Айбат » Рахматулла ажыга жан тарткан Равшан Жээнбеков өз “калбырынан” чоочулап жатабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Рахматулла ажыга жан тарткан Равшан Жээнбеков өз “калбырынан” чоочулап жатабы?

Жээнбеков РавшанТасма чуусунан улам муфтийликтен кеткен Рахматулла ажы Эгембердиевге өнтөлөп, ага боор оорумуш эткен саясатчылар чыкты. Алардын катарында эркин депутат, тар чөйрөдө АКШнын “шпиону” атыккан Равшан Жээнбеков бар. Равшан Бабырбекович “Фейсбуктагы” баракчасында адатынча беттен алып, бул окуяга бийликти күнөөлөптүр. Анын дооматтарын талдап көрөлү.

Равшан мырза “чү” дегенде эле тасма чуусуна бийликти тикелей айыптаптыр. “Бийликтин акыркы акмакчылыктарынын дагы бир далили, Муфтий Рахматулла ажы менен болгон окуя. Албетте, мен так айта албайм, бул факт атайын кызматтар же бийлик тарабынан жасалды деп, далилим жок. Бирок бул факт биздин мамлекетте, бардык укук коргоо органдары, атайын кызматтар президенттик бийликке баш ийген шартта жасалып атат. Андай болгон соң, буга бийлик күнөөлүү” дейт ал. Башында “эч кандай далилим жок” деп түз сүйлөп келе жатып, кайра буга бийликти күнөөлөгөнү акыл-эси жайында адамдын кылар ишиби?

Равшан Жээнбеков карапайым жаран же “эки үйдү эриктирбеген, бир айылды бириктирбеген” ушакчы “жеңекебай” эмес да? Ал ЖКнын депутаты, өзүн оппозиция лидерлеринин бири санаган саясатчы. Ал өзүн болочокто өкмөт башчысы катары көрөт. Ушундай амбициясы ай чапчыган депутаттын конкреттүү далили жок курулай доомат артканына таң калабыз. Же депутат үчүн “оозуна келгенин оттой берсе” болобу? “Айла жок бирок ай лав ю”.

Р. Жээнбеков интернеттен башы чыкпай, ар кыл окуяларга “дөөдүрөгөн” комментарийлерди жазгандын ордуна мына ушундай чуулгандуу тасмалардын мындан ары таркатылбашы үчүн тийиштүү мыйзамдарды жазса элдин алкоосуна татымак.

Равшан Бабырбекович “жумурткадан кыр издеп”, Р.Эгембердиевге “боор” оорумуш этип бийликти каралагандын ордуна тасманы кимдер тарттырганын иликтеп көрбөйбү? Балким анын жанында жүргөндөр жашыруун тартып, интернетке жайылтып жибергендир?

Эркин депутаттын андан кийинки ой-жоромолу мындай, көз чаптырыңыз: “Мен религиянын мамлекеттик бийлике аралашуусуна каршымын, ошол эле убакта бийликтин дагы религиянын өкүлдөрүнө ушундай акмакчылыктарды жасоосуна жол берүүсүн каалабайм”. Туура, биз светтик өлкөбүз, дин мамлекеттен тышкары. Мындай шартта бийликтин бир бутагынын өкүлү катары Равшан Жээнбеков да диний адамдын чыр-чатагына башын тыгып, бир тараптуу пикирин билдирбеши керек эле го? Муну Жээнбеков сопсонун билет. Анда эмнеге аралашып жатат? Себеби түшүнүктүү, кандай гана жол менен болбосун бийликти шыбаш керек. Бул биринчиси.

Экинчиден, Р.Эгембердиевдин жаш келин менен сүйүү ышкысына батып жатканын ашкерелеген тасмада мамлекеттик бийликтин кандай тиешеси бар? Же экөөнү “жупташтырыптырбы”? Түшүнүп болбойт.

Эми маселенин тамырына өтөлү. Рахматулла ажы тасмадагы кыз экинчи жубайы экенин мойнуна алды, аны менен төрт жылдан бери жашап жатканын жашырган жок. Ал эми биринчи жубайынан төрт баласы бар, алды мектепке барат. Р.Эгембердиев экинчи никедеги жубайы менен квартирада жашарын билдирди. Рахматулла ажынын айлыгы орточо 500 доллар (24500 сом) дейли. Эми эки үй-бүлөнү асыроого кеткен чыгымды эсептейли.

Биринчи жубайы жана төрт баласын багууга кеминде 15 миң сом сарпталат. Дагы бир жолу кайталайлы, бул минималдуу сан. Ал эми борбордун чок ортосунан эки бөлмөлүү квартира жалдап жашоо 10-15 миң сомдун тегерегинде түзөт. Экөөсү “жел оттобойт”, тамак-аш жеш керек. Ага да 10 миң сом сарпталат дейли. Мунун баарын кошо эсептегенде кеминде 35 миң сом келип чыгат. Буга кийим-кечек, карым-катнашка кетчү чыгымдар кошулган жок. Ошондо Рахматулла ажынын 24 500 сомдук айлыгы эч нерсеге жетпей жатпайбы. Демек, “муфтият коррупциянын очогуна айланган. Азирети муфтий ажылыктан миллиондорду жасайт” деген сөздөр бекеринен жаралбаганына көзүңүз жеттиби? Равшан Бабырбекович ушунчалык акыйкатты сүйлөйт экен, эмнеге ушул жагдайларга көңүл бурбайт? Эмне үчүн муфтияттагы коррупциялык схемаларды иликтебейт?

Анын ордуна тасмага басым жасаганынын себеби жогоруда айткандай бийликти жөн жерден каралоо максаты турганы талашсыз. Мындан сырткары, анын элге белгисиз сыры бар. Равшан мырза Америкада бозгунда жүргөндө интернет аркылуу бир кыргыз кызы менен кат алышканы маалым. Ошондо ал кызга тийишип, “үйүнө жатып кетпейимби” дегендей сунуш киргизгени белгилүү. “Бул билингени, мындай “кат жазуушу” нечен ирет болуп, андан бир “жыйынтык” чыккандыр? Эгембердиевчесинен абийирим айрандай төгүлүп калбайбы деп чочулап, ага жан тартып, алдын алып жаткандагысы эмеспи?” деген суроо жаралбай койбойт экен. Анда жакын арада чуулгандуу тасма чыгып калса таң калбай эле койгонубуз оң болобу? Ойлончу маселе экен…

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №60



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru