Айбат » Дамира Ниязалиева: “Чек ара маселеси боюнча жерибиздин, элибиздин тынчтыгын, кызыкчылыктарын коргоону карадык”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Дамира Ниязалиева: “Чек ара маселеси боюнча жерибиздин, элибиздин тынчтыгын, кызыкчылыктарын коргоону карадык”

Ниязалиева Дамира-  Кечээ ЖКда жабык эшик артында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда болуп өткөн окуя боюнча талкуу кылдыңыздар. Кандай чечимге келдиңиздер?

– Жабык эшик артында өткөрүлгөн жыйындын жыйынтыгында атайын токтом кабыл алынды. Анда өзүбүздүн жерибиздин, элибиздин тынчтыгын коргоо, кызыкчылыктарын коргоо каралды. Ошону менен катар эле эл аралык келишимдерди бузбоо, ошонун негизинде иш алып баруу керек экендиги айтылды. Жалпы жонунан ушул өңдүү чек ара көйгөйлөрү болтурбоо, аны чечүүнүн жолдорун табу каралды. Бул жыйын жабык эшик артында өткөндүктөн анда каралган маселелердин бардыгын ачык айтканда бир аз туура болбой калат.

- Буга чейинки маалыматтар боюнча тажик тарап болуп өткөн окуяга кыргыз чек арачыларын күнелеп келишкен. Чынында күнөө кимде экен?

– Болгон окуяга кимдин күнөөлүү экендигин аныктоо үчүн биргелешкен комиссия түзүлүп иликтөөгө алат. Ошондон кийин конкреттүү маалымат айтылат.

- Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесине жакынкы убактарда чекит коюлабы?

– Жакынкы убактарда болбосо да, бул маселеге чекит коюлат деп ойлойм. Бул маселе боюнча дагы тиешелүү органдарга сунуш айтылды.

Айбат гезити №61




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru