Айбат » “Атажуртчулар” менен “республикачылар” неге коррупция менен күрөшүүгө каршы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » “Атажуртчулар” менен “республикачылар” неге коррупция менен күрөшүүгө каршы?

коррупцияМамлекетибиздин өнүгүү жолуна таштаган кадамына коко тикен болуп сайылып, ташыркатып жаткан башкы себеп – гүлдөгөн коррупция экендиги талашсыз. Туңгуч ажо Акаев менен «манты сүйөөр» Бакиевдин доорунда деле «коррупция менен күрөшөбүз» деген ураандар айтылганы менен эч кандай натыйжа болгон эмес. Калп эле элдин көзүнө коррупция менен күрөшүп аткандай түр көрсөтүү үчүн майда-чүйдө «чабак» коррупционерлерди кармагандары менен алардын анабашыда туруп, коррупциянын тамырын кургатпай суу куюп турган үлкөн чиновниктерге колдору жеткен эмес. Анын кесепети элге гана тийип, бир ууч үлкөн чиновниктер өздөрүнө олигархтардын шартын түзүп алгандары маалым.

Мына ушул коррупциянын тамырына балта чабуу, чаташып кеткен бутактарын кыюу максатында учурдагы бийлик өткөн жылдан тарта коррупцияга каршы айыгышкан күрөштү баштаган. Анын алгачкы жемиштери жалпы коомчулукка белгилүү. Мурдагыдай майда-чүйдө «чабактар» эмес, «киттер» торго түшө баштады. Мындай кадам мамлекеттик кызматты жеке кызыкчылыгын ишке ашыруунун куралына айлантып алган саясатчыларды күдүк ойлорго салып, кандай жол менен болсо дагы эптеп ал торго кабылбоонун далалатын жасап жатышат.

Маселен, учурдун чоң көйгөйлөрүнүн бири «Кумтөр» маселеси боюнча да Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбеген келишимдерди түзүүгө эбегейсиз салым кошкондор бүгүн күнөөнү бири-бирине оодаруу менен алек. Баса, дал ушул маселе боюнча мамлекетибиздин кызыкчылыгына таптакыр каршы келген келишим 2003-2004 -жылы түзүлгөн келишим болгондугун билебиз. Эсептей келгенде андан бери туура он жыл убакыт өтүптүр.

Демек, бул коррупциялык схемага катыштыгы барлар учурда алакандарын бири-бирине койгулап, күн санап отурган кербездери. Айрымдары алда-неден чочулап учурда ден-соолугуна шылтоолоп чет өлкөлөрдө да жүрүшөт. Анткени КР мыйзамы боюнча коррупциялык иштер 10 жылдан кийин каралбайт экен. Тактап айтканда бүгүн мамлекетке зыян келтирген жетекчи 10 жылдан кийин айрандай аппак болуп чыга келет. Эч ким ага тийише албайт. Бирок, карапайым элдин жашоосун итке мингизип, өздөрү «жипке» мингендер жоопкерчилик тартпай калса, анда элибиздин нааразы болору турган иш.

Анан дагы кийинки мамлекеттик кызматка келгендер да мурункулардын жолоюна түшүп, миллиондорду өз чөнтөктөрүнө солоп коюп, анан 10 жылдын өтүшүн күтүп жүрө бербейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мына ушундай көрүнүштүн тизгинин кагуу үчүн ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев КР мыйзамынын кылмыш жана жаза кодексинин «пара корчулук, «мамлекетке чыккынчылык кылуу» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелеринде кылмыштын эскирүү мөөнөтүн алып салуу тууралуу мыйзам долбоорун жазып ЖКга сунуштаган эле. Тилекке каршы бул мыйзам долбоорун ошол күнү отурумга катышкан 99 депутаттын 55и колдобой койду. Мына ушул 55 эрендин аты-жөндөрүн карасак, арасында бирин-экин «арнамысчылдарды» кошпогондо жалаң «Ата-Журт» менен «Республика» фракциясынын депутаттары каршы болгондугун билдик.

Буга эмне себеп болушу мүмкүн? Өтө кызык суроо. Эмнеге түп көтөрүлө коррупциялык кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн алып салууга каршы болушууда? Себеби, эң эле жөнөкөй. Биринчиден, буга чейин ЖК депутаттарынан Исхак Пирматов, Нариман Түлеев, Акматбек Келдибеков, Курманбек Осмонов өңдүү үлкөн чиновниктерге кылмыш иштери козголгон. Алардын ичинен Курманбек Осмоновдун 2003-жылдагы «Кумтөр» келишимине олуттуу салымы бар экендигин билебиз. Мына ушул келишимдин негизинде ага кылмыш иши ачылары менен оорубай жүргөн Курманбек мырза «ооруп» калып, азыр чет өлкөдө бул мыйзамдын тагдыры кандай болорун карап турат. Мына ушул өңдүү партиялаштарын, санаалаштарын кылмыш жоопкерчилигинен куткарып кетүү максаты «Ата-Журт» менен «Республика» фракцияларынын башкы максаты болуп жатканын түшүнбөй коюуга мүмкүн эмес.

Экинчиден, аталган фракцияларда мурда-кийин мамлекеттик үлкөн кызматтарда иштеген дагы бир топ өкүлдөр бар. Эгерде Текебаев сунуштаган бул мыйзам долбоору иш жүзүнө ашып кетсе, анда эле өздөрүнүн орду парламентте болбой калышын жакшы түшүнүшүүдө.

Бул дагы алардын мыйзам долбооруна каршы добуш берүүсүнө себеп болуп отурат. Калп эле эл алдында тазалык, акыйкаттык тууралуу «жөө жомок» айтуунун ордуна ушундай маанилүү мыйзам долбоорун колдоого алышса, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошушкан болот эле. Бирок, булар канчалык өздөрүнүн партиялаштарын, өздөрүнүн эски былыктарын жаап-жашырып, акталып чыгууга аракет кылышпасын, эл азыр бардыгын өзү таразалайт. Мыйзам алдында жооп бергилери келбесе, эл өзү аларды саясый аренадан сүрүп коёру айкын иш.

Айбат гезити №61




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru