселесин чечүүнүн аягына чыгарышыбыз керек.

- Активдүүлүгүн көрсөтүп келе жаткан жаштардын ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

– Жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылып жүргөндөй Кыргызстанда көп жылдан бери саясатта айланчыктап жүргөн үч жүздөй саясатчынын өңү алмашып жаштардан келиши керектигин эл деле талап кылып калды. Мен дагы ушуга кошулам, бизде саясатчылардын мууну өзгөрүшү  керек. Ал эми сиз айткандай жаштардан активдүүлүгү жана актуалдуу маселелерди көтөрүп келе жаткандарына баам салып отурабыз. Алардын ичинен айырмаланып тургандардан Жеңиш Молдокматов, Мавлян Аскарбеков деген инилерибизди алсак болот. Алар коомдогу көйгөйлүү маселелерди коркпостон көтөрүп, алардын чечилишине түрткү болуп келишүүдө. Эртеңки саясатчы ким дал ушундай жаштар. Биз мындай жаштарга бут тоспостон колдоо көрсөтүп мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек. Анткени, алар өзүлөрү активдүү, өзүлөрү патриот деген маселе бар. Өзүлөрү келип эле саясатчы болуп кете албайт, муун алмашып турушу зарыл.

Айбат гезити №60



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru