Айбат » Кадырбаев Ошто мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөсүн убадалады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кадырбаев Ошто мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөсүн убадалады

Кадырбаев АйтмаматОштун жаңы шайланган мэри Айтмамат Кадырбаев шаарда мыйзамсыз саясый аракеттерге жол бербейт.  Анын айтуусуна караганда “Эл оозунда элек жок дегендей, кечээ түрдүү чакырыктар айтылды. “Басып алабыз”, “Элдик мэр шайлайбыз” дешти. Мен андайга жол бербегенге аракет кылам” – деди Кадырбаев. Кечээ Ошто мэр шайлоо ызы-чуу менен коштолгон болчу. Шаардык кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыгында мэр болуп Айтмамат Кадырбаев шайланган. “Улуттар биримдиги” партиясы көрсөткөн Мелис Мырзакматов жетиштүү добуш ала албай калган. Өзүнүн миңдеген тарапкерлеринин алдына чыгып Мырзакматов шайлоо ыплас өткөнүн, жазында саясый күрөш башталаарын билдирген болчу.

Айбат гезити №61



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru