Айбат » Шашылыш эл аралык Саммит чакыруу керек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Шашылыш эл аралык Саммит чакыруу керек

Ак-Сай ВорухӨткөн 2013 жылдын апрель айында Кыргызстан-Тажикстан чек арасында башталган жаңжалдар улам курчуп отуруп 2014-жылдын 11-январында эки тараптын чек арачыларынын ок атышуулары менен, октон жарат алуулары менен аяктап азырынча тынчыгансып турат. Ошол күнү Тажикстандын чек арачылары бир эле автомат колдонушпастан  миномёт, гранатомет колдонушкан. Бул окуя башталаардан бир канча саат мурда “Ворух” анклавынан тажик жарандарынан балдары, аялдары чыгарылып кеткен экен. Демек, кандуу бул акция атайлап мурдатан атайлап болжолдонгон-деген ойду жаратат. “Тажик чек арачылары эмоцияга алдырып жиберишип ок чыгарышкан” -деп айтууга болбой турган соң башка версияларды кароо зарылдыгы келип чыгышы табигый нерсе. Эмне үчүн мындай болушу мүмкүн? Мына ушул суроого жооп берели.

Кыргызстан тарап тажиктер жашаган “Ворух” анклавынан кыргыздар жашаган айылдарга айланып өтүүчү “Ак-сай-Тандык” жол каттамын салып жатышат. Демек салынып жаткан жол “Ворух” анклавындагы тажик этносун Тажикстандын Исфана шаары менен катташуу үчүн кесип таштайт. Авторитардык Тажик бийлиги ушуга ичтери тырышып жаткан болсо керек.

Дагы башка версия мындай. Ооганстанда быйыл НАТОнун негизги куралдуу күчтөрү чыгарылаары белгилүү. дал ушул учурду Ооганстандагы, Тажикстандагы баңгизатты жүгүртүүнү өз көзөмөлүнө алууну эңсешкен  кландык топтордун ортолорунда айыгышкан күрөш жүрөт. Ал эми Ооганстанда орто эсепте 8 млн. Тажиктер жашашат. Булардын 1 млн. жакыны 1992-1997 -жылдардагы Тажикстандагы жарандык согуш учурунда баш паанек издеп кеткендер. “Ворух” анклавы “баңгизат королдору” үчүн эң ыңгайлуу база болуп бермек. Азыр деле Кыргызстан менен чектеш тажик айылдары баңгизаттардын уюгу. Анын ичинде “Ворух” анклавында жайгашкан айылы да бар. Ооганстандын бийлигинде, оппозициясында таасирдүү тажик улутундагылар арбын. Мына ушулар Тажикстандын бийлигине таасир этишип, тукурууну уюштуруп жатышы мүмкүн.

Кыргызстан-Тажикстан чек арадагы жаңжалдар мындан ары да токтобойт. Ушундай абалдарды эске алуу менен шашылыш түрдө ЖККУнун (ОДКБ) саммитин чакыруу зарыл нерсе. Бул уставы боюнча уюмга кирген мамлекеттердин ортосундагы куралдуу жаңжалдар чыкса, ага кийлигишүүгө ЖККУнун ыйгарым укугу бар.

Кыргызстандын бийлиги чече турган дагы бир маселе. Акыркы жылдары Баткен областында жүз жылдап жашап келишкен жарандар  Россия, Казакстан жана башка мамлекеттерди эске албаганда Чүй бооруна, Бишкек шаарына эбегейсиз агылып келишүүдө. Бийлик Баткен тараптагы ички миграциянын токтотуу чараларын колго алыш керек. Тажикстан тарап Баткен областындагы бул маселени жакшы билишет. Кыргыздын “жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат!” -деген макалында айтылгандай Баткен ээн калып, коңшу эл дөбөгө чыгып жатканын кайда катабыз? Эл жыш жашаган жер дайым коопсуздукту сактап турат.

Айбат гезити №61




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru