Айбат » Ташболот Балтабаев: “Коңшу мамлекетти «вальска» тартыш керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Ташболот Балтабаев: “Коңшу мамлекетти «вальска» тартыш керек”

Балтабаев Ташболот- Эгемендик алган жылдардан бери карай эле чек ара көйгөйү чыгып келет. Бул көйгөйгө качан чекит коюлат?

– Бул өтө оор маселе болуп турат. Биз ар бир кадам сайын алдыга жылышыбыз керек. Бирок, азыркы тапта бул чек ара маселесине баланча күнү чекит коюлат деп эч ким кепилдик бере албайт. Анткени образ менен айтканда вальс бийин эки киши бийлейт. Жалгыз киши вальс бийлей албайт. Ошол сыяктуу эле коңшу мамлекет биз менен вальс бийлегиси келбей жатат. Анткени алардын кызыкчылыгына туура келбей турган жагдайлар бар. Жыйырма жылдан бери ушул чек ара маселесинде эч кандай жылыш жок. Андыктан мен бүгүн парламенте чек ара маселеси боюнча иш алып бара турган туруктуу парламенттик комиссия түзүү сунушун киргиздим. Бүгүнкү күндө деле чек ара маселеси боюнча түзүлгөн үч комиссия бар. Ал эми мен сунуштаган комиссия ушул үч комиссияны мониторинг кылып тура турган орган болушу керек. Бул биринчиден. Экинчи маселе биз дагы деле мурдагыдай өкмөт түзгөн комиссия менен барып алар (коңшу мамлекеттер) макул болбой жатат деп кайра келип атабыз. Башкача атйканда сокур менен дүлөй сүйлөшкөндөй эле болууда. Ал эми чек ара аймагына жакын жайгашкан жерлерде эл тынч уктай албай калды. Эл азыр булл көйгөйдү чечип берүүнү сурап жатат. Маселе курч деңгээлге келип жетти. Андыктан муну чечүүнү жолун табыш керек. ОДКБ, ШОС, ООН дегендер бар. Убагында кабыл алынган документтер бар. Ошолорду көтөрүп чыгыш керек. Тажик тарап болсо 1928-жылкы документтерди эле көтөрүп чыга калышат. Башкача айтканда өздөрүнө ылайыктуу документтерди көтөрүп чыгышат. Биз дагы жөн жатпай эми тиешелүү документтерди алып чыгып, бул маселени чечишибиз керек. Бирок тез арада эле чечилип калышы кыйын.

- Эгер тез арада чечилбесе, анда ал аймактардагы көйгөй дагы деле улана берет экен да?

– Туура, биз булл маселеге бүгүн-эртең эле чекит кое албайбыз. Ошондуктан убактылуу эрежелерди токтоосуз иштеп чыгуу керек. Коңшу мамлекет да буга кызыкдар.

- Балким ошол чек ара аймагында жашаган жарандардын социалдык маселелерине көбүрөөк көңүл буруу керектир?

– Туура, мен да ошону айтып жатам. Биз бул боюнча буга чейин эле мыйзамдарды кабыл алганбыз. Бирок, тилекке каршы аткарылбай келет. Чек арага жакын аймакта жашагандардын экономикалык, соуциалдык абалдарын жакшыртуу керек. Ошол аймакта жашоонун кызыкчылыгы болушу керек. Болбосо жашоонун айынан ал жерлерден көчүп кете беришет. Ал эми эл жок жерде чек араны Армия да коргой албайт.

- Сиз жогоруда коңшу мамлекет биз менен вальс бийлегиси келбей жатат деп айттыңыз. Вальс бийлетүүнүн жолдору барбы?

– Анын жолдору көп. Анткени ар бир мамлекеттин өзүнүн артыкчылыктары бар. Маселен Өзбекстандын газы бар. Ал аны колдонуп жатат. Ошол эле сыяктуу бизде суу бар. Бирок, аны колдонуп жатабызбы? Жок. Тажикстандын социалдык-экономикалык жашоосу Кыргызстан аркылуу гана жүрөт. Биз ушул артыкчылыгыбызды колдонуп жатабызбы? Жок. Андыктан кайсы бир маселени чечүүгө эмне жардам бере турган болсо, ошонун баарын колдонуш керек. Болбосо коңшу мамлекет буга чейин таяк кармап уруш чыгарса, эми артиллериялык куралдар менен ата баштады. Мындайга жол бербеш керек.

Айбат гезити №61



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru