Айбат » Бакиев Кыргызстанга кайтып келүүнү көздөөдө!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бакиев Кыргызстанга кайтып келүүнү көздөөдө!

1

Кыргызстандын качкын президенти, Белоруссиянын жараны Курманбек Бакиев «Интерфакс» агенттиги аркылуу билдирүү таратты. Анда ал азыркы бийликти сындап, өлкөбүздөгү окуяларга өзүнүн катыштыгы жоктугун айтыптыр. Бакиевдин минтип Кыргызстандагы кырдаалга пикирин билдирип, азыркы бийликти сындаганга моралдык укугу барбы? Же бул жерде кандайдыр бир сыр жатабы?

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, ЖК депутаты, «Ата мекен» фракциясынын лидери: «Бакиевдин сын-пикирайтканга моралдык укугу жок»

– Мен азыркы өкмөттү аябай жакшы иштеп жатат деп айтуудан алысмын. Бирок, Бакиевдин бүгүнкү күндөгү бийликти сындап, ага пикир айтканга моралдык укугу жок. Анын бул сөздөрү кокусунан чыккан. Ал башынан эле Кыргызстандагы абалды дестабилдештирүүнү көздөп келет. Эгер кокусунан бир нерсе болуп кетсе: «Мына мен айткан болчумун, буга эч кандай тиешем жок, бирок ушундай болорун билгемин» деп актанып, Кыргызстанга кайтып келүүнүн жолун карап жатат.

 

Бакыт БАКЕТАЕВ, саясат таануучу: «Биз демократиялык мамлекеттин фундаменттин туура куюп жатабыз»

– Бакиевдин бул сын-пикирин талдоого алып көрөлүчү. Мисалы, учурдагы сөз эркиндигин Бакиевдин убагындагы менен салыштырууга таптакыр болбойт. Азыркы күндө ар бир жаран каалаган жеринде өз оюн ачык билдирип жүрөт. Үч жылдан бери бир дагы журналисттин камалганын, кысым болгонун көргөн жокпуз. Гезит, теле,интернет-сайттар толо президентти, премьерди, парламентти сындап жатат. Ошолордун бардыгын көтөрүп, сөз эркиндигине жол ачып берип жаткан президентибизге рахмат айтышыбыз керек. Бул биринчиси.

Экинчиден, Бакиевдин убагында парламентте официалдуу күчтүү оппозиция жок болчу. Азыркы күндө парламентте оппозициянын өзүнүн орду бар. Муну ким талаша алат?
Үчүнчүдөн, жергиликтүү шайлоолордо оппозициялык маанайдагы партиялардын көбү жеңишке жетишти. Мисалы, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы эки шаарда биринчи болду. Ал эми Бакиевдин убагында бардык жерде эле «Ак жол» партиясы жеңишке ээ болуп келген.

Учурда «Кумтөр» маселеси боюнча дагы келишимди жакшыртып жатабыз. Качан ушундай болду эле? Туура, экономикабыздын абалы оорураак. Аны көтөрүү үчүн убакыт керек. Бирок, биз туура жолго түштүк. Демократиялык багыттагы фундаментибизди туура куюп жатабыз. Биринчиден, жогоруда айтып өткөнүмдөй сөз эркиндиги, экинчиден демократия, үчүнчүдөн коррупцияга каршы күрөш. Азыркыдай коррупцияга каршы күрөш биздин тарыхта эч качан болгон эмес. Бул жаатта биздин эксперттер эмес, бизди жаман көргөндөрдүн эксперттери да коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алдыга жылуу болуп жатканын билдиришти. Тактап айтканда 164-орундан 154-орунга жылдырышты. Ал эми коррупцияга каршы күрөштү президент өзү ачкан. Андыктан Курманбек Бакиев таарынбасын, азыркы бийликти сындаганга анын моралдык укугу жок. Болгону азыркы күндө дагы Бакиевдин айрым кадрлары жогорку кызматтарда иштеп жатат. Андан сырткары анын айрым кадрлары оппозицияда жүрөт. Ошолор ушундай башаламандыктарды жаратууга кызыкдар болушууда.

 

Абдыманап КУТУШЕВ, ЖК депутаты, КСДП фракциясы: «Бакиевдердин баш-аламандыктарга тиешеси бар болушу мүмкүн»

– Курманбек Бакиев азыркы бийликти сынга албай койсо деле болмок. Анткени анын убагында ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаганын, үй-бүлөлүк башкарууну орнотконун жакшы билебиз. Мамлекетибиз үчүн эмнени куруп салышыптыр? Азыркы учурда мурункудай бир топтун кызыкчылыгына иштеген бийлик жок. Болгону азыркы бийликке иштегенге мүмкүнчүлүк беришибиз зарыл. Ал эми азыркы тапта жасалып жаткан башаламандыктар атайын сырттан каржыланган, пландаштырылган, координацияланган иш-аракеттер болуп жатат. Бул жерде бакиевдердин тиешеси бар болушу керек.

 

Дамира НИЯЗАЛИЕВА, ЖК депутаты, КСДП фракциясы: «Сынчынын сыңар өтүгү майрык болуп атат»

– Биринчиден анын өлкөдөгү кырдаалды сынга алып, ага бийликти күнөөлөгөнгө моралдык укугу жок. Мамлекетибиздин бүгүнкүдөй оор акыбалга келишине Бакиевдердин салымы чоң. Анткени ал бийликте турганда элдин оозун жаап, сөз эркиндигин таптакыр чектеп койгон. Мыйзамсыз, мамлекеттин кызыкчылыгын тебелеген, элдин үнүн укпаган иштерди жасашкан. Ошондон улам анын бийлигине каршы эл өзү көтөрүлүп чыккан болчу. Эгерде Бакиев өз убагында кемчиликтерин билип, кырдаалды оң нукка буруп кеткенде бардыгы жакшы болмок. Биздин фракция ал кезде оппозицияда туруп, бийликтин ишин оң жолго салып кетүүгө көп эле аракет кылганбыз. Биз азыркылардай бийликке гана эптеп жетип алуу максатында эмес, бийликке конструктивдүү сунушгтарды айткан оппозиция болгонбуз. Кырдаал курч болуп баратканда биринчи ошол кездеги премьер-министр үсөновго кайрылганбыз. Биздин фракция менен жолугушун суранып, кырдаалды оңдоп кетүү үчүн сүйлөшөлү дегенбиз. Ал киши жолугушууга келбей койгон. Андан кийин ошол кездеги биздин фракция жетекчиси Роза Отунбаевапрезидентке кайрылган. Бирок, Курманбек Бакиев аны да кабыл албай койгон. Биз дайыма өлкөнү оңдоп кетүү аракетин жасап келгенбиз. Ал эми азыркы оппозиция кыларын кылып коюшуп, кыл жип менен буур коюшуп, анган ага бийликти күнөөлөп отурушат. Өлкөдөгү абалдын курчуп кетишине кызыкдар болуп тургандар бар. Алардын ким экендигин биринчи кезекте Кудай билет, андан кийин укук коргоо органдары иликтейт. Мен кимдер тургандыгын так айта албайм. Бирок, бийликти басып алсак деген ойдо турган күчтөр бар экендиги билинип турат.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru