Айбат » Улукбек Кочкоров: “Тажик тарап дагы бул иштин создуктурбай эртерээк чечилүүсүнө кызыктар”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Улукбек Кочкоров: “Тажик тарап дагы бул иштин создуктурбай эртерээк чечилүүсүнө кызыктар”

- Улукбек мырза, Тажик-Кыргыз чек арасы Кыргызстан эгмендикке жеткенден бери чечилбей келе атат. Жакында дагы эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Бирок, ага карабастан дагы деле талаштар токтой элек. Бул маселе качан, канткенде чечилет?

– Делимитация, деморкация иштери бүтмөйүнчө бул чыр токтобойт. Бул жер Кыргызстандыкы, бул жер Тажикстандыкы деп ортосуна зым тартып коймоюнча улана бере турчу чыр. Делимитация, деморкация иштери болбой жатат деген маселе турат. Мына 8 жылдан бери Тажикстан тарап менен бир метр жерди дагы аныктаган жокпуз. Себеби, Тажик тарап Кыргызстан жакка кирип эле, чоюп эле келе жатат. Анткени, алар чек арадагы болуп жаткан абал боюнча жакшы мониторинг жүргүзүп келүүдө. Жыл өткөн сайын, ай өткөн сайын ошол жергиликтүү тургундардын сырт жакка жана Чүй тарапка агылып келип жатканын көрүп жатат да. Анан булар ушундай темп менен жергиликтүү тургундардын ар кайсы жакка көчүп кетсе, кайсы бир убакта жерлер бошоп, бардыгын ээлеп калабыз деген ниеттери болушу мүмкүн.

- Жабык эшик артында чек араны жабуу боюнча токтом кабыл алдыңыздар. Мунун сыры эмнеде?

– Анын сыры эл бүгүнкү күнү ушунчалык кыжырланып турат. Анткени, тажик тарап биз аркылуу башка мамлекеттерге чыгуу жараяны мезгилинде ар кандай чыр-чатак, кагылышууларга жол берилип калышы коркунучу бар. Биз дагы ушул жабык эшик артындагы талкууда делимитация, деморкация иштери бүтмөйүнчө чек араны ачпоону туура деп таптык. Унаа каттамдарнын сырткары өтө турчу аба каттамдарын дагы толугу менен токтотуу токтому болду.  Себеби, эл арасында тажик тарап аткылап, ар кандай кагылышууларга алып келип жатса, чек арабыз аркылуу жүктөрүн алып өтөт деген суроо туулуп, ар кандай түшүнбөстүктөргө кептеп, мындан дагы башка иштер болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан ушундай конфликтердин алдын-ала ушундай кадамдарга барып жатабыз.

- КР вице-премьер министри Токон Мамытов Тажикстан тарап менен болгон сүйлөшүү маалында Баткен облусунда курулуп жаткан айланма жолдун токтотуусуна макулдугун бериптир деген маалыматтар айтылып кетти. Жабык эшик артында болгон жыйында бул маселе козголдубу?

– Козголду. Ал Токон Мамытов андай маалыматтарга ишенбегиле, колумда протокол турат, керек болсо ал жөнүндө эч кандай сөз дагы болгон эмес. Бул курулуп жаткан жол биздин аймакка тиешелүү, жолдун курулушун токтотпойбуз деди. Сиз айткандай маалыматтар кеткен.

- Делимитация, деморкация иштерин кыргыз тарап каалап, тажик тарап каалабай койсо чечилүүсү узарып кете бериши мүмкүнбү?

– Комплекстүү карай турган маселелер бар. Ошолорду карай турган болсок, тажик тарап дагы бул иштин создуктурбай эртерээк чечилүүсүнө кызыктар.

- Азыркы маалда чек ара жабылдыбы?

– Ооба, жабык. Учактар учуп атыптыр, аларды токтоткула деп атабыз.

- Ар кандай деңгээлде ок атышуулар болуп келе жатат. Жакында дагы ок атышуулар болуп, Кыргызстан тарапка кол салуулар болду. Буга мыйзамдуу түрдө баа берилиши керекпи?

– Албетте, берилиши керек. Күнөөлү адамдар сөзсүз күнөөсүн алышы керек. Тилекке каршы биз тараптан дагы коңшу тараптан дагы эч кандай жоопкерчиликке тартылбагандыктан кол салуулардын аягы тыйылбай келет. Мисалы, былтыр дагы үйүндө тынч отурган 16 жараныбызды барымтага алып кетти.  Кадамжай районуна кирип келип курал-жарактар менен келип аткылап өлтүрүп кетип жатат. Кечээ жакында пушка менен келип аткылап жаткандыгы акылга сыйбаган көрүнүш болууда. Биз тараптан ушундай мүмкүнчүлүк берип карабай, шалаакылык менен тиешелүү чараларды көрбөй жаткандар дагы ушуга жооп бериши керек. Тажик тараптан дагы мындай провакациялык иштерди кимдер тараптан көрүлуп жатканын чогуу аныктап, алар дагы жоопко тартылышы керек.

- Эмне себептен ушул кезге чейин жоопко тартылбай келе жатат деп ойлойсуз?

– Улам комиссия түзүп, ал комиссиялардын жыйынтыктары чыкпай калып атат. Эч кандай натыйжа жок. Комиссия түзмөй өнөкөт болуп калган. Комиссиялардын жыйынтыгын, жоопкерчилигин карабай калдык. Биз эгерде туура эмес иштерди жасагандарды  жоопкерчиликке тартпасак, ал иш кайрадан уланып, кайталана берет. Кыргызстанда мыйзамсыз жана жоопкерчиликсиз иштерди жасап жаткандар жазасын алып, өлкөдө тартип орномоюн ушундай иштер боло берет. Президент дагы, премьер дагы чечкиндүү чечимдерди кабыл алып, жакшы кадамдарга барат болушу керек деп ойлойм.

Улукбек КУТМАНБАЕВ

Айбат гезити №61




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru