Айбат » Мелис Мырзакматов жоопко тартылыш керек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Мелис Мырзакматов жоопко тартылыш керек

Мырзакматов Мелис

Өткөн 2010-жылдын июнь айындагы Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу окуя Ош шаарынан башталган. Ал кезде М. Мырзакматов кызматтан кетпей, Убактылуу Өкмөттөн Бакиевчил  адамдар менен “жети катар тирүү коргон жасап” коргонуп жаткан. Ошентсе да ал коопту абалды жөнгө сала алган эмес. Бул окуя боюнча “мен минтип айтканмын, мен тигинткенмин!” -деп актанып, атүгүл китеп жасап (өзү жазганы өтө күмөндүү) чыккан. Чындыгында Ош шаарынын мэри болуп тургандан кийин ал шаардагы баардык кыбыр эткен нерселерге жооп бериш керек эле. Кандай гана шаар башчысы болбосун ал ошол шаардын калкынын коопсуздугуна күч органдары менен бирге жоопкерчилик милдети бар.

Россиянын Краснодар крайындагы Крымск шаарында 2012-жылдын 17-июнь түнү кубаттуу сел жүрүп миңдеген адамдар үй-жайсыз калышып бул селден 176 адам көз жумган. Бул окуя боюнча шаар жетекчилерине Россия Федерациясынын “кылмыш кодексинин” “шалаакылык” (халатность) беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 2012-жылдын 7-августунда Крымск шаарынан соту аталган шаардын эск-мэри В. Улановский 3,5 жылга, Крымск райондук администрация башчысы В. Крутько 6 жылга, Өзгөчө кырдаалдар Башкармасынын жетекчиси В. Жданов 4,5 жылга эркинен ажыраган.

Мына ушул сыяктуу эле, Крымск шаарынын экс-мэри В. Улановский шаардын  калкынын коопсуздугун камсыз кылбаган сыңары М. Мырзакматов 2010- жылдын июнь айында Ош шаарда коопту абалдар түзүлүп жатса да, эч чечкиндүү чара көрө алган эмес, же окуяга чейин кызматынан кетип калган эмес. Крымск шаарындагы окуяга Краснодар крайынын губернатору А. Ткачев, же Россиянын түштүк федералдык округундагы президенттин өкүлү В. Устинов жоопко тартылган эмес. М. Мырзакматов болсо кандуу окуя үчүн жооп берүүнүн ордуна бет тырмачылык кылып, Убактылуу Өкмөткө дооматын артып жүрөт.

Айбат гезити №61




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru