Айбат » Максат Сабиров: Бардык иштер калыс жана акыйкаттык менен чечилиши керек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Максат Сабиров: Бардык иштер калыс жана акыйкаттык менен чечилиши керек

Сабиров Максат- Максат мырза, жазында өлкөдө ар кандай кырдаал түзүлүшү мүмкүндүгүн айрымдар айтып жоромолдоп келишүүдө. Сиздин божомолуңуз боюнча кандай болушу мүмкүн?

– Мындай жалпы жонунан алып караганда жакшынакай стабилдүү эле кетип бара жаткансыйт. Бирок, саясий айдыңда эл ойлогондой тынч эмес. Учурда коалиция ыдырайт деген кептер айтылууда. Эгерде коалиция ыдыраса өкмөт өзгөрүп кетиши мүмкүн. Өкмөттүн терс жактары туурасында шек санатып жаткан Кумтөр маселеси менен Ош шаарындагы бийик кабаттуу үйлөрдүн курулушундагы мыйзамсыз жагдайлардын кайсы өңүттө чечилет, ошонусуна жараша бир топ окуя болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан бардык иштер калыс жана акыйкаттык менен чечилиши керек. Туура жана акыйкаттык менен чечилсе, эч кандай өзгөрүүлөр, жагымсыз окуялар болбошу турган иш.

- Түндүк-түштүк деп бөлүнүүчүлүк саясатчылар ортосунда да абдан популярдуулгун жогото элек. Мындай көрүнүштү кандай сыпаттаар элеңиз?

– Мындай саясатчыларды чыккынчы саясатчылар деп айтаар элем. Андыктан бөлүнүп-жарылууну коюп, тынчтык, ынтымакка тырышып, стабилдүүлүктү сактаганга аракет жасашса өлкө жакшы эле болот деп ойлойм. Эгерде, ар бир саясатчы, ар бир партия өз кызыкчылыгын ойлой берсе, анда баардык күтүлбөстүктөр болуп кетиши толук ыктымал.

- Учурда саясатка жаңыдан аралашып келе жаткандарга кандай баа берет элеңиз?

– Жаштардын көп болгону жакшы. Бирок, алардын иш менен өзүн көрсөтүшүн каалайт элем. Иштерман жаштарыбызды жергиликтүү жана аткаруу бийлигине көбүрөөк аралаштырсак жакшы болот эле.

Улукбек Кутманбаев

Айбат гезити №60



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru