Айбат » И.Масалиевдин сынаксыз дайындоолорунун төркүнү ачыкталды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » И.Масалиевдин сынаксыз дайындоолорунун төркүнү ачыкталды

Масалиев ИсхакБуга чейин  «24.kg» маалымат булагына белгилүү болгондой, 2012-2013-жыл аралыгында Мамлекеттик салык кызматына (МСК) парламент депутаттарынын 53 жардамчысын сынаксыз эле жумушка алынган. Муну МСКнын жетекчиси Исхак Масалиев “мамлекеттик кызмат” жөнүндө мыйзамга каршы келбей турганын айткан. “Мамлекеттик саясий кызматтагы адамдардын жардамчы жана кеңешчилери  мамлекеттик кызматтарга сынактан тышкары эле кабыл алынат. Мындай талапты биз аткарбай коё албайбыз”, – деп жооп берген ал.

Бирок, мындай көрүнүш Салык кызматынын жетекчиси тарабынан өз жакындарын кызматка коюу үчүн атайын пайдаланганы белгилүү болду. Салык кызматында иштеген кызматкердин айтымында, 2013-жылы И.Масалиев мындай негиз менен 7 кишини кызматка алган. “Бул кызматкерлер алгач жетекчинин кеңешчиси же жардамчысы кызматына алынган. Көп өтпөй алар сынаксыз эле бөлүмдүн же башкармалыктын жетекчилигине көтөрүлгөн. Мисалы, учурдагы Жазаларды аткаруу кызматынан төрага орунбасары Нурлан Орозалиев 2013-жылы Исхак Масалиевдин жардамчы кызматына алынган. Көп өтпөй эле ал эч кандай сынак тапшырбай туруп, Салык кызматындагы алкоголь өндүрүүчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгын жетектеп калган. 2013-жылдын октябрында ГСИНдин жетекчисинин орунбасарлыгына көтөрүлгөн. Анын ордун болсо Жаныбек Жоробаев ээлеп калды. Бул да бир канча убакыт Исхак Масалиевдин жардамчысы болуп келген”, – дейт салык тармагындагы кызматкер.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаардык салык башкармалыгынын башчысы Кылыч Жаныкулов да бул кызматка сынактан тыш бекитилиптир. Ал да И.Масалиевдин жардамчысы болуп эмгектенген.

Мындан сырткары, мекеменин рейд жүргүзүү жана хронометраждык изилдөөлөрдү тейлеген бөлүмдүн жетекчиси Абибилла Чолоев, И.Масалиевдин учурдагы кеңешчиси Маратбек Матазимов да Салык кызматынын Свердлов районунун жетекчилигине сынак тапшырбай бекитилген. Маратбек Матазимов эки ай бул кызматты аркалап, кайра кеңешчилик кызматка котрулган.

Ошондой эле, 2013-жылдын декабрь айында Октябрь райондук салык кызматына Кыныбек Батыров сынак тапшырбай дайындалган. Буга чейин бул орунда Кубаныбек Кумашев ээлеп турган. Ал эми Салык кызматынын СЭЗ боюнча бөлүмүн жетектеп турган Минсулин Абылгазиев да И.Масалиевдин жардамчысы болгон.

Айбат гезити №61




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru