Айбат » Тажикстандыктар сатып алган жер тилкелерин «Биздин жер» деп айтууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Тажикстандыктар сатып алган жер тилкелерин «Биздин жер» деп айтууда

чек араТажикстандын  дыйкандары  тарабынан сатылып алынган жерлерди Тажикстан Республикасынын бийлиги өздөрүнүн аймагы катары көрсөтүүгө аракет кылышууда. Бул туурасында «ВБга» Баткен районунун Ак-Татыр айылынын жашоочусу Бактыбек Дубанаев 15-январда билдирди.

Анын айтымында 11-январда чек арачылардын ортосундагы куралдуу конфликт болуп өткөн аймакта, Исфара дарыясынын жээгинде 70 соток жер тилкеси Тажикстандын жарандары тарабынан сатылып алынган. Ошол эле учурда жер тилкеси мурдагыдай эле Кыргыз Республикасынын аймагы болуп эсептелет. Бирок, тажик тарап булл жерди өздөрүнүн картасына түшүрүп коюшкан.

«Кыргызстандын аймагындагы Исфара дарыясынын жээгинде катардагы тажикстандык дыйкандардын жери жайгашкан. Бул Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, бирок Тажик Республикасынын жарандарынын жеке менчигинде болуп эсептелет», – деп түшүндүрдү Дубанаев.

Ал эми Баткен облусунун облустук администрациясынан дарыянын жээгиндеги жер тилкелерине ортомчулар аркылуу жалгыз гана ээлик кылат. Ал – Согдий облусунун төрага орун басары Жумабай Сандинов. Чиновниктердин маалыматы боюнча, Тажик Республикасынын жараны болуп туруп, ал Кыргызстандын мыйзамына туура келбесе дагы 74 соток жер тилкесин жеке менчикке алып, иштеткен.

«Ал өз эрки менен эле жерди басып алган жана өзүнүн адамдарына анны иштетүүгө буйрук берген. Азыр ал жакта дарыяны бууп, нугун башка жакка буруп, ал эми ал жерге күрүч өстүрүүдө», – дейт ал.

Мындан сырткары маалыматтарга ылайык бул кыргыз жерлерин тажикстандык мамлекеттик кызматкерлердин сатып алган биринчи гана жолкусу эмес. Мурда Лейлек районундагы Кулунду-Максат жолунун курулушу токтогон. Ага себеп жолдун курулушунун маршруту Тажикстандын башкы прокурорунун орун басары ээлик кылган 2 гектар жер аркылуу өтүшү керек болгон. Негизи бул жер тилкеси да Кыргызстандын аймагы болуп эсептелет.

Өз кезегенде Дубанаев мырза тажик анклавдарында жашаган элдер Баткен районуна караганда он эсе жыш жайгашканын айтат. Баткен облустук администрациянын маалыматы боюнча Ворух анклавында 40 миң эл жашаса, ал эми Кыргызстандын Ак-Сай айылдында 5 миңдин тегерегиндеги тургундар бар.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Мамажан Бердишев тажик анклавындагы жер менен Баткен районунун аймагындагы жер тилкелеринин баасы бир топ айрырмаланарын айтат. “Ворух анклавында бир сотых жердин баасы 600дөн 1000 долларга чейин бааланса, ага жакын жайгашкан Кыргызстандагы жерлердин баасы 20 доллардан 100 долларга чейин”, – дейт ал.

Анын айтымында, тажик тараптын кыргыз жерлерине көз артуусуна да ушундай көрүнүш себеп болгон. Ал Тажикстандын бийлиги кээде кыргыз жерлерин өз аймагы деп жарандарына туура эмес маалымат берерин айтат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, башка өлкөлөрдүн жарандары жер тилкелерине ээ боло албайт.

11-январда Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушу жүрүп жаткан жерде тажик чек арачылары кыргыз тарапка карай ок чыгарган. Эки тараптуу атышуудан Кыргызстандын беш чек арачысы, бир милиция кызматкери жана Тажикстандын үч чек арачысы жараат алган. Буга чейин окуя тууралуу вице-премьер-министр Токон Мамытов маалымат берип, ок атууну тажик тарап баштаганын билдирген.

Айбат гезити №61




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru