Айбат » Бакиев-Үсөнов тандеминин сыры…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бакиев-Үсөнов тандеминин сыры…

Бакиев - УсеновӨткөн айдын орто ченинде качкын президенттин иниси Жаныш Бакиев Үрүмчүдө  оппозиция лидерлерине жолугуп, 6 млн. доллар бергени, мындай ири каражат Ош мэрин шайлоодо Мелис Мырзакматов жеңилсе ири митингдерди уюштурууга сарпталары интернет булактарында, айрым басылмаларда кеңири талкууланды. Бул маалымат бекеринен чыкпаганын 15-январда Ошто өткөн митингде байкадык. 10 миңге чукул адам, атчандардын Мырзакматовду колдомуш этип, шаардык имаратка кирүү аракети муну тастыктап турат. Камчыбек Ташиевдин таз кейпин кийип калуудан чочулаган Мелис Жоошбаевичтин “төңкөрүш” жасоого духу жетпей, митингчилерди таркатууга аргасыз болду.

“Жел жүрбөсө терек башы термелбейт” макалынын далилденгенин карабайсыңбы. Курманбек Бакиевдин оң колу, Кыргызстанды сызга отургузуунун мастери Данияр Үсөнов оппозиция лидерлерине финансылык колдоо көрсөтүп турары айтылып жүргөн. Ал эми “Азия-Ньюс” гезити кечээги санында Д.Үсөнов Үрүмчү шаарынан жубайы Динара Исаевага жолукканын, анда оппозицияга көмөк көрсөтүү маселесин кеңешкенин жазды. Жаныш Бакиев менен Данияр Үсөновдун Үрүмчүдө жүрүп, оппозицияга жардам бергени жөн гана кокустук болбосо керек? Балким экөө тандемдешип, азыркы бийликтен өч алууну ойлоп жүргөндүр? Ошондуктан тийиштүү органдар бул маалыматты териштириши керек. Ал эми карапайым калк алдыдагы митингдердин башкы уюштуруучулары ким экенин билип жүргөнү оң. Себеби биз үчүн пикет-митингдерден мурда Кыргызстаныбыздын келечеги маанилүү эмеспи…

Айбат гезити №61



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru