Айбат » Муфтиятта ири коррупциялык схема бар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Муфтиятта ири коррупциялык схема бар

МечитМуфтиятта ири коррупциялык схема бар, ошондуктан муфтиятта чоң кызматка отурууга баары аракет кылышат, деди «Акылман Аксакалдар Кеңеши» коомдук бирикмесинин төрагасы Жыпарбек ажы Тойчубеков маалымат жыйында. Анын айтымында, ал схема «ажылыкты уюштуруу». «Бул жерде чоң акчалар айланат. «убактылуу муфтий» Максат Токтомушев, Малайзиянын тажрыйбасына салып баарын жайгаштырам деп жатат. Бирок азыркы Уламалар кеңеши эртеңки күнү да Токтомушевди Эгембердиевдей кылат», – деди ал. Өз кезегинде «Акылман Аксакалдар Кеңеши» коомдук бирикмесинин жалпы Кыргызстан боюнча төрагасы Жеңишбек ажы Токтогулов билдиргендей, Уламалар кеңешинде чет жактан окуп келгендер отурушат. «Аравиядан бүтүп келгендери араб, Түркиядан бүтүп келгендери түрк болуп калышат экен. Алар кыргыздын каада-салтын унутуп калышкан. Алар улам келген муфтийлер менен «ойношуп» каалаган ишин кылып отура беришет. КМДБнын башкы бийлиги Мусулмандардын курултайы. Муфтийди кызматтан алып, кызматтан бошоткон ошол», – деди ал. «М.Токтомушевдин артында кимдер турушу мүмкүн?» деген суроого, ажы, «Ал, «мени өкмөт колдоп жаткандан кийин мен бул ишти аткарышым керек», деп айтып жатат», – деп жооп берди. Ал эми экс-муфтий катышкан чырдуу тасма тууралуу, Жыпарбек ажы Тойчубеков, «Ким муфтийдин ордун алгысы келсе ошолордун кылган иши», деди кыскача.

Айбат гезити №61



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru