Айбат » Нарын облустук милициянын тосмосу оңдолду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Нарын облустук милициянын тосмосу оңдолду

30-майда митигчилер талкалап кирген Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын дарбазасы менен  короосунун бир капталындагы  тосмосу калыбына келтирилди. Ишти башкармалыктын кызматкерлери эле  аткарышты. Канча чыгым кеткени такталган жок,себеби кулаган тосмонун  курулуш материалдары эле кайра коюлду,-дейт  аталган башкармалыктын начальнигинин  орун басары  Махабат Жумаев. Ошондой эле  бул окуя катоого алынып, учурда түзүлгөн топ  мыйзам чегинде текшерүү иштерин жүргүзүшүүдө. Мындан сырткары башкармалыктын өздүк курамы  Нарынбек Молоисаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча  ИИМге кайрылуу жөнөтүшкөн. Азырынча министирликтен жооп боло элек деп кошумчалады.

Эске салсак  Нарын облустук ички иштер башкармалыгына Жогорку соттун чечиминен кийин кайра начальник болуп келген Нарынбек Молдоисаевге каршы  митинг үч күнгө созулуп, 30-майда  башкармалыктын короосу жана дарбазасы митингичилер тарабынан талкалангандан кийин Н.Молдоисаев башкармалыктан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Нарын




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru