Айбат » Мырзакматовдун жеңилгенин – Жаныш Бакиевдин жеңилгени деп билели

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Мырзакматовдун жеңилгенин – Жаныш Бакиевдин жеңилгени деп билели

Жаныш БакиевКоомчулукта эң оболу кооптонууну жараткан шаар мэрлерин шайлоо да болуп өттү. Бишкек шаарында мэрликке жалгыз талапкер болгондуктанбы, же Адахан Мадумаров айтмакчы, саясый маданияттын өсүшүнөнбү – Кубанычбек Кулматов эч кандай тоскоолдуктарсыз, тынч маанайда мэр болуп шайланды.

Ал эми негизги кооптонууну жараткан Ош шаар мэрин шайлоодо экс-мэр Мелисбек Мырзакматов өзү сатып алган телеканал аркылуу жар салгандай, шайлоо күнү аянтка элди чогултуп, шаар кеңештин депутаттарына басым жасоого аракеттенди. Бирок мындай коркутуу аракетинен эч майнап чыкпай, жада калса өз партиясынан эки кишиси ага каршы добуш берип, Мырзакматов жеңилди.

Толкуп турган элдин сүрүнөн мурда өзүнүн тагдыры эмне болуп кетет деп корккон Мырзакматов, бир күн мурда өзү ташып келип, шаардын мейманкана, батирлерине жайгаштырган элди таркатууга шашкалактады. Экс-мэрди бул жагынан түшүнсө болот – мыйзамсыз иш-аракеттер болуп кетсе, буга жалгыз Мырзакматов керт башы менен өзү жооп бермек.

Ал эми шаарды аралаган кептерге кулак түрсөк, эл арасында Мырзакматовдун “кошелегу” болуп берчү Жаныш Бакиевден акча келбей калыптыр, деген сөздөрдү уктук. Канчалык аны танбасын, Жаныш менен Мелистин байланышы айдан ачык. Мырзакматовдун колдоосу менен түштүк аркылуу Тажикстанга кетүүчү Жаныштын баңги трафиги күнү бүгүнкүгө чейин аракетте деген кептер чынбы? Мелис аркылуу Жаныш Ошто өз кызыкчылыгындагы иштерди жүргүзгөнү да белгилүү. Ошондуктан, Мырзакматовдун жеңилгенин – Жаныш Бакиевдин жеңилгени деп билели.

Албетте, Бакиевдердин айдактоосу менен Мелис жана башка “оппозиционер” имиштер дагы деле реванш алууга аракет кылышат. Бирок эми мыйзамдуулук жолуна түшүп, мыйзамды сыйлап баштаган, өзгөрө баштаган эл мындай реваншисттик аракеттерге каршы бекем туруштук берет деп ишенебиз.

Айбат гезити №61




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru